Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

 

«Жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн бүгүнтөн тартып иш алып баруу зарыл.

Өзгөчө калктын калың катмарына жеткирүү, айрыкча айыл жергесинде кеңири масштабдагы окутуу иштерди баштоо керек.

Эл аралык стандарттарга шайкеш келген инфраструктураны түзүү — эң башкы милдеттердин бири.

 

Кыргызстандын бүт аймактарында ишенимдүү, жеткиликтүү жана анча кымбат эмес Интернетке жетүүнү камсыз кылуу зарыл.

Маалыматтардын коопсуздугун камсыздап, бүт республика боюнча аймактык дата-борборлорун түзүшүбүз керек. Аймактык дата-борборлору эл аралык кызматташууга жардам берет.

 

Дата-борборлорун түзүү — ишенимдүү, анча кымбат эмес кубаттуулуктарды пайдалануу аркылуу ишке ашат. Бул ишке энергетиктердин жигердүү катышуусу талап кылынат.

 

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

»Акылдуу шаар«, „акылдуу мектеп“, „акылдуу бейтапкана“, „акылдуу ферма“, „акылдуу фабрика“ жана „акылдуу транспорт“ сыяктуу „акылдуу ыкмаларды“ бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

 

Ошондо биздин өлкө жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору болуп калат.

 

Мамлекет өзү жаңы технологиялык чечимдерди кеӊири сунуштоосу керек. Ал үчүн жаӊы технологиялык долбоорлордун жаралышына түрткү берүү зарыл.

 

Компаниялардын демилгелерин, академиялык коомчулуктун илимий изилдөөлөрүн колдоо керек.

 

Инновациялык технологиялык парктардын жана лабораториялардын түзүлүшүнө өбөлгө болуу абзел.

 

Өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын өздөштүрүү жана жайылтуу талап кылынат.

 

Ушул максатта Кыргызстан эл аралык технологиялык трансфер борборун түзүшү керек.

 

Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат.

 

Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт.

 

Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет.

 

Мен айткан багыттар өлкөнү санариптештирүүнүн шарттарында экономиканы өнүктүрүүгө негиз болот.

 

Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат.

Бул тармактар Улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.

 

Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу абзел"", - деди президент.