7-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жана ошондой эле Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турчу мамлекеттик сапары тууралуу пикир алмашышты.