Кыргыз өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, же эскиче айтканда губернатору Туйгуналы Абдраимов да күзүндө Ак үй баштай турган генералдык “чистканын” арааны менен кызматын жоготчудай болуп турат.
Анын мактанып, көкүрөк койгулагандан башка иш жасай албай жатканын премьер-министр да, президент да сонун билет. Күзүндө абал курчуса АШАга каршы туруштук берерине ишенип жатышты эле, соңку кездерде өз айылы да колдобостугуна көздөрү жетти. Карапайым адамдар менен жекеме-жеке муштакысы келип кекенген адамды ким жактырсын? Ошондуктан, Ак үй тез арада Чүйгө кадыр-барктуу адамды алып келүүнү пландап жатат. Бул ортодо Туй байке мурунку АШАга карата айткан сөздөрүнөн тана баштаптыр. Жада калса, “Атамбаевге каршы эч кандай иш жасаган жокмун, өз ордумда эле олтурам...”- деген кепти саясатчы үкелери аркылуу айтып, экс-ажонун тегерегинен орун издегени көрүнүп турат. Кокус, кызматтан куласа, Алеша байкесине кошулуп, Жээнбековго каршы чыгабы?
Булак: "Майдан. kg" гезити