- Канат Кедейканович, өзүңүз билесиз, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КойТаш айылындагы үйү жайгашкан жердин аянты жалпы 3 гектарды түзсө, анын 1 гектары токой чарбасына караштуу жер экендиги, мыйзамдардын одоно бузулуусу менен Атамбаевдин менчигине өтүп кеткендиги айтылып келет. Ушул боюнча сизде маалымат барбы? Башкы прокуратура бул боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабы?
- Мен Башкы прокуратурага текшерүү боюнча расмий түрдө кайрылгам. Баса белгилеп айтып кетейин, жер 100 пайыз мыйзамсыз өздүктөлүп кеткен. Мыйзам боюнча, 5 жылда ижаранын убактысы жер талапка ылайык өздөштүрүлгөндөн (бак-шак тигип) соң гана узартылат. Бирок мындай талаптар аткарылган эмес. Ал жерди алуу боюнча Атамбаевдин атынан арыз болгон экен. Атамбаевдин колу коюлбаса да, нотариус аркылуу Атамбаевдин наамына 25 жылга бекитип беришкен. Мында ачык эле мыйзам бузуулар болгон, аны билүү үчүн сот, прокурор болуунун кереги жок. Баары көрүнүп эле турат. Демек, өзү мыйзамды сактабаса, башкалардан кантип мыйзамдын сакталышын талап кыла алат? Бүгүн Атамбаевди бийликтен кеткенден кийин сындагандар, мыйзамсыз иштерин айткандар көбөйдү. Мен президент болуп турган кезде эле Жогорку Кеңештин трибунасынан мыйзам бузуулары жөнүндө ачык айткам. Бүгүн да айтам. Ошондо кээ бирлер коркконунан ачык айта алышпаса, бүгүнкү күндө алардын баары “Канат, туура айткан экенсиң, билгениң бар турбайбы”- деп атышат. Оозеки, курулай сөздөр менен айткан эмесмин, фактыларга таянгам. Бийликти узурпациялап алганын, сот бийлигин бүтүндөй колго алганын, сотторду Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымов дегендер чечип калганын айткан элем. Бүгүн ошолордун баары ачыкка чыгып атпайбы. Демек, мен бүгүн моралдык жактан алганда, Атамбаевди сындаганга, туура эмес иштерин айтканга укугум бар деп эсептейм.
- Атамбаев туура эмес кылган иштерине өкүнөрүн интервьюларында айтып келүүдө. Айрымдар менен жарашууга аракет кылып атыптыр. Сиздин эркиндикке чыкканыңызга бир топ болуп калды. Сизге карата андай аракеттер болгон жокпу?
- Ал киши адамдарга жараша ошондой аракеттерди жасайт. Мен аны президент болуп, бийликтин туу чокусунда турганда ачык сындадым. Текебаевге иш козголуп, камалганда да мыйзамсыз экенин айтып чыккам. Ал өзү түз мага чыкпаса да, тегерегиндеги адамдары менин айланамдагы адамдарга чыгышып, менин катуу кетпешимди суранышкан учурлар болду. Бирок Атамбаев бир дагы интервьюсунда мамлекетке кылган кыянатчылыгын мойнуна алып, кечирим сураган жок. Кайсыл бир саясий кадамдары үчүн кечирим сурагандай болду. Эгерде уурдаган, жеген, ичкендерин, оффшордук аймактарда каткан акчаларын алып келип мамлекеттин казынасына кайтарганда, ага эл дагы, бийлик дагы башкача мамиле кылат эле. Кыргыз айкөл эл. Манас атабыздан бери айкөлдүгүбүздү көрсөтүп келатабыз го. Ката ар бирибизден кетиши мүмкүн, биз пендебиз. Күнөөбүздү, катачылыгыбызды мойнубузга алып, кечирим сурасак, эл кечирет. Ал кылган кыянатчылыктарын, кетирген күнөөлөрүн мойнуна алып, кечирим сураса болмок. Анын күнөөлөрү ачыкка чыгып, далилденип жатпайбы. Алдыда Бишкек ЖЭБинен чоң коррупциялык, мыйзамсыз иштер ачыкка чыгат. Мен Түндүк-Түштүк альтернативалык жол боюнча бекер айтып аткан жокмун. Ал курулуш боюнча толук маалыматтарды топтоп атам. Ачык айтып кетейин, ал жолду курууда жок эле дегенде мамлекетке 300 млн. доллар зыян келтирилген. Бул долбоорду дагы акчаны уурдап, жеш үчүн шашылыш түрдө ишке ашырышкан.
Эгерде карызга акча алып келип, ГЭСтерди курсак, андан өндүрүлгөн электр энергия менен ага жумшалган акчадан кутулууга болот. Карызга алынган акчага завод-фабрикаларды курсак, эл аралык рейстерди кабыл ала тургандай кылып Тамчыдагы, Караколдогу аэропортторду кеңейтсек болот. Мамлекет аларды кургандан кийин акча таба баштаса, анда маселе жок. Алынган акчаны максаттуу иштетиш керек да. Туура, жол азабы, көр азабы дейт. Жолдорду оңдошубуз керек. Бирок Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун куруу дээрлик 1 млрд. долларга, тагыраак айтканда, 930 млн. долларга каржыланган. Долбоорду шашылыш түрдө башташкандыктан, ал акча жетишсиз деп дагы акча сурап атышат. Оор шарттар менен 1 млрд. долларды карызга алып, ага жол салынса, ал жол 1 млрд. долларды качан актайт? Ошону актай тургандай авто унаалар өтөбү ал жолдон?
Балким, ал акчага Балыкчы – Кара-Кеченин ортосунда каттайт турган темир жол курсак максаттуу болмок. Экономиканын өнүгүүсүнө түрткү бермек. Ошол эле Кытайдан келчү темир жолду салсак, экономикабызга кандай салым кошот эле. Жаңы киреше булактары ачылмак, канчалаган жумуш орундары түзүлмөк. Бирок ага карабай эмне үчүн ал жолду салууну башташкан? Акча жасоо үчүн гана! Мен башка жолдор менен салыштырып көрсөм, жолду салууда 4-5 эсеге кымбат бүтүп жаткан курулуштар көп экен. - Өткөндө Алмамбет Шыкмаматов 520 миң доллар сунуштаган компания бүгүнкү күндө дагы 70 чакырым жолду салганга аракет кылып жатканын айтты. Мыйзам боюнча пара берген тарап дагы жооп бериш керек. Бул боюнча кандай маалыматыңыз бар? Ошол пара сунуштаган компанияга жолдун курулушун бергени жатышабы? - Чынын айтыш керек, ал компания жолу салуу кызматын 2 эсе арзанга сунуштап утуп алды. Элестетиңиз, ошондо 520 миң доллар пара берип атат. Биздин жолдорду долборлоочу институт курулушту 85 млн. долларга баалаган. Атамбаев турганда ошол 85 млн. долларды кытайлар утуп алып, ошолор курушмак. Бийлик алмашып, жаңы президент келип, андан кийин ачык тендер жарыяланып, казак компаниясы 41 млн. доллар сунуштап, жолду салуу укугун утуп алды. Ошол компания 520 миң доллар берип атат. Элестеткиле, 85 млн. долларды утуп алса, анын канчасын бермек. Буга чейинки 2,3-фазаны 198, 200, 300 млн. долларга эч ойлонбой эле кытайлык «Чайна Роуд» компаниясына беришкен. Баасын түшүрүүнү дегеле ойлонушкан эмес. Муну менен кытайлыктарга 3-4 эсе кымбат баага берип келишкен. Мында албетте, чо-оң кызыкчылыктар болгон. Жолдун курулушунун 2 фазасы менен эле мамлекетке кеминде 200 млн. доллар зыян келтирилген. Аны мен ачык айта алам. Буйруса, алдыда фактылар менен далилдеп берем.
- Параны алып аткан жеринен колго түшүрүлгөн министрдин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевге карата тергөө иштери жащыруун жүргүзүлүп жаткандай. Ал жалгыз албаганы түшүнүктүү да. Жогорку бийликте, өкмөттө адамдар бар болушу ыктымал. Ал аткаруучу болчу да. Эмне айта аласыз?
- Жогорку бийликтин, өкмөттөгүлөрдүн катышуусу жөнүндө айта албайм, өкмөткө чейин жетпесе керек. Бирок министрдин орун басары жетекчисинин макулдугу жок 500 миң долларды эч качан албайт. Бир да министрдин орун басары министрге айтпай туруп андай суммадагы параны ала албайт. Көрбөгөндөн, колунан кармап албагандан кийин кудай өзү кечирсин. 5 миң же 50 миң доллар эмес да, 500 миң доллар, жарым миллион доллар, демек, сөзсүз түрдө министрдин катышуусу бар деп ойлойм. Эми аны укук коргоо органдары териштирип, текшерип жатса керек.
- Жогоруда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылганыңызды айттыңыз. Ага көп эле убакыт болуп калса керек. Кайрылууңузду кароо убактысы менен эле жүрүп атабы? Же созулуп кеттиби?
- Кайрылганыма 1 ай болду, карап, иликтешип жатканын билдирген жооп келди. Акыркы жообу келе элек. Бирок дагы кайталайын, ал жакта 100 пайыз мыйзам бузулган. Башкы прокуратуранын расмий корутундусу керек. Ал эми мыйзам бузулганы ачык эле көрүнүп турат. - Бүгүнкү күндө сиз жогоруда айткан Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымовдун ордун Алмамбет Салиев алмаштырганы боюнча кептер жүрүүдө. Калыс болуп өткөндү эле айтпай, бүгүнкүнү да айтып кетсек. Бул айтылгандардын канчалык деңгээлде чындыгы бар? - Бизге, депутаттарга көп адамдар кайрылышат. Жоро-жолдоштору, жакындары, туугандарына карата мыйзамсыз соттук иштер орун алгандарын айтышат. Андай кайрылууларды албетте, депутат катары карап, иликтеп чыгабыз. Анан ишке эч кандай тиешеси жок адамды сот жоопкерчилигине тартып атканын көрөсүң. Сот бийлиги өзүнчө бийлик бутагы, бизге көз каранды эмес, бирок депутат катары өзүбүздүн ой-пикирибизди айтканга укугубуз бар. Анан сотторго тигил же бул иш боюнча мыйзамсыз жагдайлар болуп жатканын айтасың. Алар: «биз чече албайбыз» дешет. Эмнеге экенин сурасаң, «Манас көзөмөлдөйт» деп жооп беришет. Тактап кетсем, Жоодат Асанбековдун иши боюнча кайрылган элем. Ошондо соттор Жоодаттын күнөөсү жоктугун, далилдер да жоктугун айтышып, бирок Манас Арабаев ишти өзү көзөмөлдөп, 12 жылга эркинен ажыратууну талап кылып жатканын айтышты. Анан ачуум менен сотторго кайрылып, «силер сот болуп эмне кыласыңар? Өзүңөр эч нерсе чече албасаңар, күнөөсү жок адамды Акүйдөн көрсөтмөнү аткарып, 12 жылга эркинен ажыратып жатсаңар, анда силер сот деле эмес экенсиңер!» деп катуу айткам. Катчылардын функциясын аткарып калышканын, алардын баарын таркатып, алардын катчыларын калтырып, алар Манас Арабаевдин көрсөтмөсүн аткара беришерин айткам. Чынында катуу эмоцияга алдырган элем. Мезгил өттү, көрүп атабыз, Манас менен Алмаздын «былык» иштери ачыкка чыгууда. Бир канча батирлерди мыйзамсыз жолдор менен тартып алышкандары анык болду. Бүгүн соттун төрайымы камакта отурат. Бул алардын мыйзамсыз иштеринин башы эле.
- Укук коргоо органдары Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымовго эч кандай чара көрүшкөн жок го...
- Аларга укук органдары тиешелүү бааларын беришет. Убагы келгенде алар эле эмес, экс-президент да, Сапар Исаков, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев да тиешелүү бааларын алып, жоопкерчиликке тартылышат. Булар өздөрүнүн мыйзамсыз, коррупциялык иштерин жаап-жашырганга, издерин суутканга аракет кылышууда. Алардын баарын ачыкка чыгаруу оңой эмес, убакытты талап кылат. Азыркылар жөнүндө айта турган болсок, ооба, маалымат каражаттарынан президенттин тегерегиндеги адамдардын кийлигишип, көрсөтмөлөрдү берип жаткандары жөнүндө окуп калып атабыз. Бирок бүгүнкү күндө бир дагы адам соттордо мыйзамсыз иштер болуп жатканы жөнүндө мага кайрылган жок.
Экинчиден, УКМК сотторду көзөмөлгө алып турушу керек. Сот парасын алып, соттолуучу адамды жоопкерчиликтен бошотуп жиберүүсүнө жол берилбеши зарыл. Мындай сөздөр азырынча имиштердин деңгээлинде жүрүп атат. Эгерде бүгүнкү президенттин айланасындагы адамдар да буйрук, көрсөтмөлөр менен иш жүргүзүп атышкан болсо, анда албетте туура эмес. Бир нерсени айтып кетейин, мурдагы президенттин тушунда мыйзамсыз соттолуп, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылып жаткандардын баары акталып чыгышты.
- Жоодат Асанбековдун иши эмне болду?
- Ал дагы бүгүнкү күндө эркиндикке чыккан. Жогорку Сот тарабынан канааттандырылган жок. Аны менен сүйлөштүм, өзүнүн убакты саатын күтүп, күнөөсү жоктугун, актыгын далилдейм деп турат. Ошол эле «Кыргызнефтегаз» ишканасы боюнча айталы. Жетекчинин орун басары «Ата Мекен» партиясына тиешеси бар деп күнөөлөнүп, бир жыл отургандан кийин толугу менен акталып чыкты. Бир жыл отурганы үчүн ким жооп берет? Бул убакытта ден-соолугуна канча зыян болду. Туугандарынын, бала-бакырасынын абройлоруна канча шек келтирилди. Моралдык жактан кандай соккулар болду. Бул үчүн бирөө жооп бериши керекпи? Булардын сырткары, прокурорлор да бир иш боюнча камакка алынышкан болчу. Алар да 1 жыл отургандан кийин толугу менен акталып чыгышты. Мен мында бийлик алмашкандан кийин адилеттүүлүк орун алып, мыйзамсыз куугунтукталгандардын акталып чыккандары боюнча айттым.
“Чагылган” сайтына берген маегинен кагазга түшүргөн Аэлита САТЫНДИЕВА
Булак: “Майдан. kg” гезити