Мурдагы президент отурган учак  25-июлда кечке жуук Кант авиабазасына келип конду. Эки күн мурда Москва шаарына жол алган Атамбаев маңдайы жарыла кубанып, кыргыз жергесине кайтты. Ал жолунан тосуп чыккан журналисттердин суроолоруна жооп берди. Сөзүнөн орус президентинен "ырайым" алып келгени байкалып, убагында  кубаттуу державанын "ишине" жарап бергенине  сыймыктанаары ачыктала түштү. 

 

Биринчиден, мурдагы президент Путиндин атайын учак жөнөтүп, Москвага алдырганын өзгөчө ырахататтануу менен белгиледи: 

 

"Путин мен үчүн саясатчы гана эмес, ал менин жакын досум. «Келип кет», -  деп чакырып атайын самолёт жөнөттү. Буга чейин да келип кет деп эки-үч жолу суранган эле. Андыктан барбай кое албадым, уят эмеспи". 

 

Мурдагы президент андан ары орус президенти менен эмнелер тууралуу сүйлошкөнүн божурады. 

 

"Ал биздин өлкөнү ойлоп санааркап жатат. Кыргызстандын келечегинен кабатыр алууда. Үчүнчү революция болуп кетеби деп чочулаганын билдирди. Жээнбеков мунун үстүндө эртерээк ойлонушу керек болчу. Каршылаштарына саясий куугунтук жасабай, элдин камын көрүшү керек эле", - деди. 

 

Орус президентинин Кыргызстан үчүн санааркап жатканын айткан мурдагы президент өзүнүн кылыгын ойлоп да койбоду. Башка өлкөнүн башчысы ойлогон мекенин Атамбаев өзү ойлобогонуна абийири тыз этип да койбогонун байкатты. Ал аз күн мурда эле үчүнчү революция турмак, жарандык согушту баштап жиберүүдөн да кайра тартпай, кыргызстандыктардын бирден бир оорулуу чекитине айланган "түндүк-түштүк" темасын мыйзамдан качуудагы башкы курал катары пайдаланбады беле. Кой-Таштагы үйүнө элди чогултуп (кандай ыкма менен - аны баары билет), алардын мээсине Төө-Ашуунун ары жагындагылар менен бери жагындагылардын бийлик талашуусу, куугунтугун сиңирүүгө жанталашкан. 

 

Атамбаев Путиндин кеңешин кулагынын сыртынан кетиргенин да кыйытты. Буга дейре, Владимир Путиндин Атамбаев менен жолугушуусунун жыйынтыгын чыгарган билдирүүсүн маалымат каражаттары жарыяланган. Анда,  орус президенти кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти менен учурдагы президентинин каршылашуусу боюнча  өзүнүн позициясын билдирип, аны Атамбаевге да жеткирүүгө аракет жасаганын айткан. 

 

"Кыргызстандыктарды учурдагы лидердин айланасына биригүүгө чакырам", - деген орус лидери. Ошондой эле, "стратегиялык өнөктөш болгон учурда да, ар бир мамлекеттин ички иши - анын жеке маселеси экенин, кандай чечсе өздөрү билээрин" да кошумчалаган. 

 

Ал эми Атамбаев: "Путин турмак, Трамптын өзү Жээнбековдун айланасына бириккиле деп айтса да, ал ишке ашпайт. Андай убак өткөн", - деп өзү айткандай "жакын досунун" эки күн кыйналып мээсине куйган акылдары жерге сиңип кеткенин ачыктады. 

 

Путиндин "Кыргызстан саясий туруктуулукка муктаж, ансыз да өлкө эки ирет саясий катуу толкундун жетегинде калды. Ошол жетиштүү", - деген көз карашын Атамбаев андан ары "улап", күзүндө митинг өткөрөөрүн жар салды. 

 

"Күзүндө биз парламенттин отставкасын талап кылабыз. А Жээнбековдун отставкасын талап кылуу, же токтото турууну азырынча чече элекпиз". - деди мурдагы президент жыландын башын кылтыйтып. 

 

Кыргызстанга орус лидериникиндей да боор толгоосу жок, бир гана өз кызыкчылыгын ойлогон мурдагы президент кандай жол менен болбосун Жээнбековдун шаштысын кетирүүнү башкы максат кылганы билинди. Анын оюнда азыр эл, жер, мекен, абийир, милдет деген сезимдер эмес, бир гана өч, кек, жек көрүү  толуп калгандай. 

 

Андан ары Атамбаев үй-бүлөсү менен Кыргызстанда калаарын, эч кайда кетпестигин баса белгиледи. Ал эми ИИМдин сурагына дагы да болсо барбайт экен. Атамбаев Путинге жолукса эле тартиптүү болуп чыга келчүдөй сезген ИИМ анын Москвадан келээри менен суракка өзү жетип бараарына үмүт артып жаткан ИИМдин иши татаалдашты. Мурдагы президент дагы деле адамдардан өзүнө чеп куруп, Кой-Ташта жашынып жата берээрин билгизди. 

 

Кыскасы, Путиндин аракети бир пайыз да максатына жетпегени белгилүү болду. Кыргызстандын шоруна жаралган "Телибай тентеги" дагы деле акылына келбептир. Орус президенти атайын учак жиберип, Москвага чакыртканын сыймык катары көрүп, жайдаңдаганы менен мээси баягыдай эле бөксө, кеги кетпей, өчү толбой кайтканы билинип турду.