Жарым жылга чукул текшерүүдөн кийин Матраимовдун жана анын жакындарына тийиштүү мүлктөн 24 миллион 275 миң сом салык катары өндүрүлгөнүн Финполиция жарыялады. Ошондой эле ага тийиштүү чет мамлекеттеги мүлктөр дагы иликтенип жатканын айтышты. Финполициянын бул жыйынтыгы Матраимовдордо маселе бар экенин ачыктадыбы?
Бул суроо менен биз саясий серепчи Бакыт Бакетаевге кайрылдык.
-Финполиция Матраимовдордун айрым фирмалары салык төлөбөгөнүн аныктаган маалымат таратты. Эми алар сотко бериши керек. Сот бүдөмүк болуп калбаш үчүн ачык өтүшү керек. Сотто далилдер Өмүрбек Текебаев же Садыр Жапаровдукундай бүдөмүк болуп калбашы керек. Анткени, сот бүдөмүк жыйынтык чыгарса, Матраимовдор саясий куугунтук болуп жатат деп чыгышат. Текебаев менен Салянованын байлыктары чет мамлекетте экен деген жалган маалыматтай болбой сот бардык далилдерди эске алышы керек.
Чынында Кыргызстанда Раим Миллионго окшогон миллионерлер жүздөп саналат. Өкүнүчтүүсү, баарынын эле элине жарыгы тийе бербейт. Алар тапкан каражаттарын балдарына сарпташат. Сабырбек Жумабековдун айтканына таянсак, Раимбек Матраимов үч жылдан бери шарты оор, операция жасатууга мүмкүнчүлүгү жокторго жардам берип жатыптыр. Ошондой эле жер-жерлерде спорт залдарды, жол, мектеп куруп жатканын айтышат. Жогоруда айткан сотто Раимбек Матраимовдун ушундай эрдиктери да эске алынышы керек деп ойлойм, - деди Бакыт Бакетаев.