“Учурда интеллигенция өкүлдөрү менен аттуу-баштуу аксакалдар “Жээнбеков менен Атамбаевди элдештириши керек” деп былжырагандардын кебинде логика барбы эй, жолуң болгурлар? АША азыр өз чыласына өзү оонаган чочкодон эмне айырмасы калды?! Адам сыягынан айрылган АША менен Сокени элдештирип койсоңор эле баары өз ордуна келип калмак беле? Экөөнүн андай ынтымагынын элге эмне кереги бар? Биз ушундай "наивный", ушунчалык дөдөй сунуштарга көңүл бурган бечара калк болдукпу?! Кезинде АШАңар өз алабармандыгы менен кандай гана жийиркеничтүү саясат жүргүзгөн жок - ушуну түшүнүүгө ашынган деле акылдын кереги жок ко.


Ал өз жаназасын өзүнө окуп, саясий труп болуп калгандан кийин да тирилтип алгыңар барбы?! Анда азыр түрмөгө камалбай калыштын бир гана жолу калды: эми ал Кой-Таштагы "партизандарынын" колунан эч нерсе келбей калгандан кийин "дуракка сот жок" деген шылтоону бетине карманбаса болду... Себеби жазуучулар арасында “Атамбаевдин колунда психикалык оорусу бар” деген справка тээ илгери эле болгон. Айтты-койду дээрсиңер, АШАны абактан сактап кала турган ошол справкасы эле калды окшойт колунда”,- деп жазды Олжобай Шакир.