Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы, мурдагы шоопуру Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголуп, УКМКнын оперативдүү аракети менен Кыргызстанга алынып келинди. Бишкектин Биринчи май райондук соту Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарып, учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

 

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, Илмиянов тергөө менен кызматташып, жакын адамдарын сатып баштаганы кандай? Ишенген “кожосу” кайсы иштерди тапшырып, кандай долбоорлордон канча суммадагы пара алып, анысын кантип бөлүшүп алганын сайрап бергени жалганбы? Ал эмес УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев, АШАнын мурдагы жансакчысы Болот Сүйүмбаевдер кайсы тармактарды көзөмөлгө алып, Алмаз Үсөнов сыяктуу “тапандар” кантип байлык топтогонун “сайрап” жатканы бизге чейин угулду. 

 

Эң кызыктуусу ишенген “кожосу” тууралуу берип жаткан көрсөтмөлөрүндө экен. Анткени, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо кимден канча акча алып, кимдерди ара жолдо таштап койгону тергөөчүлөрдү да кызыктырып жаткандай. Кыскасы, Икрамжан мырза баарын моюнга алып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн “иштеп берип” жатканы кеп болууда. Ошентсе да Илмияновдун үстүнөн арыздангандардын саны артып, бизнесин тарттырып койгон далай ишкерлер арыз жазабыз деп күч кызматтарынын эшигин каккылап жатканы белгилүү болду. Капыстан Россияга аттанган АШАнын жүрөгү да катуу “ойноп”, “беркиден” ичсе да анысы жардам бербей, аргасыз өлкөнү таштап кеткени чынбы? 

 

Кандай болгон күндө да чыныгы “концерт” башталганы калды. Илмияновдун тергөө менен кызматташып, баарын ачык айтып, жегендерин “кусам” деген анын жоопкерчилигине канчалык таасир этери келечекте белгилүү болот. Ошентсе да, акыркы 6 жылда орун алган мыйзамсыздыктар ачыкталып, “Шоопур” өзү менен кошо далай адамдарды алып кеткени калды окшойт. Эмнеси болсо мыйзам баарыбызга бирдей, “кол тийбестик” деген азыр эч кимге жардам бербейт. Муну жакшы түшүнсөк.

 

 

Булак: Телегра