Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган иш чараларга катышуусунун алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

 

Мамлекет башчылар 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык Жогорку кеңешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктарын талкуулашты.

 

Ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарды камтыган эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.