...Эгемендик эйфориясынын иллюзиялуу кыялдары бат эле тумандай таркап, соңку он-он беш жылдан бери дээрлик жалпы элибиз мамлекетибиздин кризис сазына биротоло батып калганын өз жон терилери менен сезе баштаган жылдардагы мезгилдер оор сыноолор менен коштолуп келе жаткандыгы белгилүү. Деген менен, моюнга алуу парз, аз да болсо коомчулугубузда утуштуу жагдайлар да пайда болбой койгон жок.
Маселен, принципиалдуу жаңы турмуштук шарттарда саясый аренада көз карашы, принципиалдуулугу, көздөгөн максаты менен айырмалана алган саясатчылардын, жетекчилердин мууну пайда болду. Эгерде коомдук-саясый турмуштун жаңы баскычка көтөрүлгөнүн эске ала турган болсок, булл абдан маанилүү факторлордун бири. Соңку жылдарда улам биринин артынан бири пайда болуп жаткан проблемалар менен катар эле жаңыча ойлоно билген, азыр талаптарына шайкеш кадамдарды жасай алууга жөндөмдүү болгон саясатчылардын жаңы генерациясынын пайда болушу мыйзам ченемдүү процесс деп койсок да болот.
Жаңы моралдык-нравалык баалуулуктар орной баштаган жылдарда саясатка аралашып, республикалык масштабда жылдызы жанган саясатчылардын бири – Камчыбек Ташиев экендиги талашсыз. Ал азыркы кезде өлкөбүздүн эң таанымал жана учурдагы саясый “аба-ырайына» күчтүү таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгон саналуу саясатчылардын бирине айланып калгандыгын айта кетсек да ашыктык кылбас.
Албетте, мындай аброй күтүү, салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде жалпы өлкө масштабындагы чечүүчү фигуралардын бирине айлануу чанда гана бир адамдын энчисине туш келет эмеспи. Анын үстүнө, адам үчүн өзүнүн жеке жашоосу менен коомдук турмушунда патриотизм, прагматик, практик жана ошол эле учурда демилгечилдик, активдүүлүк сыяктуу көп кырдуу сапаттарды камтыган инсандык өзгөчөлүктөрдү чогуу ала жүрүү оңой-олтоң иш эмес. Камчыбек Ташиевдин ушул сапаттары көпчүлүк саясатчылардан өзгөчөлөнтүп, саясий аренадан өз ордун тапканга өбөлгө түзүп берди. Камчыбек Кыдырша атанын гана баласы болбостон, улут урматтаган уулга айлана алды. Бул ийгиликти Камчыбек Тагиев жөнөкөйлөштүрүп айтканда, жеке ишкердикти, бизнести жалпы коомдук кызыкчылыктарга багындыра билүү, же жогорку мамлекеттик креслодо олтурган кездеги мүмкүнчүлүктөрдү максималдуу түрдө өлкө кызыкчылыктарына багыттай алуу сыяктуу, тилекке каршы, азыркы биздин турмушта өтө сейрек кездеше турган инсандык сапаттарга ээ болуу менен багындырды.
Камчыбек Ташиевдин инсандык-психологиялык портретин тарта турган болсок, ал үчүн эң эле мүнөздүү болгон штрихтер дал ушул биз жогоруда атап өткөн өзгөчөлүктөр экендигине ынанабыз. Эл уулу азыр элүүнүн кырын багындырып турат. Элүү жаштагы саясатчы басып өткөн жолуна баам салып, “элүүгө келдим, элим үчүн эмнелерди жасаганга жетиштим” деп өзүнө-өзү суроо бере турган убак да.
Камчыбек Кыдыршаевич элүүнүн белине чыгып, басып өткөн жолун көз алдына тартып, элим үчүн жарытылуу иш жасай алдымбы?-деп өзүнө-өзү суроо коё турган болсо, көпчүлүк саясатчыларга окшоп куру убадалар эмес, элдин арасынан чыгып, эл үчүн күйгөн, эл жеп жанын сабаган, журтум деп жулунган убагы элестейт.
Кыдырша атанын уулу бой жетип, Россия Федерациясындагы борбордук жогорку окуу жайларынын бирин аяктагандан кийинзаман ыргагына жараша жеке ишкердик менен шугулданып, бул түпсүз “марафон” болгон байлык топтоо деген “мелдеште” жеке кызыкчылыкменен бирге коомдук кызыкчылыкты тең коё билүүсү көпчүлүккө таң каларлык көрүнүш эле. Ананчы, эбегейсиз түйшүктөр менен машакаттанып, кезеги келгенде түн уйкуңдан, тынч жашоодон кечип коюп каражат тапсаң, андан соң ошол бешене тер менен келген каражатты айланаңдагы колдоосу жок болгон кары-картаңдарга, социалдык колдоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жумшай билүү жапайы бизнеске жапырт кирген ишкерлердин ичинен чанда гана бирөөнүн колунан келе турган иш болуп жатса. Бул иш саясатта багалеги ката элек Камчыбек Кыдыршаевичтин колунан келди.
Кийинчерээк, жеке ишкердик масштабынан өсүп чыгып, мамлекеттик кызматка өтүп, райондук деңгээлдеги жетекчилердин бирине айланганда деле анын дайыма жалпы эл, өлкө кызыкчылыктарын алдыңкы орунга койгон көз карашында, дүйнөтаанымында кымындай да эч нерсе өзгөрүлгөн жок!..
Ишкер, жетекчи катары такшалып калган Камчыбек Ташиевдин жалпы элдик саясатка карай кадам ташташына дал ошол эл, өлкө кызыкчылыгын жогору койгон көз карашы, патриоттук сезими түрткү болсо керек. Бир мандаттуу округдардан шайлоочулар өз депутаттарына татыктуу болгон талапкерлерди тандай баштаган маалда Сузак чөлкөмүндөгү курамы интернационалдуу болгон электорат дароо эле Ташиевге токтолгондугу эле көп нерсени айтып турбайбы.
Ар бир депутат үчүн эле өз шайлоочулары, жердештери көрсөткөн терең ишенимди республикалык парламенттик кресло аркылуу актоо оңойго турбаган сыноого айланары белгилүү. Дал ошондуктан улам, бир аз мурдараак эле, шайлоо учурунда чыгаан лидер сыяктанган фигуралардын көбү дагы өлкөнүн коомдук-саясый турмушунун чордону болгон парламентке келишери менен эле, дароо катардагы эле байкалбаган фигуралардын бирине айланып, өз көз караштарына керектүү болгон, зарыл “түзөтүүлөрдү” киргизишип, жаңы депутаттык жашоого “ыңгайлашып”, “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” сыяктуу принциптерди тутунуп кетишери жашыруун эмес.
Арийне, бул “ария” Камчыбек Ташиев сыяктуу инсандын турмуштук позициясына, жеке көз караштарына ылайык келе турган “опералардан” эмес экен. Мындай деп айтууга, анын мурдагыдай эле чечкиндүү бойдон калып, өз көз караштарын жашырбай жана эч өзгөртпөй, ачык билдирип турганы, анын агымга каршы чабак ура билген депутат катары таанымал болуп калышы негиз берет.
Анын депутаттык бай тажрыйбасынан, башкасын айтпаганда дагы, саясый кырдаал абдан курч болуп турган учурдагы 2007-жылдын күз мезгилиндеги окуяларды белгилеп коюш керек. Мамлекеттик Конституция тагдыры улам улак тартышка түшүп, ар кандай саясый топтор өз кызыкчылыктары үчүн жандалбастап турган чакта, Камчыбек Ташиев баарынан дагы мамлекет кызыкчылыгын жогору коюп, бардык бийлик бутактарынын тең салмактыгын сактаган, баланстуу Конституция проектисин жактап чыккандыгы маалым. Англия королевасынан дагы алсыз болуп, бечара кейпин кийип, аты бар, заты жок бийликке айлана баштаган президенттик бийликти түзүүгө кызыкдар болгон күчтөр, албетте, ушундай курч кырдаалды пайдаланууга ыктуу келген ар кандай утурумдук реакциячыл агымдардай эле басымдуулук кылып кетти. Бирок, бир ай өтпөй эле кайра мурдагы Конституция калыбына келтирилди. Бул ошол кезде утурумдук жеңилүү ызасына туш болуп, дээрлик жалгыз калган Камчыбек Ташиев үчүн чоң моралдык жеңиш гана болуп тим болбостон, анын саясатчы катары бүгүнкү кызыкчылыктардан дагы келечекти жогору кое билген чоң саясатчыга айланып бара жаткандыгынан кабар бергендей болду...
