Президенттик аппараттан айтылуу “көмүскө король” Манас Арабаев чуу-жаңжал менен кеткенден кийин коомчулук “ух” этип, ажонун бул чечкиндүү кадамына суктанышып, эми сот-прокуратурага түз таасир берүү жоголуп, ал жактагы иштер адилеттүү каралышына ишеним жаралганын ким тана алат?

 

Бирок, буга карабастан соттук процесстер, ачылган-жабылган кылмыш иштери мурдагысындай эле, өйдө жактан келген командага жараша жылдырылып жатканын байкап, Манас Арабаев кеткени менен эч нерсе өзгөрбөй, баягы таз кейпинен арыла албай турганын айта баштаган серепчилер, жарандык активисттер чыгууда. Коомчулукта өзгөчө резонанс жараткан маселелерге келгенде адилеттүүлүктүн “а” тамгасы да жыттанбай жатышы эмнеден кабар берет? Мына ушуларды анализдеп олтурушуп, айрымдар Манас Арабаевдин ордуна Ак үйдө жаңы “серый кардинал” пайда болгонун саймедиреп чыгышты. Албетте, азырынча ал ким, кайсы кызматта экенин эч ким оозунуп айтыша элек.

 

Өз кезегинде айта кетүү абзел – учурда президенттик аппаратта тартип аябагандай күч. Антип өз алдынча жутунуп, сотторго, прокурорлорго команда берүү менен “серый кардинал” атыккысы келгендерди Манас Арабаевден да жаман тагдыр күтүп турарын президент Сооронбай Жээнбеков бир канча жолу эскерткен. Эскерткен менен, эл айтып жатпайбы. “Эл ичинде элек жок”- деген сөз эзелтен айтылат эмеспи.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити