ӨКМӨТтүн экономиканы көтөрүп, элди бага аларына ишенсе болобу?
- Премьер-министрдин экономиканы көтөрүү боюнча дымактуу пландары ишке ашабы же көп убададай болуп, кагаз жүзүндө гана калабы?
- Өкмөт башчысы М.Абылгазиевге дагы иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Мурда бир жылда бир премьер алмаштырып, атүгүл, 8 айда алмаштырып эмне пайда болду? Эч нерсе! КР экономикасын көтөрүү үчүн М.Абылгазиев дагы иштеши керек. Себеби, бир мамлекеттин ишин билиш керек, ошого карата багыт алыш керек, анан чечим кабыл алыш керек. Мамлекет эмес айыл өкмөтүндөгү маселени бир жылда жолго коюу татаал иш. М.Абылгазиев баштаган ишти, долбоорлорду акырына чыыгыш керек. Мисалы мамлекеттик органдардын ишиндеги бирдиктүү маалымат "Түндүк" долбоорун ишке ашырып, акырына чыгышы керек. Эң негизги маселе ушул. Дагы инвестициялык долбоорлор бар, мисалы Россия менен, ошолорду жолго коюшу керек. Менин оюмда М.Абылгазиев көп жыл мамлекеттик органдарда иштеп, эч бир коррупцияга аралашпаганы ынандырат. Өкмөт башчысы таза болсо, башкалар да ири коррупцияга баруудан чочушат. Эми Өкмөттүн курамында чала кайым жетекчилерди алмаштырыш керек М.Абылгазиев. Мисалы Билим, илим министрин. Ушундайлар өкмөттө арбын эле. Бирок, кептин баары Жогорку Кеңештин өкмөттүн курамын түзгөн коалицияда болуп жатпайбы.
Булак: “Майдан. kg” гезити