- Президенттин Түркмөнстанга жасаган иш сапары мамлекет үчүн пайдалуу болдубу?

 

 

- Иш сапардын пайдалуу же пайдасыз болгонун азыр баалаганыбыз эртелик кылат, себеби анын баары алдыдагы алака-катыштан билинет. Жолугушуудагы шаң-салтанат менен кол коюулар жөн гана иш. Мисалы, К.Бакиев деле Кремлге дембе-дем барып, ынтымактуу көрүнгөн, бирок иш жүзүндө мамиле үзүлгөн экен. Ал эми А.Атамбаевдин маалында Түркия жана Казакстан менен карым-катыш начарлады. Өзгөчө Казакстан менен болгон тирешүү бүткүл элге билинди. Жаңы шайланган президенттин көсөмдүгү ушунда болду, экс-ажонун айдагы менен кетпей, коңшу жетекчилер менен ынтымакты чыңдай алды. Орус, казак, өзбек, тажик, кытай өлкөлөрү менен мамиле жакшырды. Ошонун уландысы катары Түркмөнстанга барып-келди, бул жакшы саамалык. Бирок тоңуп калган мамилени оңдоп койгон менен эле маселе чечилип калбайт, аны өнүктүрүш керек, көптөгөн түйүндүү маселелерди чечиш керек. Кептин баары ушул жерде жатат. Факты катары эл аралык маанидеги бир маселени кыстара кетсем, Тажикстандагы кыргыздардын көптөгөн көйгөйлүү маселелери чечиле элек. Мектеп программасы. китеп, тамак-аш, маданий байланыштары ошол бойдон жатат. Сооронбай Шарипович Мургаб районуна барган, баарын эң жакшы билет, эми кыймылдайт деген үмүт бар. Ток этээрин айтканда, иш сапарлар элге жемишин бергенде гана мамлекет үчүн пайдалуу болду деп айтсак жарашат.

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити