Экс-депутат, акыркы күндөрү Атамбаевдин командасына кошулуп, А.Атамбаевдин калтасын кагып келе жатканы айтылган Равшан Жээнбеков басылмалардын бирине маек берип, азыркы “спонсорун” катуу сынга алыптыр.

 

Чамасы Атамбаев акча бергенди бир аз токтотсо керек. Р.Жээнбеков анда Атамбаевдин күнөөсү ачыкталса, ага коюлган айыптар аныкталса бийликке баш ийүү керектигин айткан. “Эгерде Атамбаевге коррупцияга байланышкан деген күнөө коюлса, бийлик анын күнөөсүн так, бекем далилдер менен тактай алса, баарыбыз ага баш ийишибиз керек” — дейт ал.

 

Ошондой эле Равшан Жээнбеков Атамбаевдин күнөөсү далилденсе, сот жообуна тартылышы керектигин белгилеген. “Баары ачык түрдө далилденсе Атамбаев сөзсүз түрдө сот жообуна тартылышы керек. Ал үчүн бекем фактылар зарыл”, — дейт ал.

 

Атамбаевдин күнөөсүн далилдеген бекем фактылар четинен чыгып жатат. Болгону териштирүү иштери Атамбаевге жете электей. Дача СУ кырсыгы, Батукаевдин боштолушу, Бишкек ЖЭБинен 111 млн. доллардын уурдалышы сыяктуу коррупциялык иштер сөзсүз Атамбаевге барып такалат.

 

"Чалкан"