"КСДПда 25 жылдан бери, дээрлик түптөлгөнүнөн тартып келатам. Көп кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Бакиевдин убагында үй-бүлөмө, өмүрүмө коркунуч жаралган учурда да, партиянын катарында акыр- аягына чейин тургам. Партиянын жобосун, мыйзамдарын бузган эмесмин", - деди Иса Өмүркулов. 

 

Ал бүгүн чукул жыйын өткөрдү. 

 

Ал партиянын катарынан чыгарылганына "КСДП Атамбаевсиз!" деген ураан менен чыккан партиянын айрым мүчөлөрүн кабыл алганын байланыштырбайт. 

 

"Мен аларды кабыл алгам, бирок өз позициямдан эч убакта кайткан эмесмин. Мага "саткын" деген сөз да айтылып жатат. Мени партиядан чыгаруу чечимин беш - алты адам гана кабыл алыптыр, мен ошолорду саткын деп айтаар элем", - деди депутат. 

 

КСДП кечээ Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарышканын маалымдаган.