- Сабыр байке, кечээги Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” ТВдан берген маеги тууралуу талкуу кылууну сунуштап жатам. Бир жылдан бери анда-санда КСДПнын пресс-кызматы аркылуу гана оюн билдирип, өзү унчукпай келген экс-президенттин саясый айдыңда кайрадан пайда болушу кандай таасир калтырды? Кандай өзгөрүштөрдү байкадыңыз?   

 

- Бир жылдай көзгө көрүнбөй жүргөн адам кайрадан экранга чыгып атса, “кандай болуп кетти экен?”- деп карайсың да. Арыктап, же семирип кетпегени менен санаасы бир жерде эмес, өкүнүч менен, кекенич менен өмүр сүрүп калганы ачык байкалып турат. Баштагыдай балп эткизип бирденкени айта салып, артынан, “кандай гениалдуу ой айттым” дегенсип ыржалактап калмайы такыр токтоптур. Санаасы санга бөлүнүп, жеке тагдырына кабатыр болуп атса, турмуш өзү оор басырыктуу болууга мажбурлап атса, “айла канча?”- дегиң келет.

 

Ал эми экс-президенттин саясый аренада кайрадан пайда болушунун таасири тууралуу айта турган болсок, бул окуя албетте чоң кызыгууну пайда кылды. “Жок болуп кетти эле, кайра чыгып атыптыр, эмне дээр экен”- деген кызыгуучулук катуу болгону ЖМКлардагы, соцтармактардагы талкуулардан эле байкалып жатат. Бул тема тууралуу ой айтпаган адам, чагылдырбаган ЖМК калган жок окшойт. Алты, жети жыл бийликте кылган ишинин баары катуу сынга кабылып, шакирттери дейбизби, подделниктери дейбизби камакка алынып атса, акыры бир күнү жообун бериши керек эле да.

 

Бирок анын кечеги айткандары коомдогу буга чейин ал тууралу калыптанып калган терс пикирлерге кескин өзгөртүү киргизди деп айта албайбыз. Айрыкча, анын байлыктарын кантип тапкандыгы тууралуу, бийликте тургандагы алешемдиктери менен кылмыштуу аракеттеринин баарын “мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн, мыйзам чегинде жасагам”- дегенсиген кезектеги узун аңгемеси кыжырданууларды гана күчөткөнү талкууларда ачык байкалып жатат.

 

Деген менен, тажрыйбасы бар саясатчы экенин да көрсөттү. Сценага монологу менен кайтып келүүсү, кыжырдануудан башка эффект бербесин билип, “шайлоо кассасы” деген сенсацияны кошо жардырып, саясый айдыңды ээлеп алганын да моюндабаска арга жок. Ошону менен бирге анын айткандарына муюп, кошулуп кетүүгө даярдай болуп жаткандардын катарынын карааны да көрүнө түштү.

 

Буга чейин Сооронбай Жээнбековду колдоп келген, курулай колдоодон тажап, ичи чыкпай, эки жагын элеңдеп, “мындан толк жок болсо, өз оокатыбызды кылбайлыбы”, дешип, биригип, бийликке каршылык көрсөтүүнү көздөп, бириге албай жүрүшкөн саясатчыларга майдай жагып, жандана түшкөнү да байкалууда.

 

- Эми мындан аркысы кандай болот деген ойдосуз? Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши эмнеге алып барышы мүмкүн? Саясый туруктуулук бузулуп, элдин ичи дүрбөлөң болсо кандай болот?

 

- Алмазбек Атамбаев өзү айткандай, кайра бийликке, бир кызматка келүүнү көздөбөстөн, өч алууну гана көздөп: “- Мен сени президент кылсам, сен мени саттың, менин бүт пландарымды ойрон кылып, тарыхка кара бет коррупционер президент кылып жаздыргың бар, анда мен сени да легитимсиз президент кылып ала жатам”- деп кекенип, ва-банк кетип атат. “Камасаң кама, сенден келгенди көрдүм” дегендей түрү бар. Элге кыянат кылган президент катары, саясый өлүк болгончо акыркы аракетимди жасайын, өч алайын деп жатат.

 

Анын аракеттеринен кылдат ойлонулган пландын контурларын байкоого болот. Черный бухгалтерияны да алдын ала, шайлоо учурунда эле, ушундай кырдаал болсо колдоном деген максатта жасатып катып алганы билинип турат. Анан калп эле, “Шумахерди камабаса бул маалымат чыкпайт болчу, бухгалтер жанынан коркуп чет өлкөгө качып кетти” деген сөздөрдү чыгарып, документтерди четинен өзү “сливать” этип атат.

 

Бизде бүгүнкү кырдаалда экс-президенттин айгагы менен көтөрүлүп, импичмент идеясын колдоп кете турган саясый күчтөр да, андай күчтөрдү колдой турган эл да жок. Анткени, эгемендик алган жылдардан берки шайлоолор жалаң акча чачмай, сатып алмай менен коштолуп, эл мындай жоруктарды кадыресе көрүнүш катары кабылдап, шайлоочулар өзүлөрү бул жоруктун катышуучулары болуп калган.

 

Ошондуктан бул аракеттерди кыска убакытты камтыган тактикалык жүрүш катары кабылдабоо керек. Бул “долгоиграюший пластинка” сыяктуу, келечекке багытталган план болуп жатат. Кошумча иретинде, элди түндүк-түштук кылып кайраштыруу аракеттери да катуу жүргүзүлөөрү айтылууда. Ким билет эртен кандай кырдаал жаралып, азыркы бийликтин рейтинги кандай болот? Экономика көтөрүлүп, элдин турмушу оңолууга багыт албай, нааразычылыктар күч алса, дагы эки, үч жылда бүгүнкү импичмент темасы негизги лозунгдардын бирине айланып кетпейт деген кепилдик жок да.

 

Бирок, ошого карабастан саясый туруктуулукту, элдин тынчтыгын сактап калуу мүмкүнчүлүгү жок эмес. Канчалык Бакиевдерге салыштырып жамандабасын, элдин Сооронбай Жээнбековго болгон ишеними республиканын түндүгүндө да, түштүгүндө да жогору, элибиз да өч алуу максатында элдин тынчтыгын бузуудан кайра тартпас арам ойлуу план экенин сезип, жактырбай карап турат. Экинчи жагынан Сооронбай Жээнбековдун спичрайтерлери да жүүнү боштук кылып, президентти жаманаттылоого багышталган кара пиарларга татыктуу жооп кайтара албай жаткандай.

 

Ошондон улам, Атамбаевден запкы жеп, саясый куугунтук менен камакта жаткандардын иштерин кайра карап, азаттыкка чыгарса, алар деле коррупцияга белчесинен баткан, мыйзамды, элди көзгө илбей, өзүн өзү билип өтүгүн төргө илген экс-президенттин арам ойлуу пландарынын ишке ашуусуна тоскоолдук кылышып, татыктуу жоопторду берип, кылмыштарын айгинелеп, стабилдүүлүктү сакталышына салым эле кошушмак, экинчи жагынан эл дагы, камактан бошогон саясатчылар дагы президенттин адилеттүүлүгүнө ыраазы болушмак, президентке кошумча колдоо гана болмок дегиң келет.

 

Ошондо, коомдун колдоосунан тышкары, кандай деген күндө  да, биринчи иретте, өлкөнүн тынчтыгы, өнүгүп, өсүшү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун иш аракеттерине тикелей көз каранды экенин айта кетпесек болбойт. Кадр саясатындагы алешемдиктер токтотулуп, калыс, адилет бийлик жүргүзсө, Бакиевдерге салыштырып, жаманаттылоо аракеттери суу кечпей, далилдерсиз, куру сөз бойдон кала берсе, экономика жаатында көңүл жылытаарлык өзгөрүүлөр башталса, президентке болгон ишеним артып, элдин колдоосу күчөп, рейтинги асмандап турса элдин тынчтыгын эч ким буза албайт.

 

- Атамбаев: “Менин аркама корголоп жүрүп, ушу даражага жеткирсем, далыма бычак сайды, дос деген сөздү Жээнбеков айтпай эле койсун”- деди, ушул сөзгө кандай баа беребиз? Досчулук менен мамлекеттик кызмат  дегенге кандай карашыбыз керек деги?

 

- Бул маселеге өткөн сандарыңдын биринде кенен токтолгонбуз. Негизи саясатчылар өзүлөрү “саясатта досчулук жок, кызыкчылык гана бар” деп айтып жүрүшпөйбү... Бирок ошого карабастан мамлекет жетекчилеринин баарында эле дос жок деп айта албайбыз, баарынын эле достору бар. Саясат аркылуу эмес, бала кезден дос болгондор, саясатка тиешеси жок дос болгондор, саясат менен тикелей аралашып жүрүшүп деле достугун сактап калгандар жетиштүү.

Мен ойлойм, Сооронбай Жээнбековдо деле “Алмазбек Атамбаев досум, мени колдоп жүрүп ушу даражага жеткизди” деген ыраазычылык сезим болгон, ошон үчүн жетине албай, тактыга отураары менен ага баатыр наамын ыйгарып, экөө макулдашкандай иш жакшы эле башталган.

 

Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей убакыттын өтүшү менен жаңы президент кырдаалды байкап, көп нерсеге көзү ачылып, мурунку бийлик учурундагы жасалган мыйзамсыз иштерди, экс-президент өзү аралашып башкарган системдүү коррупциялык схемаларды ичинен көрүп, ошондой абалды дагы да улантууну көздөп жаткандарына катуу иренжип, элдин маанайын да көрүп, өз жолун тандоо керек экенине туш болду.

 

Анын үстүнө “мен сени президент кылдым, менин айткандарымды аткарасың, өкмөттүн ишин Сапар Исаков аркылуу өзүм тейлейм, сен кийлигишпейсиң” деп, бир “чүлүктөлгөн өгүздүн” образы сунушталып атса кантет? Илибой эле эс акылы ордунда адам “ушинтип президент болгончо өлгөнүм артык” дейт да.

 

Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков эки ача жолго туш болду. Ал оңго кетти, элди тандады, досчулуктан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду, мафиянын балеесине калып, кара пиар чабуулга кабылды. Бирок ал туура жолду тандагандыктан элдин колдоосуна ээ, жүзү жарык. Солго кетсе Атамбаевдин мафиясынын кулу болуп, “өлбө жаным, өлбө” деген бир бечара катары тарыхта калмак.

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити