Экс-президент А.Атамбаевдин кечээки үзөңгүлөш-табакташ кадрларын Бишкек ТЭЦи боюнча уурулуктун айынан чалынган тагдыр капканынан кутултуп кетүү аракетинде токуган текстин жалпы калк окуп чыгып, таң калганын жашырып кереги жок. “Ууру ууруну карма деп, ууру өзү кыйкырып жүрөт”- дегендей, АША фактыларды канчалык өз пайдасына бурмалаганы менен, чындыкты жашыра албайт да... Анын калпын далилдеш үчүн редакцияга келген документтерди изилдөөдөн чыккан жыйынтыкты сунуштайбыз...
Республиканын энергосистемасынын көз карандуулугу эгемендүүлүк алгандан бери баш оору болуп келатат. Өнөктөштөр менен достук, кең пейил коңшулук мамиле сакталса, бул маселени чечүү бир топ оңой болмок, бирок, мурунку ажонун тушунда алар менен саясий мамиле кескин начарлап кеткен, анын кесепетинен бул тармакта да көйгөйлөр көбөйдү. Мындай шартта түштүктөн түндүккө Өзбекстан менен Казакстандын аймагы аркылуу электр энергиясын жеткирүү татаалданды, башкача айтканда, саясий процесстер экономикалык көйгөйлөрдү жаратты. Буга байланыштуу А.Атамбаевдин администрациясы коңшу мамлекеттерге көз каранды болбой, ири, кымбат энергодолбоорлорду кыска убакыттын ичинде мамлекеттик карыз көбөйсө да, кандай кырдаалда болбосун куруу боюнча чечим кабыл алган. Бул, демек, элдин эсебинен куруу дегенди билдирет. Саясий жетекчиликтин реалдуулукка ылайык келбеген кыска убакытты көздөгөн мындай аракети өкмөттү аталган долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу жана экономикалык алдын ала көрүнүп эле турган жаңылыштыкка кептеди. “Датка” жана “Кемин” көмөк чордонунун курулушу” жана “Датка –Кемин” электр берүү линиясынын, техникалык-экономикалык негиздемесиз “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорлорунун ишке ашырыла баштаганы буга далил болуп бере алат. Долбоорлор алдын-ала деталдуу долбоорлорсуз жана сметасыз, экономикалык жана каржылык негиздемесиз, коомдук талкуусуз эле турган жеринде ишке ашырылып кирген. Жыйынтыгында, Кытайдын Эксимбанкына болгон мамлекеттик карызыбызга 1 миллиарддан ашык доллар кошулду. Иштин материалдарынан көрүнүп тургандай, маселелерди шашпай, акыл калчап, терең чечишкенде, мынчалык көп каражат коротулмак эмес.
Өкмөттүн кепилдиги менен Кытайдан карызга акча алуу (башкача айтканда мамлекеттик карызды көбөйтүү) республиканын кызыкчылыгы сакталбаган өтө коркунучтуу шартта, ачык айтканда көз карандуулуктун кепилдиги алдында алынган. “Электр станциялары” ААКсына которулган “Эксимбанктын” жылына 2 пайыздуу 386 миллион доллар насыясы келечекте сөзсүз түрдө электр энергияга болгон тарифтин кымбатташын шарттайт. Бул өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын адистери жүргүзгөн насыяны төлөө боюнча эсепте тастыкталды.
Аталган электродолбоорлордун бардыгы экономикалык кирешелүүлүгү жагынан алып караганда эч кандай пайдасы жок, тескерисинче, алдыдагы көптөгөн жылдар бою республиканын бюджетине оор жүк болушат.
Мында, эл аралык институттар менен иштешип, долбоорлук жана ишке ашыруучу уюмду дыкат тандоо керек эле. Анын үстүнө, бул багыттагы кайсы бир иштер ага дейре жасалган болчу. “Электр станциялар” ААКсынан документтер (жыйындардын токтому, кат жазышуу, долбоорлордун бет ачаары) алынган, алардан 2009-2010-жылдары Бүткүл дүйнөлүк банктын алдында, “ЭС” ААК, Энергетика министрлиги жана ЦАРИИ биргеликте техникалык тапшырма жана “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбооруна алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүү аркылуу реализациялоону 150 миллион долларга баалашканы белгилүү болду. Каржылоо булагы катары Бүткүл дүйнөлүк банк белгиленген жана республиканын бюджети да жарым-жартылай көрсөтүлгөн. Ушул себептерге байланыштуу аталган долбоор “Кыргыз Республикасынын 2013-2017 – жылдарга туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясы” документине киргизилген. Аны Кыргыз Республикасынын президенти 2013-жылдын 21-январында №11 Жарлыгы менен тастыктаган. Анда долбоорду реализациялоо 150 000 000 (жүз элүү миллион) АКШ долларына бааланып, мөөнөтү 2014-2017-жылдар деп белгиленген.
Далил: А.Елисеев, А. Ширшов жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөсү, “Электрдик станциялар” ААКсынан алынган документтер.
Энергетика жаатындагы адистердин пикиринде, Токтогул ГЭСинде суу азайган маалда, түндүктөгү электер энергиясынын жетишпестигин чечүүнүн альтернативдүү жолу - 5 миллиард кубометр суу бата турган “Камбар – Ата- 1” ГЭСин куруу болчу. Ошондой эле, жазгы-жайкы мезгилде энерготармактын сууну үнөмдөө боюнча саясаты да маанилүү роль ойномок.
ЖЭБ: Сүйлөшүүлөр жана ТВЕАны тандоо
“Электр станциялары” ААКсына биринчи жолу Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча техникалык сунуш СМЕС компаниясы тарабынан 2012-жылдын ноябрь айында келген. Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. Техникалык сунуш эки вариантта жолдонгон: 150 мегаватт боюнча эки блокту, же 135 мегаваттагы эки блокту куруу. Биринчи вариантты болжолдуу 356 миллион доллар баада ишке ашырууну сунушташкан, бул баа акыркы чечим болгон эмес, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мындан арзандатуу мүмкүндүгүн айтышкан. СМЕС компаниясы ошондой эле Кытайдын “Эксимбанкынан” жеңилдетилген насыя алуу маселесин чечип берүүнү да сунуштаган. Бул компания биринчилерден болуп Кытай өкмөтүнүн органдарынан колдоо көрсөтүүгө макулдугун тастыктаган документтерди да алган. Иште “ЭС” ААКсы менен СМЕСтин кат жазышуусу да бар, андан Кытайдын Коммерция министрлигинин, импорт жана экспорт боюнча Кытай соода палатасынын, ошондой эле Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода экономилык маселелер боюнча Кеңешчинин Канцеляриясынын СМЕСти колдоо катын да кезиктирүүгө болот.
Ал эми ТВЕА компаниясынын 396 миллион доллар чыгашаны талап кылган сунушу 2013-жылы түшкөн. Компания 150 мегаватт болгон эки энергоблокту куруу сунушун киргизген. Техникалык тарабы адистердин дыкат иликтөөсүнөн өткөн эмес, коомдук талкууга чыгарылбаган, каржы тарабы тыкыр эсептелбеген. Бул компаниянын сунушун президенттик администрация “сүйрөп” отуруп, бардык түзүмдөрдөн кыска убакытта өткөргөн. Ошол жерде бийлик мамлекет үчүн бир гана нерсе жасаган, ал - баасы 396 миллион доллардан 386 миллион долларга ылдыйлатылган. Компаниянын кызыкчылыгын Кыргызстандагы Кытайдын элчилигинин айрым кызматкерлери жана Кыргызстандагы жогорку даражалуу аткаминерлердин айрымдары менен чогуу Сапар Исаков жылдырган. Алар биргелешип, ТВЕАны Кытай өкмөтү тарабынан Бишкек ЖЭБин модернизациялоону ишке ашырууга тастыктаган жалгыз компания катары көрсөтүшкөн. Аны менен бирге долбоордун “ куратору” Сапар Исаков жана Кыргызстандын өкмөтү Кытайдын өкмөтүнүн атынан Кытай ТИМинен, же Коммерция министрлигинен ТВЕА компаниясын ырастаган расмий тастыктама алышкан эмес. Анын үстүнө, Кытай өкмөтү бизге жеке компанияны подрядчы катары таңуулай алмак эмес. Алар өздөрүнүн көзөмөлүндөгү мамлекеттик компанияны сунуштамак.
Ошол убакта компетенттүү адистер президентти, өкмөттү, Энергетика министрлигин аталган компаниянын жаңы ЖЭБдерди курууда, анан калса ЖЭБдерди модернизациялоодо эч кандай тажрыйбасы жоктугун кабардар кылышып, эскертишкен. Анан калса, Атамбаев өзү айткандай, модернизациялоо өтө татаал долбоор эмеспи.
Далил: Н.Ахметованын президенттин атына жазган каты, Кравцов адистин корутундусу, Интернет-булактардан алынган материалдар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана материалдагы башка иштер.
Тескерисинче, кылмыш ишинин материалдары СМЕС кытай мамлекеттик компаниясынын негизги ишмердүүлүгү энергетикалык долбоорлор боюнча эл аралык контрактарды реализациялоо болгонун жана ал аркылуу 800дөй ири долбоорлор ишке ашырылганын, ГЭС жана ТЭС курулушуна байланышкан көптөгөн долбоорлорду ар башка өлкөлөрдө ишке ашырганын тастыктады. Компания от казан, генератор өндүргөн заводдорго ээлик кылып, Кытайдагы мамлекеттик кызматтардын колдоосуна ээ болгон, импорт жана экспорт боюнча Кытай Соода Палатасынын мүчөсү.
ЖЭБди реконструкциялоонун баасы
Дүйнөлүк практикада кайсы бир, мейли ал энергетикалык жаатта болсун, объектинин курулушунун баасы иштин деталдуу эсебин, сметадагы жана долбоордогу жабдыктардын, материалдардын бааларын аныктап, тактагандан кийин гана бычылат. Мындай баалоо ыкмасы биздин өлкөнүн мыйзамына да киргизилген.
ТВЕА компаниясы 2009-жылы ЖЭБди модернизациялоону 200 миллион АКШ долларына баалаганын, бирок ал сунуш “ЭС” ААКсы тарабынан 150 миллион долларга ылайыкталган альнернативдүү долбоорго салыштырганда баасы өтө ашыкча эсептелгенин белгилеп, четке кагылганын, ошондой эле 386 миллион доллардан мамлекеттин казынасына бир тыйын да салык же башка төлөмдөр түшпөгөнүн эске алсак, анда эл аралык аудит жана экспертизасыз эле модернизациялоонун баасы подрядчынын кызыкчылыгында бир топ эле ашырылып бааланганы көрүнүп турат.
Кыргыз Республикасынын ички мыйзамына ылайык долбоор жана сметаны түзүү зарылдыгы ТВЕА компаниясы менен контрактык келишимде көрсөтүлгөн. Долбоордун баасы долбоордук-сметалык документация түзүлгөндөн кийин гана аныкталышы керек эле. Бирок, бул аткарылган эмес. Анан калса, подрядчы тапшырык берүүчү тарапка ДСДны ушул убакка чейин көрсөткөн эмес, бул биздин мыйзамыбыздын талабын жана контрактын шартын бузду. Мындан улам мамлекеттик жана бюджеттик акчалар (Өкмөттүн кепилдиги менен алынган насыя) бюджеттик мыйзамдын эрежелерин одоно бузуу менен колдонулган. Курулуш болсо мамлекеттик органдар жана тапшырык берген тараптын көзөмөлүсүз жана катышуусусуз өндүрүш курулушуна арналган мыйзамды бузуу менен жүргөн.
Дүйнөлүк орточо баада 1 мегаВатт үчүн салык төлөнөт. Бирок, ТВЕАга которулган 386 миллион доллардан бир тыйын салык да, башка төлөм да төлөнгөн эмес. Демек, эгер дүйнөлүк тажрыйбага таянсак, 386 миллион доллардан 30 пайыздан кем эмес салык кармалышы керек болчу. Ошондо гана долбоордун баасы дүйнөлүк орточо баа менен алып караганда, бир топ адекваттуу болмок.
