Күтүү... Күзгү саясий сезон Кыргызстанды кайда алпарат?

 

- Адатынча, күзүндө саясий кырдаал курчуй түшөт эмеспи? Аны утурлай саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Митинг, пикет, нааразычылык акциялары болушу ыктымалбы? Андай акцияларды ким баштап чыгышы мүмкүн, бош турган оппозициялык талааны кайсы саясатчылар ээлейт?

 

 

- Менин оюмча, күз саясий жактан тынч эле өтөт. Себеби, шайланган президентке ишеним жетиштүү. Маселе, өкмөт кышка кандай даярдык көрөт, эгиндерди жыйноо иштери кандай жыйынтыкталат, энергетикада абал кандай болот – ошого байланыштуу. Отургузулган коррупционерлерден бюджетке акча кайтарылышы керек, коррупцияга каршы иштер уланышы абзел, жарыяланган реформалар акырындап башталышы керек. Тышкы жана ички саясат стабилдүү болушу зарыл. Негизги саясий күрөш 2020-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосунда башталат. Ага чейин өкмөттө реформаларды кылганга, көзгө көрүнө турган иш-чараларды жасаганга толтура убактысы бар. Эгер өкмөт ошол мүмкүнчүлүктү туура жана эффективдүү пайдаланса, анда 2020-жыл деле тынч өтөт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити