Кыргызстан – бул эгемендүү, көз карандысыз өлкө. Ошого жараша анын өзүнүн мамлекеттик символдору – Герб, Туу, Гимни бар. Ошону менен катар эле мамлекеттик тили – кыргыз тили бар. Демек, өлкөбүздө баардык мамлекеттик иш-чараларда, мамлекеттик иш-кагаздарда маанилүү роль ойной турган тил – бул кыргыз тили. 

 

Тилекке каршы, мына ушуну айрым аткаминерлерибиз дагы деле толук кандуу түшүнгүлөрү келбейт. Өзгөчө Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина дайыма кыргыз тилин өгөйлөөгө аракеттерди жасайт. Ал 5-чакырылыштын депутаты болуп турган кезде парламенттик комитеттин жыйындарынын биринде: “аскердеги көпчүлүк жоокерлер орусча билбейт” деген билдирүү жасаган. Мунусу менен ал “жоокерлер орусча билүүгө милдеттүү да” дегендей ишааратты жасаганын кантип түшүнбөй калалы? 

 

Карамушкинанын мындай билдирүүсүнө ошол убактагы ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу нааразы пикирин жазып чыккан. 

 

Ошондой эле Кармушкина АШАнын доорунда Камчыбек Ташиевге байланыштуу соттук териштирүүлөр маалында, ал саясатчыны колдоп чыккан энелерди фашисттердин уюштурган митингине салыштырган. Бул боюнча ал кездеги депутат Жылдызкан Жолдошева да катуу пикирин айткан эле. “Эгерде Ирина Карамушкинага ак калпак, кыргыздын баатыр энелери, мамлекеттик тил жакпаса, анда Кыргызстандан чыгып кетсе болот. Ал системалуу түрдө Кыргызстанга сүйүүсү жоктугун көрсөтүп келет. Аскерлер орус тилин билбейт деп даттанат”, - деген Жолдошева. 

 

Чын эле эмнеге Ирина Карамушкина Кыргызстанда жашап, өлкөбүздүн Жогорку Кеңешинде депутат болуп туруп, мамлекеттин эсебинен айлык акы алып, суусун ичип отуруп кыргыз тилине бир күйүп койбойт? Эмнеге өлкөбүздүн уңгусун түзүп турган кыргыз элинин маданиятына, салтына, нарк-насилине күйбөйт? 

 

А баса, дагы бир кошумчалай кете турган жагдай, 2012-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурасев ичимдик ичип алып унаа башкарып жүрүп, Асангазы Кутманалиев аттуу жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Натыйжада А. Кутманалиев жарыкчылык дүйнө менен кош айтышкан. Мына ушул кырсыкты да ал кызматтык абалынан, ошол убактагы мамлекет башчысы А. Атамбаевге жакындыгынан пайдаланып, азыркы күнгө чейин жаап-жашырууга аракет жасап келет. Эгерде ошол кырсыкка орус улутундагы жаран кабылып калган болсо кандай болот эле? Деги эле бул депутаттын Кыргызстанга каалаган жакшылыгы барбы?

 

 


Булак: Телегра