- Камчыбек Кыдыршаевич, көптөн бери гезит, телерадиого чыкпай калганыңызды ар кандай жоромолдоп жатышат, ошондуктан атайын кабар алганы келдик сизге. “Эл ичинде элек жок” демекчи, бирде “кызмат бербей койгону үчүн Сооронбай Жээнбековго таарынычы күч, бирок ачык колдоп чыгып алып, эми каршы сөз айткандан уялып жүрөт” дешсе, айрымдар андан да алыс кетип, “Атамбаевге кошулуп алып бийликке каршы чыгат”- дегенге чейин барышууда. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

 

- Атайын келип, кабар алганыңыз үчүн рахмат айтам. Мен өзүңүз көрүп тургандай, эч жакка кеткен жокмун, жай гана ар бир адам баласы сыяктуу турмуш-тиричлигимди өткөзүп жатам. Эл болгондон кийин ар кандай сөздөр чыга берет экен. Сурооңузда да белгилеп өткөнүңүздөй, мен Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин чын жүрөгүмдөн колдогом, ошондуктан, ал киши менен эч нерсени соодалашкан эмесмин. Бүгүн бирок, айрым күчтөр ортобузду салкындаткысы келип жатабы, айтор, “Ташиевге кызмат бербей койсо таарынып калыптыр, эртең Атамбаевге кошулуп кетет”- дегендей тантыраган кептерди жайылтып жатышат. Мен так кесе белгилеп кетким келет – мен эч кандай кызмат күткөн жокмун. Кызматың жок болсо деле элге кызмат кылсаң болот. Сөзсүз эле чоң кабинетти ээлеп олтуруштун кереги жок. Тескерисинче, элдин ичинде аралашып жүргөн мага жагат. Бир гана жагдай – шайлоочулар жолукканда Сооронбай Шариповичтин “уулуңар ар дайым менин жанымда болот”- деп айтканын сурап калышат. Мен жанында жүрбөгөндө эмне кылып жатам? Кудайга шүгүр, президентибиз эл алдында берген убадаларын аткарып, жакшы иштеп жатат, коррупционерлерди рангасына карабай жазалай баштаганы чоң эрдик. Буга эрк керек болчу. Эрки бар экен демек. Биз азыр президентти колдошубуз керек, ошол эле учурда жардам керек деп чакырса, эл, мамлекет үчүн кызмат кылууга даярмын. Ал эми Атамбаев боюнча мен мурда эле экөөбүздүн жолубуз эки бөлөк экенин айтканмын.

 

- Партияңыздын иши токтоп калгандай...

 

- Жаңылышасыз, билинбеген менен, биз партиянын ички саясатын талдоо, кадрларды иргөө жагынан чоң жумушту жасап келдик. Мурдатан арабызга кошулуп, бирок, чыныгы мекенчилдик саясатыбызга каршы иштеп туруп алган көп адам менен коштоштук. Партияны заман талабына жараша реформаладык. Биз шайлоого тизме түзүүдө мурункудай жаңылыштык кетирбейбиз. Элин сүйгөн, таза, булганбаган адамдарды катарыбызга кошуудабыз.

 

- Ошондо башка партиялар менен биригесиздерби?

 

- Жок, бизге кошулгусу келсе, сүйлөшөбүз, кошуп алышыбыз мүмкүн. Бирок, парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясы өз алдынча чыгат.

 

- Президент С.Жээнбеков коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жарыялап, бул ар бир адамга жагып жатканы менен, экономикалык кырдаалыбыз начарлап кеткени байкалууда. Акыркы кезде ири инвесторлорго чабуул жасоо фискалдык органдардын көндүм көрүнүшүнө айланды. Инвестициялык шартыбыз өтө начар. Минтип олтурсак экономиканы кантип көтөрөбүз. Коорупцияга каршы күрөш курсак тойгузбайт экен да...

 

- Коррупцияга каршы күрөшүш керек, ансыз бир да мамлекет өнүгө албайт. Бизде бул илдет аябай тамырлап кеткен экен, мурдагы премьер-министрлер баш болуп камалып олтурушат. Айрыкча бул көрүнүш мурунку президент турганда аябай өнүгүптүр. Оппозицияны жалган жалаалар менен четинен камап тынчытып, кой деген кожо жок, жакшы эле чардашканы билинип турбайбы. Бул күрөштүн пайдасы азыр билинбеген менен, келечекте пайдасын жакындан сезебиз.

Экономика, инвестиция деп жатасыз. Инвесторлорду тартыш керек. Алар менен алака жакшы болуп, экономикага акча салып турушпаса, абалыбыз мындан да оорлоп кетет. Бирок, алгач буга чейин алынган кредиттердин чоо-жайын бүт иликтеп чыксак жакшы болот эле. Айрыкча, биз үчүн кытай кредити өтө кооптуу. Алар дүйнөнүн бардык бурчунда жүрүшөт. Бирок, кытайларга ыраазы болгон эч ким жок. Себеби булар инвестиция шылтоосу менен алып келген акчасын кайра өздөрү алып кетишүүдө. Ал анткен менен биздин мойнубузга илинип жатат. Жолдорду салышты, бирок алар кайра талкалана баштады. Кытай эч качан сапаттуу нерсе жасабайт. Бузулса, кайра акча сураса дешет. Мына, Чаткалда эле отуздан ашуун кенди казып жатышат. Барсаң бардак. Жергиликтүү калк бекеринен буларга каршы чыгып жаткан жок. Инвестор деп эле дүйнөбүздү буларга талатып карап олтурган болбойт. Бул жагынан өкмөт жакшы иштеп, инвестициялык шартты жакшыртуу менен бирге аларды да иргегенди билиши эп. Булар жеп, ичип, талкалап кете берет. А бизге бирок эл менен мамлекет эртең керек да!

 

Экономикада азыр өсүш жок. Буга министрлер кабинетинин чабалдыгы да себеп болуп жатат окшойт. Арасында жумушун билбеген, асмандан түшкөн адамдар жүрөт. Кадр саясатынын аксап жатканына бул далил. Ошентсе да, өкмөт көбүрөөк тез арадагы натыйжага эмес, келечекке иштеп жаткандай көрүнөт мага.

 

(Уландысы бар)

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg” гезити