Коомдук ишенимдин биротоло бекемделген учуруна Камчыбек Ташиев – Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп калган мезгилге туш келди. Тээ алыскы Чоң-Алай аймагындагы Нура айылы жер титирөөдөн улам дээрлик толук бойдон кыйрап калган учурда Ташиевдин патриоттук, эрктүүлүк сезими даана көрүндү десек болот. Ким билет, балким, анын ордунда башка бирөө болсо дал ошол кырдаалды өзүн пиар кылууга пайдаланып, күнүнө он маал телевизорго чыгып, эларалык маанидеги пресс-конференцияларды уюштуруп олтуруп алмак. Ал эми Камчыбек Ташиев эзелтен эл оозунда келе жаткан “азаматтын мыктысы - азыраак сүйлөп, көп иштейт” сыяктуу принципти жогору коёрун иш жүзүндө тастыктады.
2010-жылы орун алган Ош, Жалал-Абаддагы улут аралык кандуу кагылышуу окуялары жалпы өлкөбүз үчүн чоң сыноо болуп калды. Ал эми саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер үчүн бул окуялар коомчулук алдындагы рентген сыяктуу кызмат кылды. Башкача айтканда, кимдин ким экендиги алардын массалык маалымат каражаттарында, бийик трибуналарда саймедиреген сөздөрү аркылуу эмес, жасаган иштери аркылуу эң эле ачык көрүндү. Камчыбек Ташиевдин трагедиялуу кан төгүүнү токтотууда кошкон салымы эбегейсиз болгондугун азыркы күндө анын саясий оппоненттери дагы тана алышпас. Анткени, керек болсо өз өмүрүн дагы тобокелге салып коюп, “Керек болсо мени атып салып, андан кийин өтүп кете бергиле!” деп куралдуу топтун жолун тосуп, башка миңдеген өмүрлөрдү сактап калууКамчыбек Ташиев сыяктуу эр жүрөк, тайманбас, эрки күчтүү, патриот инсандын гана колунан келет! Ал ошондой кыйын кездерде эли менен бирге болду. кээ бир саясатчыларга окшоп өзүнүн бункеринде жашынып жатып албады. Эл ичинде курал атылып, шаарлар өрттөнүп жаткан учурда жашынып жатып алууга Ташиевдин адамдык абийири жол бермек да эмес.
Камчыбек Ташиев элдин таламын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойм деп жалган жалаа менен түрмөгө да олтуруп чыкты. Ал кыргыздын эсебинен алынган миллиондогон доллар насыяларды мойсоп, өлкөнүн казынасына кол салган адамдарга окшоп коррупция менен камалбады. Элдин кызыкчылыгын жогору койгон, мамлекетчил саясатчы катары көздөгөн багытынан артка кетпей, бийликтин абийирин төккөнү үчүн жалаа жабылды, анын атын булгагысы келишти. Чындык кеч болсо дагы өз ордун табат эмеспи. Ташиевдин чындык үчүн күрөшкөнү аныкталып, саясий негиз менен көө сүрткүсү келгендердин чыныгы жүзү бүгүн ачылып жатпайбы. Камчыбек Кыдыршаевич элүү жашка чыккыча саясат майданында бир топ жолду басып өткөнгө мажбур болду. Жыгылды, чалынды, чыйралды. Азыр саясатчы катары толук бышып жетилди. Анын эл үчүн жасай турган иштери али да алдыда. Камчыбек Ташиев сыяктуу патриот жана өз тагдырын өз элинен айрымалап көрө албай турган адамдар баркталбай калбайт.
Камчыбек Кыдыршаевич, элүү жаш кут болсун! Ар дайым элдин арасында эл уулу болуп жүрө бериңиз!
Наралы Асанбаев, Булак: "Жаңы Ордо" гезити