Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскер Кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилянды кабыл алды. Кытай Кыргызстан үчүн жакын дос, ишенимдүү өнөктөш жана жакшы кошуна экендигин баса белгиледи. Анткени, дипломатиялык алака орногондон бери достук мамилелердин өнүгүшүнө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты туруктуу жөнгө салууга багытталган көптөгөн эки тараптуу документтерге кол коюлду.
- Биз достук мамиледеги коңшубузга өлкөбүздүн өнүгүү жылдарында ар дайым колдоо көрсөтүп келгендигине терең ыраазычылык билдиребиз. Кытайга болгон акыркы сапарымда Стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу оожалуусу туурасындагы Биргелешкен Декларацияга жана дагы эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Биз Кытай менен кызматташууну мындан ары дагы бекемдетүүгө даярбыз!- деди Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушууда ошондой эле аймакта туруктуу коопсуздукту камсыз кылуу маселелери дагы кеңири талкууланды.
- Бул өңүттө Кыргызстан Кытай, ЖККУ жана башка коопсуздук жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен биргеликте ар кандай коркунучтарга жана чакырыктарга туруштук берүүгө дапдаяр!- деп кошумчалады президент.
Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ысык салам жолдоп, аны 2019-жылы ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын Саммитинин алдында мамлекеттик визит менен чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын кошумчалады.
Баса, Кытай Борбордук аскер Кеңешинин төрагасынын орун басары Сюй Цилян 2018-жылдын июнь айында Сооронбай Жээнбековдун КЭРге болгон мамлекеттик визитинин учурунда эки өлкөнүн Куралдуу күкчтөрүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган келишимдерди жүзөгө ашырууну өзүнүн визитинин негизги максаты экениндигин билдирди.
Сюй Цилян мырза Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь Президент Сооронбай Жээнбековго ысык салам айттыргандыгын дагы баса белгиледи.
Булак: "Майдан. kg" гезити