Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапты катуу коёрун бирге иштегендер айтып калса, анча ишенчү эмеспиз. Анткени, дээринен жоош көрүнгөн жетекчи тапшырманы жай гана түшүндүрөт деп ойлочубуз да...

 

Бирок, кечээ өкмөттүн жыйынында М.Абылгазиев президент С.Жээнбековдун учурунда “чык эшикке!” деген белгилүү кадамын кайталаса, аябай таң калдык. Ал кеңешме учурунда Талас областынын башчысынан каттоодон өтпөгөн канча мектеп бар экенин сураган, бирок, аймактын башчысы жанында тиешелүү документтер жок экендигин жүйөө кылып, суроого жооп бере алган эмес.  

 

“Сиз эмне, чай ичкени келдиңизби? Же компьютергеби? Сиз өкмөттүн кеңешмесине келдиңиз. Жаныңызда жок дегенде кагаз же планшет болушу керек. Эгерде дагы бир жолу ушундай болуп келсеңиз, анда залга  кирбейсиз”,- деп ошол замат Абылгазиев Мураталиевди жемеге алды. Дагы бир жолу ушинтип келсе киргизбесин катуу эскертти.

 

Кеңешмеге тойго келгендей келип, уйкусурап олтурган чиновниктерди мурда көрүп эле жүрчүбүз. Сооронбай Жээнбеков “чык эшикке!”- деген канаттуу фразасынан кийин андайлар азайа баштады эле. Ал да даярдыксыз келген чиновникти кууп чыккан. Негизи, буга окшогон чиновниктерге катуу сөз айтып нерв коротпой эле, кызматынан дароо айдашса, башкаларга жакшы сабак болот беле дейм да.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.