Утулган урушка тойбойт дегендей, учурунда төбөл, азыр алыста калгандар эл тынчтыгын бузуп,  өз мүдөөсүн, тилегин орундатуу үчүн ар кыл ыкмаларды колдонуп келет.

 

Айтканыбыз, учурунда АШАга каршы аттанып, азыр болсо аны колдоого алган, кечээ гана жүзү бузук, улуттун ар намысы менен ариетине шек келтирген ЛГБТ дегендерди колдоого алып чыккан Равшан Жээнбековдун кылыгы элдин кыжырын кайнатып келет.

 

Колдоого алып дегенибиз да жок жерден эмес. Себеби дал ушул кишинин Атамбаевге жардам берип, аны колдош керек деген сөздөрүн өз оозунан уккандар арбын эле. Анан да, кайсыл бир маалымат булагына ал ушул сөзүн тастыктап, маек да берип жиберген. Демек, Жээнбеков Равшандын аракеттери жеке гана батыштан эмес, көрсө чыгаштан дагы, “Форум” тарабынан каржыланып жатат деген кептер айың эмес экен да.

 

Ажобуз Жээнбековдун алган саясатын, кыргыздын көчү жолун улап жатканын байкаган батыштыктар жүзү бузук Жээнбеков Равшанды анчалык демите албас эле, ичкерибизден колдоосу болбосо. Өз саясатын бүтүрүп, эми жаңы саясатка кирем деген “Форумчулар”, алардын арыгын чапкан Равшан ЛГБТ аркылуу аракеттене баштаганы ачык байкалып калды.

 

Өлкөдө жүрүп жаткан жаңылануу саясаты эски нуктагылардын көптөрүнө жакпай келет. Демек, каршы туруш керек, бузуш керек. Бирок, аны да бирөөнүн колу менен жасаган эң жакшы ыкма. Бул нукта караганда “Кырк Чоро” коомунун кылган иши, АША менен “Форумдун” түрткүнчүгү, каржылоо жана колдоосу аркылуу болуп жаткандай сезилет.

 

Антпесе, чабуулду, бардыгын былгытып жаткан Равшанга эмес, бийлик бутактарына бурганын кандай түшүнсө болот. Башында Равшан жана анын тегерегеиндегилер турат, ошолор колдоп чыгып жатышат да. Дал ошолорду алып келип, эл сотуна салгандын ордуна, мамлекетибизди алдыга тартуу аракетиндегилерге тиректенгени кандай? 

 

Намыстанабыз деген жигиттерибиз намысынан тайып жатканы өкүндүрөт. Учурунда ЛГБТ жүрүшүнө барып гүл таратып, көкүтүп алып, эми аны бийликке оодара салуусу жигиттикке жатпаган иш. Өз тарап менен жат душманды жакшылап айырмалап алсаңар жакшы болмок экен “Кырк чоро”.

 

Жети жыл “Форумдун” чапкан жолунда келдик, оңолуу болдубу? Жок! Жети жылда “Кырк чоро” көзгө көрүнөөрлүк иш аткардыбы? Жок! Равшан сыяктуулар эл кызыкчылыгын көздөдүбү? Жок!

 

Кеткендердин сөзүнөн чыга албай жашаганды качан токтотобуз? Жаңы нук, элимдин келечеги -  Кыргыз көчүндө, ал жолун улайт. Жапа тырмак киришип, көчтү колдоого алуу ар бирибиздин милдетибиз!

 

Азалия Дүйшөн,

Бишкек шаары