КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди туш тарабынан соккулап, эгер илинчек табылса азыр эле талпагын чыгарганды каалаган күчтөр чыгып жатыры. Шамал кайдан согуп жатканы айтпасак деле белгилүү, азыр атамбаевчилер Жээнбековду жаман көрсөтүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт.

 

Атамбаев жети жылда жасай албаган “Коопсуз шаар” долбоорун көрсө, булардын логикасына таянсак, Бакыт Шаршембиев жарым саатта бүтүрушү керек экен чиркин! Эгерде аз күн мурда өтпөй калган тендер ойдогудай өтүп, женүүчү фирма аныкталган болсо, анда да “көз брёмочулук болду, акчасын алып ушуну жеңди кылды”- деп кыйкырып чыгышаары турган иш болчу. Тендердин техникалык каталыктан улам гана үзгүлтүккө учураганын, буга өкмөт, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин кылдай да күнөөсү жок экенин билип турушса да буларда “ар” барбы, эптеп жаманатты кылыш үчүн балакеттин баарын жазышууда. Мына, бир гезит жазыптыр: “Бакыт Шаршембиев Кыргыз Өкмөтүнүн беделин түшүрүп, шалаакылыгын айгинеледи. Бул жигитти премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев эмнеге мынча бапестеп, канатына калкалап бөпөлөп жатканы түшүнүксүз. Сыягы оозу-мурду майланып, колу-буту тушалып калган окшойт. Болбосо тиешелүү органдар тарабынан ишмердүүлүгү шек жаратып кылмыш иши козголгон Шаршембиевди эмнеге мынча тайраңдатат?”.

 

Тушубузда маалыматтык технологиялар улам алдыга жылып бараткан заман. Бул шартта эски ыкмада иштөө – өзүбүздү өзүбүз дүйнөлүк тенденциядан четтетүү экенин бир гана ушул Бакыт мырза түшүнүп, бул багытта чачкын иштеген мекеме-уюмдарды бириктиргени жалганбы? Заманбап маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу менен мамкызматтардын сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик структуралардын эл алдындагы ачыктыгын камсыздоого күйүп-бышып улам жаңы долбоорлорду ким алып чыгып, жүзөгө ашырууга ашыгып келет? Негизи кыргыз ичинде укмуш эле адамдар бар. Иштегенди көрө алышпайт, иштебей койсо да буларга жакпайт. Ошондуктан, буга окшогон тентектерге теңелбей эле, көздөгон багытыныздан жазбай, эл үчүн иштей бериңиз Бакыт мырза! Сиздин эмгекти кийин эл баалайт! А көрө албастардыкы качан жарычу эле?!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити