Кечээ, 7-июлда Бишкекте өткөн Европа Биримдиги – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунда бул маселе көтөрүлдү. Жыйынга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышты жана КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин төрагалыгы астында өттү.
Жыйындын жүрүшүндө 2019-жылдын 17-июнунда Евробиримдик тарабынан жактырылган Борбордук Азия боюнча Евробиримдиктин жаңы Стратегиясы сунушталды.
Тараптар Евробиримдиктин аймактык жаңы Стратегиясын мындан ары ишке ашыруунун, аны конкреттүү программалар жана демилгелер менен толуктоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, кыргыз тарап Евробиримдик менен аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын натыйжалуу механизми боло ала турган Евробиримдик – Борбордук Азия I экономикалык форумун өткөрүү демилгеси менен чыкты. Бул демилгени форумдун жана Евробиримдик – Борбордук Азия жолугушуусунун бардык катышуучулары колдошту. Кыргыз тарабы I экономикалык форумду 2020-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү пландаштырууда.
Ошондой эле тараптар Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча Евробиримдик менен биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.