Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет жетекчилерине таза иштөө талабын коюп, аны алгач өзүнүн аппаратындагылардан баштап, тойлорго барууга, бирөөлөр менен кафелерден жолугушууларга тыюу салганын укканыбыз бар. Мындай талап демек, өлкөнүн башкаруу тепкичинде турган бардык жетекчилерине тийиштүү. Себеби, С.Жээнбеков муну жөн жерден эле ойлоп таап олтурган жери жок, балакеттин баары ушундай күбүр-шыбыр жолугушуулардан башталат эмеспи.

 

Маселен, Бишкек шаардык физкультура жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов буга чейин эмне маселе болбосун экс-мэр Албек Ибраимовго жашыруун жолугуп чечип алчу экен. Анын билими, тажрыйбасы туура келбесе да, Албек аны 2016-жылдан бери башкармалыкты башкартып келди. Ал өзү да көрүнгөн жерде А.Ибраимовду куда атап, нааразы болгондун баарын жемелегенди адатка айлантып алган. Мунун чындыгы болушу мүмкүн, анткени, 2016-жылы бул орунга үч ирет конкурс жарыяланса дагы, бирине да катышпай, асмандан келип олтуруп калган. Сынакка катышса биринчи анын спорт жаатындагы билимин сурайт, кайдан, көчөдөн келсе... Мурунку вице-мэр А.Рыскулов да анын канча мыйзамсыз иштерин калкалап келди. Ал келгенде орногон кадрдык башаламандыкка да көз жумуп келишти. Спорт мектептерине директор болуп таптакыр спортко тийешеси жок адамдар дайындалып олтурду. Башкы адис, инструктор кызматтарына Аламүдүн базарында иштегендерди эле алып келип атканы канча айтылды. Анын көбү ишти жөндөй албай кетүүгө аргасыз болушту. Эң негизгиси, спорт имараттарын, мектептерин ремонттоо, спортчуларды эл аралык мелдештерге жөнөтүү, машыгууларды уюштуруулардан Ырысбек Мааткабыловдун ири мыйзам бузууларды жасаганы текшерүүдө билинип, кылмыш иши козголгондо аны Албек Ибраимов сактап калган. Б.а. кылмыш иштерин жаптырып салышкан. Эми да ал эч нерсе болбогондой иштеп жүрөт.

 

Шардагы спорт коомчулугу Ырысбектин “таянар тоосу” Албек Ибраимов камалганда абдан сүйүнгөн. Себеби, алар Ы.Мааткабыловду да анын артынан барат деп ойлоп жүрүшпөйбү. Бирок, ага эч ким көңүл бурбай жатат. Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов бул жетекчиге козголгон кылмыш ишин кайрадан жандандырышы зарыл. Аны кызматтан алуу маселеси коюулушу эп. Анткени, Ырысбек президент баштаган таза саясатка коошпой турат...

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити