Бүгүн, 24-мартта филармонияда Кыргызстандагы бир нече партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан Курултай болууда.
Уюштуруучулардын бири Азимбек Бекназаров өз сөзүндө Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесинин курчуй баштаганы коомчулукту тынчсызданып жатканын айтты:
"Атамбаев бир катар билдирүүлөрү менен чыкты. Сооронбай Жээнбеков да эми "Атамбаевди жеңдим, анын короосундагыларды өз короомо киргизип алдым",-дегендей мамиле кылбас бекен деп коомчулук тынчсызданууда. Президент мамлекет үчүн иштесе, колуна кол, бутуна бут болуп берээрибизди расмий билдиребиз", - деди ал.
Бекназаров Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдү көтөрдү: кендердин иштетилиши, экологияга келтирилген зыян жана ызы-чуусу түгөнбөй келаткан "Кумтөр" тууралуу айтып, мунун баарын мамлекет башчысы элдин кызыкчылыгына карай чечет деп үмүттөнөөрүн да билдирди.