Бирок биз Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын, эксперттердин материалдарынан, жада калса экс-президент А. Атамбаевдин “Бишкек ЖЭБиндеги авария: ушактар жана чындык” деген билдирүүсүнөн да: ЖЭБ 2017-жылга чейин канча Гкал жылуулук иштеп чыгарчу эле? Ал жалпы көлөмү канча чарчы метрлик батирлерди, коомдук жайларды жылуулук менен камсыз кылып келген? Модернизациялоо аяктагандан кийин канча Гкал жылуулук иштеп чыгара баштады? Ал канча чарчы метрлик батирлерди, коомдук жайларды жылуулук менен камсыз кыла алат? — деген суроолорго жооп тапканыбыз жок. Тилекке каршы, модернизациялагандан кийин ЖЭБдин 300 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгара тургандыгына гана басым жасалууда, бирок анын азыр канча электр энергиясын иштеп чыгарып жаткандыгы тууралуу да так маалымат жок. Эгерде бардык маселе электр энергиясын иштеп чыгарууда болсо, анда “Эксимбанктан” бөлүнгөн акчага ТЭЦ эмей эле ГЭС куруш керек болчу. Чындыгында эле ЖЭБдин жылуулукту иштеп чыгаруу боюнча кубаттуулугу артпаса, аны модернизациялоонун кандай зарылчылыгы бар эле?

 

Маселенин баары ушунда турат, бирок аны АША жана анын командасындагылар ачык айтпастан, мегаваттар менен биздин башыбызды айландырып, элдин көңүлүн башкага буруп, элестүү айтканда иттин өлүгү көмүлгөн жерден алыстатып кеткенге ашыгышып, өздөрүнүн кылмыштуу иштерин жашырып, тескерисинче жарандык эрдик катарында көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Ага мисал катарында АШАнын билдирүүсүндөгү “ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды, анткени ансыз Бишкек узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору жок шаар бойдон калмак, мына ошол кыйроонун алдын алгандар болсо бүгүн камакта отурушат” деген чындыкка коошпогон патетикалык сөздөрүн көрсөтүүгө болот.

 

Ар бириникин өз аты менен айтканда

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо болжол менен канча каражат уурдалгандыгы айтылды, жазылды, аны окурмандар жаттап да алышкандай болду. Аларды кайталоонун зарылчылыгы жок. Бирок, АШАнын билдирүүсүнөн башка да акыркы убактарда ЖМКларда ЖЭБ боюнча камалгандардын айрымдарын актап, жактаган материалдардын көбөйүп бараткандыгына байланыштуу, биз бул жерде фигуранттардын конкреттүү күнөөлөрү боюнча гана өз оюбузду айткыбыз келет.

 

1.Сапар Исаков жөнүндө. Ал 2009-жылы күзүндө, 2010-жылдын январында ЦАРИнин жетекчиси Максим Бакиевдин Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо боюнча  кытайлыктар, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрүнө, анда жалпы көлөмү 150 миллион долларга модернизациялоо боюнча алдын ала макулдашууларга катышкан. Бирок, ал президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болгондон тартып ТВЕАнын лоббистине айланып, анын сунушун колдоо боюнча президентке кайра-кайра кат жазып, “ушул маселе боюнча энергетика министрине, финансы министрине тапшырма бериңиз, ТИМге, башка министрликтерге “ушуну аткарсын” деп тапшырма бериңиз” деп талап кылганга өткөн. ЖЭБди модернизациялоо андан 2-3 жыл мурда эле 150 миллион долларга бааланганын айткан эмес. Ал бөлүм башчы болуп турганда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода боюнча өкүлүн 18 жолу кабыл алып, өзү Кытайга 35 жолу барып келген. Анын иш аракеттеринде бийликти узурпациялап, ыйгарымдарынан чыгып кетүүнүн да элементтери бар. Анткени, ал өкмөттүн функциясын да өзүнө алууга аракеттенген, анын президентке жогорудагыдай запискаларды жазууга укугу болгон эмес. Жекече кызыкчылыгы болбосо, кытайлыктар ага кайрылышса деле, аларды өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрү менен тогоштуруп коюп, өзү аппараттын кызматкери катарында четте туруш керек болчу. Анткени, экономикалык, чарбалык маселелердин бардыгы толугу менен өкмөттүн ыйгарымдарына кирет. Президенттин тышкы саясат бөлүмү протоколдук функцияларды аткаруучу гана кызмат болуп саналат.

 

2. Алмаз Атамбаев жөнүндө. ТВЕА менен ЕРСтик келишимдин идеологу Сапар Исаков болсо, аны уюштуруп, аткарууга жетекчилик кылган экс-президент Алмаз Атамбаев болуп саналат. Ал ЕРСтик келишимдин долбоорун эксперттик талдоодон өткөрткөн, техникалык-экономикалык негиздемени, сметаны талап кылган эмес, ТВЕА эмнелерди сунуш кылса, Кыргызстан тараптагыларды алардын бардыгын талкуусуз кабыл алууга мажбурлаган. Анын өз билдирүүсүндө ТВЕАнын сунушун кабыл алгандыгынын негизги аргументи катарында Кытайдын КРдагы элчисинин соода-экономикалык кеңешчисинен келген катка шылтагандыгы күлкүнү гана келтирет. Биринчиден, андай деңгээлдеги чиновниктин мамлекеттин атынан расмий кат жөнөткөнгө укугу болбойт, ал ТИМдин тийиштүү департаменти гана карай турган кагаз, аны дипакадемиянын студенти деле билет. Элчинин кеңешчиси кат жөнөткөн күндө да Кытай өкмөтүнөн аны ырастоо тууралуу документ талап кылууга милдеттүү болчу. Экинчиден, мамлекет башчысынын элчинин кеңешчиси менен расмий сүйлөшүүсү – өзү жетектеген мамлекетти кордоп, мазактагандык, паска тепкендик болуп саналат. Өзүн сыйлаган бир да мамлекеттин башчысы андай майда чиновник менен алака кылбайт. Демек, ал ТВЕАга ачыктан ачык лоббисттик кылгандыктарын жашыруу максатында “ушуну болсо да тиркеп коёлу” деген максатта атайын уюштурулган кагаз.

Экс-президенттин Сапар Исаковдун каттарынын негизинде премьер-министрди аттап өтүп, министрлерге түздөн түз кат жүзүндө көрсөтмө бергендиги да бийликти узурпациялоонун бир көрүнүшү болуп саналат. Анын ага укугу жок.

 

3. Айбек Калиев жөнүндө. 2013-жылы 28-майда энергетика министринин ошол тармакты тейлеген орун басары Айбек Калиев жыйын өткөрүп, президенттик аппараттын жана Кытай элчилигинин сунуштарын эске алуу менен ТВЕАнын сунушун кабыл алып, аны Бишкек ЖЭБин модернизациялай турган компания катарында таануу тууралуу чечим чыккан. Андан кийинки иштердин бардыгы АШАнын көзөмөлүндө, Сапар Исаков менен Айбек Калиевдин жетекчилигинде ишке ашкан.

 

4. Жантөрө Сатыбалдиев жөнүндө. Парламенттик талкууда депутаттардын “386 миллион долларга жаңы ТЭЦ курса болот беле?” деген суроосуна, анын: “ Ооба, болот болчу” деп жооп берген. Азырынча Ж. Сатыбалдиевдин канча көлөмдө зыян келтиргендиги айтыла элек, ал тергеп-тескөө иштери аягына чыгарылганда билинет, бирок өкмөттү жетектеп, ал афёраны көрүп туруп, аны болтурбоо боюнча чара көрбөгөндүгү, ЕРСтик келишимди ЖКга ратификациялоого жөнөткөндүгү  үчүн ал сөзсүз жооп бериши керек.

 

5. Осмонбек Артыкбаев жөнүндө. Азыр анын жактоочулары “Осмонбек Артыкбаев бир да документке кол койгон эмес, демек анын күнөөсү жок” дешүүдө. Бирок, кылымдын афёрасынын ал энергетика министри болуп турганда ишке ашырылгандыгын, ал 2013-жылы парламентте “бул иш жүзүндө жаңы ТЭЦ курганга барабар болот, колдоп бериңиздер” деп депутаттарды ЕРСтик келишимди ратификациялоого чакыргандыгын жакшы билебиз.

 

6. Салайдин Авазов, Нурлан Өмүркулов, башка орун басарлар аткаруучулардан болушкан. Алардын жекече күнөөлөрүн сот аныктайт. Бирок, ал келишимди даярдап, ишке ашырууга активдүү катышкан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, кредиттик келишимге кол койгон Ольга Лаврова, архитектура жана курулуш жагынан ырастаган Бакыт Абдиев, президентке ТВЕАны колдоп кат жазган Нурсулуу Ахмедова сыяктуу ж.б. бир катар инсандардын ушул убакытка чейин өз кызматтарында иштеп, жоопкерчиликтен четте калып жатышкандары таң калтырууда. Ольга Лаврова пенсияга кеткен, ал эми калгандарынын кызматтарында бир күн турганга да моралдык укуктары жок. Алардын иштерине укуктук бааны күч органдары беришет, бирок саясый бааны өкмөт бериш керек.

 

Бизде аттуу-баштуу, акчалуу бирөө камалса эле анын жакындарынын туугандарын, тааныштарын уюштуруп, жазмакерлерди, сүйлөкерлерди жалдап, аны асмандата мактап, “башкаларын камасаңар да ушуну эле бошотуп койсоңор жакшы болот эле” деген мааниде суранып, тиленип, кээде док уруна баштоолору адатка айланып калган. Ырас, ал инсан катарында жакшы адамдыр, ал жагын эл билбейт, ылайым өзү гана эмес, бала-чакасы да аман болсун, бирок ал мамыктай жумшак, пахтадай аппак  болсо да кылган иши үчүн жооп бериши керек да. Мында майда бейбаштык же жаңылыштык жөнүндө эмес, мамлекетке келтирилген жүздөгөн миллион долларлык зыяндар тууралуу сөз болуп жаткандан кийин туугандык, жердештик ж.б. эмоцияларды этияттасак. Эгерде ал кредиттик карыздарды үстөктөрүнө кошуп фигуранттар өздөрү төлөшсө, биз эч нерсе демек эмеспиз.   Өкмөт пенсияларды 350 сомдонго көбөйткөнгө 700 миллион сомду араң таап жатканда, жүздөгөн миллион долларларды уурдагандар эмне үчүн “көздөрү, кыялдары жакшы” болгондуктары үчүн эле жазасыз калуулары керек? Фигуранттардын ар бири колу менен кылгандарды, мойну менен тартуулары зарыл.

 

Булак: "Аргумент"