Редакциядан: Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын көрүнүктүү уулдарынын бири, коомдук-саясий ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаев 65 жашка толду. Заманыбыздын мыкты мекенчил-патриот уулу, калыстыктан тайбай, ата-журтубуздун эркиндиги, келечеги үчүн далай айыгышкан кармаштарда алдыңкы катарларда болгон, кыргыз саясий элитасынын сап башынан түшпөгөн, президенттерге ачык каршы оюн тартынбай айтуунун үлгүсүн көрсөтүп, элге ак кызмат кылып келе жаткан агабызды бул мааракеси менен биз дагы куттуктайбыз. Өзүбүз Абдыганы Эркебаевичке арнап макала жазалы деп турганыбызда, редакциябызга агабыздын өзүнүн 65 жылдыктын “отчетун” камтыган эскерүү макаласы келип калды. Өз башынан эмнелер өткөнүн бул киши өзү баарынан жакшы билет да. Ошондуктан, макалабызды башка учурларга жыйыштырып коюп, Абдыганы Эркебаевичтин макаласын сиздерге сунуп олтурабыз...

 

Эгемендик жылдардагы тарыхый же катардагы окуялар, башчыларыбыз, баатырларыбыз, көрүнүктүү же белгилүү саясатчыларыбыз жана коомдук ишмерлерибиз жөнүндө мен көп эле жаздым. Ыңгайына жараша ал эмгектерде өзүм катышкан же күбө болгон жагдайлары да кыстара кетип жаттым. Албетте, алар үзүл-кесил болчу. Андыктан: “а өзүң эмне кылдың?”- деген суроо да өзүнөн өзү жаралбай койбойт. Демек, кеп учугун ушул жакка бурууга да туура келет. Эскертерим - бул кенен-кесир эскерүү (мемуар) же өзүмдү өзүм талдоо жана баалоо эмес (ал, буюрса, келечектин иши), баштан өткөн окуяларды жана фактыларды гана кыскача баяндоо, тизмектөө.

           

Мен саясатка кантип жана эмне үчүн аралаштым?

 

Адегенде эле белгилерим - айрымдарга окшоп саясатчынын же мамлекеттик, партиялык, чарбалык жетекчи же кызматчынын үйүндө туулуп-өскөн жокмун. Түбөлүктүү арманым- ата-энем өтө эрте, эки-үч жашымда о дүйнө салгандыктан алардын тарбиясын эмес, элесин да жакшы билбей калдым. Мындай адамдар адатта эптеп жанбакты же ууру-кески же өзүн өзү көтөргөн, өзүн өзү жасаган тың адам болуп чыгат. Алла-таала мага экинчи жолду буйруган окшойт: бала күнүмдөн чыйрак, өжөр, зээндүү болууга тырыштым, мектепте жана университетте (Лениндик стипендиант) 5ке окудум, класстын, пионер жана комсомол уюмдарынын (мектепте жана факультетте) башчысы болдум, акыйкатсыздык көрсөткөн курбалдаштар менен мушташтым, мугалимдер жана адамдар менен айтыштым, макалаларым окуучулук жана студенттик кездерде республикалык газета-журналдарга байма бай жарыяланды, аты жөнүм 2-3-курста окуганда эле республикалык адабий чөйрөдө кенир белгилүү болуп, колдоо, мактоо, жектөө сөздөрдү көп уктум.

 

Университетти бүтөр алдымда (1975-жыл) биринчи ирет тандоо маселесине туш келдим: ректор С.Табышалиев, философтор А.Табалдиев, Р.Ачылова, С.Жумагуловдор университетке алып калууга аракеттеништи, Комсомолдун Борбордук Комитетинин идеология боюнча катчысы Б.Молдогазиев “партиянын Борбордук Комитети менен макулдаштым” деп өзүнүн жанына лектор кылып апкетти. Ал жерде араң зорго жарым жыл чыдадым: адабият, илим тартып туруп алды. Акыры  ден соолугума шылтап, илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун директору А.Турсуновдун жардамы аркылуу Москвага, СССР Илимдер Академиясынын М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтуна илим-билимимди өркүндөтүүгө кеттим. Ошондо Комсомолдун Борбордук Комитетинин биринчи катчысы А.Рысмендиев, Б.Молдогазиевдин ордуна келген Т.Айтбаев жумушта калууга, мени партияга өткөрүп, чоңойтууга үгүттөшкөнү эсимден чыкпайт.

Москвадагы аталган институтта 5 жыл жүрүп (2 жыл үйрөнгүч-изилдөөчү, 3 жыл аспирант болуп), жашыруун архивдерди аңтарып, кыргыз адабиятынын тарыхын жаңыча изилдеп чыктым, Октябрь революциясына чейинки эле жазмабыз болгонун, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, К.Тыныстанов ж.б. адабий мурасын элге кайтаруу зарылдыгын борбордук журналдарга жазып далилдедим. Бул үчүн каршылаштарым “партиянын чечимдерин кайра карап жатат”- деп үстүмдөн компартиянын Борбордук Комитетине жана окуп жаткан институтума арыз жазышып, мен тиешелүү маектешүүдөн өттүм, бирок оз оюмда калдым жана диссертация коргодум.

1982-жылдын январында мени Бишкекке чакырышты. Келсем, А.Карыпкулов (Компартиянын Борбордук комитетинин илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы) жылуу кабыл алып: “партияда барсыңбы?”- деди. “Жок” деп жооп берсем: “Кап, биз сени ишке алалы дебедик беле”- деп өкүнүп, Академияга, өзүмдү Москвага жиберген институтка жана университетке ишке жайгаштырууга аракет кылды, бирок андан майнап чыкпаган соң (ал жактарга каршылаштарым алдырган жок) өзүнүн аялы иштеген жерге-В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутунун орус жана чет элдер адабияты кафедрасына орноштурду. Мен ал жерде 3 жыл иштеп, партияга өткөн соң республикалык “Кыргызстан маданияты” газетасынын редакторунун орун басарлыгына бекитишти: адегенде, “редактор болосуң” дешти эле, Т.Усубалиев “жаш, жетекчилик тажырыйбасы жок экен, бир аз үйрөнсүн”- дептир.

 

Газетада, 3 жыл иштедим. Анда М.Горбачевдин кайра куруусу жаңыдан башталган кызуу, жандуу учур. Ушундан пайдаланып, кыргыз тилин, тарыхын, маданият мурасын көтөрчү идеяларын колго алдык. Мурда 40 миң нуска газета 60, андан кийин 90 миңге жетти. Акырындап экономикага, саясатка өтө баштадык. Мен да буга аралашып кеттим.

 

1988-жылы алгач башталган атаандаштык шайлоодо тил жана адабият институтуна директор болуп шайландым. Ошондо академиктер Т.Койчуев, А.Акаев, К.Оторбаев, Б.Орузбаева, Компартиянын Борбордук Комитетинин идеология боюнча жаңы катчысы М.Шеримкулов колдоо көрсөткөнүн ыраазылык менен айтып жүрөм. Ал жылдары М.Кылыч  менен К.Тыныстановдун адабий мурасы элге кайтарылды, кыргыз тили айыгышкан саясий күрөштүн натыйжасында мамлекеттик макам алды (ал мыйзамдын долбоорун мен жетектеген жумушчу топ даярдаган), республиканын экономикалык өз алдынчалыгы жөнүндө сөздөр айтыла баштады, кыргыз жаштары жер алуу үчүн козголуп, “Ашар” коому уюшулду, акырында алгачкы оппозициячыл чоң саясий уюм - Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК) түптѳлдү. Мен ушул демилгелердин дээрлик бардыгына катыштым жана аларды колдодум, Компартиянын Борбордук Комитетинин жетекчилери менен Жазуучулар союзунда, илимдер Академиясында, Ак үйдүн ѳзүндѳ ѳткѳн жыйындарда талашып-тартышып ѳз пикиримди тартынбай билдирдим.

 

1990-жылы кѳптѳгѳн кыргыз саясатчыларындай эле мен үчүн да бурулуш болду: алгачкы ирет атаандаштык шартта ѳткѳн шайлоодо Жогорку Кеңешке депутат болдум, “Кыргызстандагы демократиялык жаңылануу жана атуулдук ынтымак үчүн” тобун уюштурган жана жетектегендерден бири катары республикада президенттик кызмат киргизүү, аны шайлоо, эгемендикти (суверенитет), кѳз карандысыздыкты жарыялоо, саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүү боюнча алгачкы мыйзамдарды, туңгуч Конституцияны талкуулоо жана кабыл алуу сыяктуу ири жараяндарга жана иш-чараларга катыштым.

1991-жылы Н.Исанов жетектеген ѳкмѳттѳ Жогорку Кеңештин бекитүүсү менен басма сѳз жана маалымат министринин, ал автокырсыктан кайтыш болгондон кийин түзүлгѳн ѳкмѳттѳ (башчысы - Т.Чыңгышев) социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин кызматын аткардым. Ошол убакта менин башчылыгым менен даярдалган басма сѳз жана маалымат каражаттары, билим берүү, илим жана илимий-техникалык саясаттын негиздери, маданият ж.б. жѳнүндѳгү мыйзамдар алымча-кошумчалар менен  дале колдонулуп келатат.

 

Вице-премьер-министр кезимдеги үч-тѳрт нерсени канааттануу менен белгилегим келет. Биринчиси – 1991-жылы ГКЧП ойрон болгондон кийин Компартияга тыюу салынганда А.Акаевге Компартиянын ишсиз калган айрым мурунку жетекчилери менен кѳрүнүктүү ишмерлери А.Масалиевди, К.Молдобаевди, А.Карыпкуловду, U.Сыдыковду, М.Капаровду мамлекеттик кызматка тартууну сунуш кылгам. Ал туура кѳрүп, баарына иш берүүгѳ макул болгон жана аны жасаган. Менимче, биз сыяктуу саны аз калктар ѳз ара кең пейил, кечиримдүү болуп, мыкты адамдарын пайдалана билүү керек.

 

Экинчиси - 1992-1993-жылдары ѳлкѳдѳ ачылган жаңы жогорку окуу жайлар жана илимий мекемелер. Алар Бишкектеги орус тили жана адабияты, кыз-келиндер, Ош жана Ысык-Кѳл пединституттарынын университетке айланышы, кыргыз-орус (славян) университетинин, улуттук консерваториянын  курулушу, архитектура, транспорт университетинин, Жогорку сүрѳт окуу жайынын (азыркы Академия), Эл аралык жана Чүй университетеринин, Ошто жогорку технологиялык институттун (азыр университет), Жалал-Абад педагогика, зооветеринардык жана кооперативдик техникумдардын негизинде университеттин жана институттун (азыр К.Токтоматов атындагы эл аралык экономикалык университет), Улуттук илимдер Академиясынын Түштүк бѳлүмүнүн түзүлүшү, “Тунгуч” жаштар жана Бишкек драма театрыларын ачылышы.

 

Uчүнчүсү - кыргыздардын Бүткүл дүйнѳлүк 1-курултайы жана “Манастын” 1000 жылдыгы. Мен кызматыма жараша ушул иштердин башында тургам. “Манастын” 1000 жылдыгын А.Акаев экономикалык тартыштыктан улам 1995-жылдан кийинкиге жылдыралы дегенде кѳпчүлүктүн алдында кабыл алынган чечим (1992) ѳзгѳрбѳйт, “Хандын сѳзү эки болбойт”- деп ѳз мѳѳнѳтүндѳ (1995) ѳткѳрүүгѳ кѳндүргѳм.

 

Төртүнчүсү – 1993-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясын түзүүгө жана түптөөгө демилгечилердин бири болгом. Бул ишке анда Ж.Ибраимов, И.Кадырбеков, К.Бөкөмбаев, А.Атамбаев жана башкалар белсемдүү катышкан. Биз мамлекеттик жооптуу кызматтарда болгондуктан, ишти алып кетүүнү жашыраак жана бошураак А.Атамбаевге жана А.Жапаровго тапшырганбыз.

 

1993-жылы жайында Ош областына аким болуп кеттим. Ушуга байланыштуу бир нерсеге тактык киргизүүгө туура келет. Т.Чыӊгышев өзүнүн “Эскерүүлөр: окуялар, адамдар” аттуу орусча чыккан китебинде А.Акаев “суранып жатат, жиберели. Андан ары эмне болсо...” деп бир топ сөздөрдү айтканын жазыптыр. А.Акаев көзүмчө бирди, артыңдан башкача айтканын мен деле көп көрдүм, бирок бул кеп боюнча чындык мындай.

 

1992-жылы сентябрда Жалал-Абадда Б.Осмоновдун тегерегинде чатак чыкканда президенттин аппарат башчысы Э.Карабаев менен кеӊешчиси Л.Левитин мага келип, “ошол жакка барбайсыӊбы?”- дешкенде: “Ал жер жаӊы эле область болду. Башка жактык жетекчини кабыл алышпайт, анан калса оштуктар менен талашып жатышат. Ошондуктан өздөрүнөн, мисалы, А.Тагаевди карап көрбөйсүӊөрбү” деп макул болбогом. Бир айдан кийин, октябрда А.Акаев менен чогуу Сауд Аравиясына барып, кайтып келатканда ал учакта: “Ошко барганга кандайсыӊ?” дегенде макул болгом: “Барса барайын. Өз жерим эмеспи” деп.

 

Ошондо мен саясаттан алгачкы жана түбөлүктүү бир сабак алгам. Аравиядан келгенде бир аз убакыт өткөндө Ош областына сапарга барганда Алайлык жердешим, мурдатан тааныш А.Сапарбаевге (ал Өзгөндө аким эле) ишенгенден: “Ошко келип калышым ыктымал” деп сыр ачып койсом, ал областтын башчысы Б.Сыдыковго жеткирген окшойт, Ак үйгө мени “1990-жылы Оштогу коогалаӊды уюштурган” деген телеграммалар, кайрылуулар келип түштү. Ошондон бери ишке аша элек кызмат жөнүндө эч кимге ооз ачпайм.

 

Ошко барганымда, албетте, “бу филолог чарбаны кайдан билсин” дегендер да көп болду. Бирок мен бала күнүмдөн кой баккан агамдын жанында жүргөм, айылдык башка балдар сыяктуу чөп оргом, сугат кылгам, картошка отоп, чапкам, пахта тергем. Анан калса басма сөз министри жана вице-премьер-министр кезимде газета, китеп иши менен таанышкам, базар экономикасы, социалдык саясат жөнүндө көп окугам. Ошондуктан Ошто анча деле кыйналган жокмун, күнү-түнү эл арасында жүрдүм, областтын райондорун, айылдарын (анда Баткен да карачу) тынбай кыдырдым. Ошондо алыскы айылдарда: “Султан Ибраимовдон бери бир да область жетекчиси келе элек болчу” деген сѳздѳрдү эшитип жаттым. Кызыл-Кыяда, Сүлүктүдѳ, Айдаркенде, Кадамжайда кен ишканаларынын түпкүрүнѳ түшүп, кенчилер менен сүйлѳштүм. Анда да “эч бир чоң минтчү эмес эле” деп таң калышты. Айрыкча Айдаркенде эки-үч айлап, жарым жылдап айлык акы албастан, жумуштан кыскартылган 2-3 миң кылкылдаган эл менен бетме-бет сүйлѳшкѳнүм эч эсимден кетпейт.

 

Областтын активи үчүн 1994-жылы кышында ѳзүм баштап базар экономикасы боюнча лекция окуп, окуу уюштурганбыз (менеджмент, маркетинг, инвестиция кандай болот деп), агрардык-жер реформасын чечкиндүү колдогонубуз (бул жѳнүндѳ Б.Талгарбеков ѳзүнүн китебинде жазыптыр). Жалпысынан мен жетектеп турганда областтын экономикалык кѳрсѳткүчтѳрү республика боюнча алдыңкы орундардан түшкѳн эмес. Буга ошол кездеги статистикалык жыйнактар күбѳ.

 

Саясий жактан да эки-үч маанилүү иш болгон. Биринчиси, улуттук валюта - сом киргенден кийин (1993-жылы, 10-май) область Ѳзбекстан жана Тажикстан жактан жабылуу экен, Ошко барарым менен эки ѳлкѳнүн чектеш областтарынын акимдери менен жолугуп, натыйжасында 14-августта Ошто А.Акаев менен И.Каримовду жолуктурганбыз, сентярь айында Наманганда Фергана ѳрѳѳндүн беш областынын акимдери жолугуп, кызматташтык тууралуу документке кол койгонбуз. Мындай иш-чара ошондон бери унутулуп, ѳткѳн жылы гана кайра жандан баштабадыбы.

 

Экинчиси – Оштогу кыргыз-ѳзбек университети менин демилгем, А.Акаевдин колдоосу (ошол кездеги билим министринин каршылыгына карабастан) боюнча ачылган.

 

Uчүнчүсү - 1994-жылы жайында А.Акаев менен жеке сүйлѳшкѳндѳ, ал бардык, областтардын акимдерин Ысык-Кѳлдѳ чогултканында эки палаталуу парламент түзүү идеясына каршы чыкканмын. Мындай оюмду областтын эл депутаттар кеңеши да колдоп, атайын чечим кабыл алган. Менин мындай мамилем жана Б.Осмоновду орун басар кылып алганым А.Акаевге жакпай (“түштүктѳрдү топтоп жатат” деп), күзүндѳ  элдик референдум кош палаталуу парламентти жактыргандан кийин “Эл ѳкүлдѳр жыйынынан тѳрага болосуң” деп шайлоого катышууну суранган. Буга ошол кездеги областтык акимдердин баары күбѳ болгон.

 

Ушул сѳз боюнча 1994-жылы декабрьдын аяк жагында шайлоого катышуу боюнча арыз жазгандын эртеси президент мыйзамды бузуп (ал боюнча шайлоонун жыйынтыктары чыкканча кызмат ордум сакталыш керек болчу) акимдиктен бошотуп, ордума Ж.Рустамбековду дайындады, ал ыраматылык А.Бакаев менен бирге күч түзүмдѳрүн, жергиликтүү акимдерди айгактап (мен аларды чогуусу менен Лейлектин Арка ѳрѳѳнүндѳ жолуктуруп: “Бул күндѳр да ѳтѳт, аман болсок кѳрүшѳрбүз” дегем) мени ѳткѳрбѳѳгѳ жан далбастады. Лейлектин элине миң мертебе ырахмат, ѳздѳрүнүн мага атаандаш болгон беш кулунун эмес, мени шайлады. Ошондо бүт Кыргызстан боюнча башка жерден шайланган жалгыз депутат болдум, мага жан тартып ѳлкѳбүздүн ар кайсы жактарынан күйѳрмандар, алардын арасында Ѳ.Текебаев барды.

 

Шайлоодон кийин эл ѳкүлдѳр жыйынындагы А.Атамбаев баш болгон КСДПнын депутаттары (И. Ѳмүркулов, Т.Абдраимов, С.Жээнбеков ж.б.) мени 2 ирет тѳрагалыкка кѳрсѳтүштү. Бирок бийлик (А.Акаев) А.Матубраимовду колдоп жаткандыктан ѳтпѳсүмдү билип (ишке ашпас нерсеге азгырылбоо - саясаттагы принциптеримдин бири) талапкерлигимди алып койдум. Буга А.Атамбаев кѳпкѳ дейре нааразы болуп жүрдү.

 

Эл ѳкүлдѳр жыйынында адегенде социалдык маселелер боюнча комитеттин тѳрагасы катары айлык алып иштеп, биринчи жолу саламаттык сактоонун, армиянын (бизде ага чейин эч ким армиянын абалына кызыккан эмес), кароосуз калган кичи шаарлардын абалына маани берип, бүт республиканы кыдырып, палатанын сессиясында караганбыз. Эки жылдан кийин (1997) депутаттар А.Матубраимовдун ишине алымсынбай, аны алмаштырып (ротация), мени тѳрагалыкка шайлашкан. Ага А.Акаевдин тиешеси жок. Ошого карабай мен 1995-1997-жылдары А.Акаевге бир кезде илимдер Академиясында, андан кийин аткаруу бийлигинде чогуу иштегенибизди эске алып, эч кандай каршы (оппозиция) болгонум жок, анын 1994-жылы кѳрсѳткѳн соккусун сабырдуулук менен кѳтѳрдүм, 1998-1999-жылдары элибиздин биримдиги, бийликтердин ынтымагы үчүн конструктивдүү кызматташтым. Анда бизди кыйнаган бир маселе - А.Акаевдин “кызыл” директорлорго каршы чыгарган Жарлыгы жана депутаттар М.Айбалаев, Ч.Сыдыков, К.Кудайбергенов, Б.Эркинбаев, Б.Воробьев, Ж.Казакбаев ж.б. (бардыгы 9 депутат) Башкы прокурор козгогон кылмыш иши болду. Арийне, депутаттар тилектештик кѳрсѳтүп, эч кимисине макулдук бербеди. Бирок кийин Ж.Казакбаев, Б.Воробьев, М.Калмурзаев камалганда мен аларды атайын барып кѳрдүм, ахвалдарын сурадым. Бул менин адамдык парзым эле. Ага чейин эч бир чоң жетекчи антчү эмес экен. Ушундам улам Улуттук коопсуздук кызматынын ал кездеги тѳрагасы Т.Айтбаевдин: “Жарыктык, сиздей чон адам да түрмѳгѳ келеби?”- деген сөзү эч жадымдан чыкпайт.

2000-жылкы шайлоодо эки багытта КСДП аркылуу партиялык блокто (“Демократиялык күчтѳр кошуну”) жана Кадамжай округунда катыштым. Биринчи блок аркылуу депутаттыкка ѳттүм, округ боюнча 300дѳй добуш жетпей калды. Ал жактан койгон максатым - эгер ѳтүп калсам партиядан башкаларды жылдыруу эле. Эгер бийлик колдонсок, ал жерде да натыйжаларды ѳзгѳртсѳк болмок. Бирок мен андайга, мыйзам бузууга эч убак барбайм. Атаандаштын негизде мен эми Мыйзам чыгаруу жыйынына 39 добуш менен тѳрага болуп шайландым (атаандашым А.Масалиев эле, ал 13 добуш алды). Жашырганда эмне, бул сапар А.Акаев, бийлик мени колдоду.

Мыйзам чыгаруу жыйынындагы эң курч, чыр-чатактуу окуялар кыргыз-кытай чек арасын ажыратуу жана Аксы кайгысы болду. Мында мен улуттук кызыкчылыкты жана эл аралык укук ченемдерин эске алып биринчи учурда А.Акаевди жактадым, Аксы окуялары боюнча А.Бекназаров жана аны колдогон эл тарапта болдум: А.Бекназаровду кѳргѳнү Жалал-Абаддагы СИЗОго, кийин Бостпиектеги эстелик ачууга бардым. Расмий чоң жыйындарда Ф.Куловду бошотууга чакырдым, коопсуздук кеңешинин жыйындарында А.Акаевге бир нече ирет каяша айттым. Дагы бир ийгилигим - улам айтып, кат жазып жатып Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин жолугушуусун Ташкенде жана Алма-Атада ѳткѳрүп, бизди И.Каримов менен Н.Назарбаев кабыл алды.

 

Ырасын айтсам, 2005-жылкы парламенттик шайлоого катышкым келген эмес. Анткени 2003-жылкы конституциялык ѳзгѳрүүлѳргѳ ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары күчѳп, баары эле, айрыкча акчалуулар ага алдын ала даярдана баштаган. Менде андай каражат жок болчу. Ошондуктан бир жарым жыл мурда, андан кийин да А.Акаевге “ылайыктуу иш берсеңиз, 2005-жылдагы шайлоого катышпай эле койсом” деген ниетим билдиргем. Мурда: “Ты у меня последний патрон” деп эки-үч курдай айткан (ал, менимче, башкаларга деле ушинтип айтса керек), 2000-жылы шыпылдап колдогон ал бул саам андай ынтызарлыгын кѳрсѳткѳн жок. “Мейли иш берейин” деп айтпай, “Катыша бербейсиңби? Колдойбуз” дегендей сыпаа жооп узатты. Шайлоо жакындаганда 2004-жылы жайында А.Масалиев: “К.Бакиев нымтыраган жоош неме экен, эч ооз ачпайт, президентикке жарабайт, эгер кааласаңыз биз колдоп, элди аралап үгүттѳп берели” деп, бир айдан кийин күтүлбѳгѳн жерден о дүйнѳ салды. Кѳпкѳ ойлонуп жүрүп, күрѳш курч болорун билип, акыры кез келгенде ѳзүм туулуп-ѳскѳн Алай-Чоң-Алай округун тандадым. Элге ырахмат, үч татыктуу атаандаштын ичинен (И.Исаков, М.Султанов жана мен) жердештерим мени шайлады: экинчи айлампада И.Исаков мени колдоду, натыйжасында М.Султановду бир жарым миң добуш ашыкча алып уттум. Кечинде окружком мени куттуктап, түндѳсү Бишкекке жѳнѳп келе бердим. Ошол түнү М.Акаеванын адамдары Алайга “Эркебаев эмне үчүн утуп кетти?” деп телефон чалышыптыр. Эртеси М.Султанов тарапташтары менен эки жерден Ош-Эркештам жолун тосуп, окружкомду басып алып, күчтѳп жатып шайлоонун жыйынтыктарын бузушуптур (ал жѳнүндѳ кагаз жүзүндѳгү жана диктофондогу жазуулар бар). “Эл арасында чатак чыкпасын” деп мен тарапташтарымды эч жакка чыгарган жокмун, укуктук талаада аракет кылдым, бирок андан майнап чыккан жок. Кѳрсѳ, бийликке келген К.Бакиев М.Султановду колдоп кѳрсѳтмѳ бергенин кийин расмий адамдар (Т.Абдраимов) айтып беришти.

 

К.Бакиевге эки-үч жолу кабинетинде жолукканымда баарын танып, илимдер Академиясына президент же улуттук университетке ректор кылабыз деп, анысын да аткарбады. Администрация башчысы М.Садыркулов ѳзү келип жолугуп, “Ѳзбекстанга элчи болуңуз” деди эле, мен макул кѳрбѳдүм. Кайрадан сабыр күтүп, үч жыл элдин, ѳлкѳнүн тынчтыгы үчүн К.Бакиевди колдодум. Акыры ал да чектен чыгып, Конституцияны ѳзүнѳ ылайыктап ѳзгѳртүп, “Ак жол” партиясын түзүп, Жогорку Кеңешти кол балага айлантып, үй-бүлѳлүк, зордукчул режимге ѳткѳндѳ оппозицияга кошулдум, “Акыйкаттык үчүн”, “Коомдук парламент”, “Бириккен элдик кыймыл” уюмдарынын жетекчилигине кирдим.

 

К.Бакиев 2010-жылы 7-апрелде каршы кѳтѳрүлгѳн элди канга боёп качып кеткенде оппозиция башчыларынын бири катары мен дагы Коопсуздук Комитетинин имаратынан сурактан бошотулуп, Убактылуу Ѳкмѳткѳ мүчѳ болдум. Ал ѳкмѳт мүчѳлѳрүнүн ичинен жалгыз кызмат, айлык албай эки (апрель окуялары жана түштүктѳгү этникалык кандуу кагылышууну иликтеген) комиссияны жетектеп бердим. 2011-жылкы президенттик шайлоо “эски дос эстен кетпейт” кылып, оппозицияда жана Убактылуу Ѳкмѳттѳ чогуу жүргѳн А.Атамбаевди колдодум. Ал президент болгон соң ыраазылык билдирип, элчилик жумуш сунуш кылды. Мен макул кѳрбѳй “ѳлкѳдѳ эле иштегим келет” десем, “Илимдер Академиясын жоёлу деп жаттык эле, ал тоталитардык мамлекеттерге мүнѳздүү турбайбы” деди. Мен каршы далилдерди келтирип, дүйнѳдѳгү Академиялардын тарыхын, тажырыйбасын айтып бердим. Акыры кѳнүп: “Анда ошол жакка барып иштеп тур. Дагы кѳрѳрбүз” деди. Ошентип, 2012-жылы апрелде Илимдер Академиясына президент болдум. 2-жыл ѳтүп-ѳтпѳй, А.Атамбаев баягы ырын (же чырыбы?) кайра баштап, 2014-жылы Академияны жоюп, аны коомдук уюмга айлантуу керек деп чыкты. Мен анык каяша кылып, бул президенттин Конституциялык ыйгарым укугуна кирбей турганын ачык жар салдым. Академияга каршы ѳнѳктүк уланып, саясий жана каржылык жактан колдоо болбой, анын макамын, кадыр-баркын тѳмѳндѳтүү аракеттери күч алган соң акыры 2017-жылы мѳѳнѳтүмдѳн 1 жыл мурда ѳз ыктыярым менен кызматтан кеттим. Азыр ѳзүм бир кезде иштеп кеткен И.Арабаев атындагы университетте профессормун: ушул жерден чон кызматтарга кеттим эле, ушул жерге кайра келүүнү чечтим.

 

Ѳкүнгѳнүм - азаттык алганыбызга 30 жылга жакындап калса да дүйнѳдѳгү жана КМШ ѳлкѳлѳрүнүн арасындагы эң артта калган, кедей мамлекеттердин катарында келе жатканыбыз. Мунун негизги себептери деп элибиздин тыным билбей эмгектенбегени, камарабастыгы, үнѳмдүү, сарамжалдуу жашабай (айталы, ѳнүккѳн, бай жашаган америкалыктарга, немистерге, япондорго корейлерге, кытайларга окшобой), аш-тойлорго, ысырапкорчулукка берилгенин, элитабыз таза, жоопкер, мекенчил, элдик болбой, ѳз кызыкчылыгына, бири бирин кѳралбастыкка, байлыкка, жемкорлукка, бийлик талашууга белчесинен батканын эсептейм. Кайра-кайра ѳткѳн шайлоолор, референдумдар, үч революция (1990, 2005, 2010), эки президенттин, кѳптѳгѳн тѳбѳлдѳрдүн качышы, кан тѳгүү менен коштолгон улут аралык эки ири кагылыш (1990, 2010), ѳкмүттүн отуз ирет (жыл сайын!) алмашуусу, 230 партия, 4 млрд. доллардан ашкан тышкы карыз, жемкорлукка, саясий таймашка байланышкан далай сот процесстери ушулардын айкын далилдери болбодубу. Мен мамлекеттик мүлктү талап-тоноого, уурдоого, менчиктештирүүгѳ, каржылык-чарбачылык шектүү иштерге эч убак аралашпасам да, Кыргызстандагы ушундай абал үчүн ѳзүмдү күнѳѳлүүдѳй, жооптуудай сезем.

 

Буга кошумча – ѳзүм аша чапкан, чийинден чыккан (радикалдык, экстремисттик) иш-аракеттерди жактырбаганым менен кээде акыйкатсыздыкка, мыйзамсыздыкка каршы чечкиндүү күрѳшкѳ кѳтѳрүлбѳгѳнүмдү, ѳзүмдүн адамдык жана саясий бийик макамымды, жеңиштеримди коргоп калууга, кѳрүнүп, сезилип турган жаңы бийиктиктерге батыл умтулбаганымды моюндайм. Мунун себептери -менин кантсе да тынчтыкты, бейпилдикти, элдин биримдигин ѳзүмѳ караганда ѳйдѳ койгонум. Ошондуктан акырында айтарым - Кудай кубат берсе мындан ары да эл, коом үчүн ак дилден, таза ниетте колдон келишинче кызмат кылуу. Ага 65 жаш мүмкүндүк берет деп ойлойм: коомдук иш, саясат жана чыгармачылык үчүн бул жедеп бышкан, жетилген курак эмеспи. А чыгармачылыкты болсо мен эч качан, атүгүл саясий-мамлекеттик иштерде жүргѳндѳ да таштаган жокмун. Ага кѳптѳгѳн макала, маек, китептерим күбѳ.

 

Ушул ѳнүттѳ (саясат жана чыгармачылык жөнүндө) 1990-жылдары курсташ досум, азыр Кыргызстандын эл акыны А.Рыскулов, мага арнап: “Аким эмес, акын болсок дечү элек” деп ыр жазганда мен дүйнөлүк тарыхтын көп сандаган мисалдарын келтирип “Акындар жана акимдер” аттуу атайын макала-эссе жазгам. “Өзүмдү эмес, ѳлкѳнү ойло” деген акыркы китебимде (2016) андагы ойлорду андан ары ѳнүктүргѳм. Менин терен ишенимим – күчүн барда, ѳлкѳң үчүн, эл үчүн колдон келгендин баарын жаса!

 

 

Абдыганы Эркебаев, Булак: “Майдан. kg гезити