- Атамбаевдин менчик телеканалына берген маегинде Атамбаевдин элдешүүгө аракет жасаганы байкалдыбы?
- “Элдешүүгө аракет” дегенди көрө алган жокмун, Атамбаевдин кечеги сөзүнүн төркүнүн карасак ал “сүйлөшүүгө аракет” кылганы көрүнүп турат, Президент Жээнбековду кай бир маселелер боюнча “ийге келтирүү аракети” болуп жаткандай го дейм.
- Атамбаевдин ал аракетине президент реакция кылып, жумшарышы мүмкүнбү?
- Сүйлөшүүгө дагы, анын жыйынтыгы катары жумшарууга дагы азыр эч кандай негиз жок го дейм. Анткени Атамбаев өзүнүн элге, мамлекетке кылган кыянаттыгын моюнга алууну ойлоп да койгон жок, кечээ көрбөдүкпү аны.
- Мындан аркы мамиле кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?
- Мыйзам чегинде, коом үчүн ачык мамиле эле дурус болот, жабык жолугушуу же жабык сүйлөшүу президенттин аброюна шек келтирет.
- Атамбаев “мыйзамсыз баюу” деген беренеге илинип калбаш үчүн элдешүүдөн кеп козгоп жаткан жокпу?
- Кандай болгон күндө дагы "элдешүү" аракетинин артында Атамбаевдин жеке кызыкчылыктары көп экенин кечеги маегинде көрдүк го.
Чынайым Кутманалиева, “Майдан. kg” гезити