Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө тергөө тобун жетектеп барганда кызматтык ыйгарым укугун ашкере пайдаланды. Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесарев билдирди. 

 

Айтымында, Мирлан Каниметов эмнеге келгени белгисиз. Укук коргоо кызматтарынын кызматкерлеринин Кой-Ташка барып, Алмазбек Атамбаевди суракка алууга укуктары жок. 

 

 

"Мени эч ким чакырган жок. Мирлан Каниметов болсо өкүлдөр чакырылган, бирок ал келбеди деп жатат мен жөнүндө. Расмий билдирем, андай эмес. Мен тергөө тобунун жетекчилиги менен жолугуп, Атамбаевди суракка алууга мүмкүн эместигин түшүндүргөм. Анын кол тийбестиги бар. А парламенттин аны кол тийбестик макамынан ажыратуу тууралуу токтому мыйзамсыз. Анын үстүнө анда иммунитетти алып салуу тууралуу сөз болгон эмес", - дейт адвокат. 

 

Ал акырында тергөөчүлөр Атамбаевдин резиденциясынын аймагына кирүүгө укуксуз экенин белгиледи.