“Мен 2004-жылдан бери Атамбаевге кошулуп, бийликке оппозициялык күрөштө жүрдүм. Бүгүнкү күндө ушул Атамбаевди президент кылып алып келгенибизге мен өзүмдү аябай күнөөлүү сезем. Муну эстегенде бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүм сыздайт”,- деп билдирди  8-декабрда Бишкекте болуп өткөн КСДПнын Ленин райондук партиялык жыйынында ардагер партиячы.

 

“Орустар бекер айткан эмес экен, “адамды билиш үчүн бир кап туз жеш керек” деп. Мен Атамбаевдин артында жүрүп, баардык оппозициялык митингдерге катышып, булардын аябай сонун сөздөрун угуп эле, ошол күндөргө мас болуп эле, ушул Атамбаевди колдоп жүргөн экенбиз да.  Ошол кезде мен жапжаш бала эмесмин, уже 50дөн ашып калгам, ошондо дагы адам жаңылат экен да. Мына, мен ушул күнгө чейин өзүмдү күнөөлүү сезем, Атамбаевди бийликке алып келгенибизге мен күнөөлүүмүн!  Эгерде Атамбаев мамлекетти туура башкарып кетсе анда бүгүн биз Атамбаевди колдойбуз деп турат элек. Баары тескерисинче болду. Элдин үмүтүн үздү. Баарын туура эмес кылды”,- деди делегат.

 

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы бул тарыхта кала турган кыймыл. Урматтуу партиялаштар, биз Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп партиянын лидеринин кылган иштерине баа берип, ал лидерди партиядан кетирели деп жатабыз. Бул кыймыл тарыхта чоң тамгалар менен жазылат. Урматтуу партиялаштар, биз бул кыймылга баарыбыз активдүү катышышыбыз керек. Эч нерседен коркпошубуз керек! Тарыхчылар да “бул кыймыл тарыхта чоң тамгалар менен жазыла турган кыймыл!” дешти. Эгер биз Атамбаевди партиянын башынан алып койсок, ошондо башка партияларга да үлгү болот. Ошондуктан партиялаштар, бул кыймылды дагы да күчөтөлү!” – деди ардагер КСДПчы Тынчтык Токтогулов.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити