Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти.

 

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, расмий делегация курамы:

 

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков;

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

 

Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Данияр Мукашев;

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров;

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исмаилова;

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков;

 

Кыргыз Республикасынын экономика министри Санжар Муканбетов;

 

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева;

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.