А.Атамбаев келтирген дүйнөлүк орточо баа жаңы энергетикалык обьектилердин курулушуна (ЖЭБ, ТЭС жана башкалар) колдонулат, а бизде модернизациялоо болгон, башкача айтканда эски жабдыктар даяр инфраструктурада жана коммуникацияда жаңыланган, бул жерде нөлдөн башталган курулуш жок. Бул ЖЭБди модернизациялоону баалоодо мындай ыкманы колдонуу болбой турганынын дагы бир себеби. ЖЭБди модернизациялоонун реалдуулукка бир топ жакын бааланышы 2009-2010-жылы болгонун, анда долбоор 150 миллион долларга бааланганын билүүгө болот. Кыргыз тараптын аталган долбоорду ушул баада ишке ашыруу сунушу Кытайдын бир катар мамлекеттик компаниялары тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынган.
ТВЕА өзүнө алган 20 миллион доллардан ашык суммага бааланган кошумча иштер жана кызматтар боюнча милдеттери кагаз жүзүндө гана калган, ал эми ушул милдеттердин алкагында компаниянын трансформаторлор жана кабелдерди орноткону өз наркынан бир нече эсе көп сумманын башын жеген. Бул жерден да алдоо менен напсинин ашыкча ачылганы көрүнүп турат. Эки мектептин курулушуна бөлүнгөн 2 миллион доллардын тагдыры белгилүү, анын да жарымы уурдалып жок болгон.
ЖЭБ боюнча келишимдин форматы
Курулуш тармагындагы контрактта (ЕРС) долбоордун ишке ашуусундагы бардык стадияларда тапшырык берүүчү тараптын аралашуусу каралган. Ошондо, дүйнөлүк практика тапшырык берген тарап подрядчы менен биргеликте долбоорлоого катышаарын, жабдыктарды сатып алууга, ошондой эле курулуш иштерине да аралашаарын көрсөтөт. Бийликтин ТВЕА компаниясын “колдоого” алган мамлекеттик саясаты анын долбоорду ишке ашыруудагы ишмердүүлүгү толугу менен көзөмөлгө алынбай, тапшырык берүүчү тараптын кызыкчылыгын ачыктан ачык четке кагып, Кыргызстандын мыйзамдарын тоготпой коюшун шарттады. Мунун апогеи иш соңуна жеткенден кийин модернизациялоонун толгон-токой кемчилигине көз жумуп, жаңы химзаводдун жоктугуна кол шилтеп, кабыл алышканы болду.
Авариянын себеби
Эксперттердин корутундусуна ылайык, авариянын себептеринин бири жаңы энергоблокторду тоюттандыруучу суу тазалоочу жаңы системанын жоктугу болгон. Ошондой эле ТВЕА компаниянын модернизациялоо алкагында химиялык тузсуз суунун запасын сактоого арналган эки бакты демонтаж кылганы да авариянын себептерине кирет. Долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу, бийликтин подрядчынын кызыкчылыгын жакташы, тапшырык берген тараптын кайдыгерлиги химиялык цехтин жок болушуна алып келди.
Эки жаңы энергоблоктун ЖЭБдин эски жабдыктуу жаңыланбаган бөлүгүндөгү жүктү жеңилдетүүгө кубаты жоктугу аварияга жеткирди. Авариянын алдында жылуулукту жана электрэнергияны иштеп чыгаруучу бардык жүк ЖЭБдин эски жабдыктарына түшкөн. Мындай боло турган болсо, эки жаңы энергоблокту куруунун зарылчылдыгы бар беле, андан көрө 50 миллион долларга ЖЭБдеги эски жабдыктарды капиталдык оңдоодон өткөрүп, 90 пайыз эски жабдыктарды жаңыларга алмаштырып койсо болбойт беле (?) деген суроо жаралат. Так ушуну модернизациялоо башталганга чейин адистер айтышып, сунуш да кылышкан. А элди жылуулукту жана электрэнергияны иштеп чыгуучу жаңы кубаттуулук ишке киргизилди деп алдашты. Авария мунун баары куру сөз экенин далилдеди.
Корутунду ордуна
ЖЭБди модернизациялоонун максаты шаарды авариядан кийинки катастрофадан сактап калуу эмес, ЖЭБдеги авариянын алдын алуу болушу керек эле. Кырсык жаралдыбы, демек, модернизациялоо өз максатына жеткен жок, чечилүүгө тийиш болгон техникалык маселелер чечилбеген. Анын себебин тергөө аныктайт.
Көрүнүп тургандай, баары эле АША айткандай эмес... Калпты да ченеп айтса жакшы болмок экен...
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. Kg” гезити