"Республика-Ата Журт" партиясы каржы жагынан кыйын абалга кептелиптир. Вести. kg сайтына аталган фракциянын депутаты Калдарбек Баймуратовдун берген билдирүүсүнө таянсак, партия келерки 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышаар-катышпасы тууралуу ойлоно элек.
"Өмүрбек Бабановсуз партиянын атмосферасы такыр башка болуп калды. Ал күчтүу лидер жана партиянын түптөөчүсү катары биздин алдыга умтултуп турчу. Балким, кийинки жылы шайлоо маселесин көтөрөөрбүз. А азыр ага акыбал жок. Анын үстүнө мен шайлоо алдындагы кампанияны каржылай турган кимдир бирөөнү көрбөй турам. Баарын убакыт көрсөтөт", - деген Калдарбек Баймуратов.
Ал эми фракциянын дагы бир депутаты Максат Сабиров Бабанов кеткенден бери партиянын саясий кеңеши бир да жолу чогулбаганын билдирген.
"Лидерибиз жок болсо кантип шайлоого бармак элек? Биздин партия капитансыз корабль болуп турат. Жакында Бабановго карата кылмыш ишин токтотушканы тууралуу маалымат тарады. Балким, мындан улам ал Кыргызстанга кайтып келип, партиянын ишин колго алат. Ошондо гана бизде кийинки шайлоого катышуу боюнча чечим кабыл алынмак", - деген ал.