Жаңы кызык жагдайлар ачыкка чыга баштады. Көрсө, биз али билелек көптөгөн жашыруун сырлар бар экен да. Анын баары позициялар дал келишпей калган учурда, же бири-бирин коркуткусу келген кырдаалдарда ачыкка чыгат экен. 

 

Мисалы, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Өмүрбек Бабанов КР өкмөтүнүн биринчи-вице-премьер-министри болуп дайындалганын жакшы билет эмеспизби. Көрсө, дал ушул кызматка келиш үчүн ал А. Атамбаевге туптуура 1 млн АКШ долларын берген экен. 

 

Андан кийин премьер-министрлик кызматка көчүк баскан. Бул жолу да ал 1 млн АКШ доллары менен АШАнын чөнтөгүн калыңдаткан экен. Биз эми бул фактылардын артынан иликтөөбүздү баштадык. Эгерде бул чындык болуп кала турган болсо, анда паракорчулук, коррупция беренелери “ишке” кириши керек болот. 

 

Баса, кайсы бир россиялык ишкерден 1 млн доллар пара алды деп кайсы бир саясатчы азыркы тапта темир тор артында жатат эмеспи. Анан ошондой эле ишти жасаган А. Атамбаев эркиндикте жүргөнү бир аз акыйкаттыкка сыйбай калып атат. Пара бергени үчүн Бабанов дагы жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

 

 

 


Булак: Телеграмм