Соңку кезде коомчулукта өкмөт тарабынан сунушталган мобилдик каражаттарды каттоо боюнча эрежеси кызуу талкууга алынып жатат. Адатынча, мурдунун учунан алысты көрө албаган айрым эксперттер контрабандачыл топтордун шыкактоосу менен: “Максимдин доору кайтып келет, ал ар бир сүйлөшүү үчүн 60 сомдон алып элди жудөтсө – жаңы бийлик телефон сатып алган адамдын чөнтөгүн 100 сомго кагып алууга өтүүдө!”- деген жалган маалымат менен элдин башын адаштырышууда. Ошондон бери ызы-чуу токтобойт. Биз бул маселенин тегерегинде Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиевди кепке тарттык...

 

- Бакыт мырза, бул демилге кайдан чыкты жана анын карапайым калкка кандай оң же терс таасири бар? Чын эле, эми биз телефон сатып ала турган болсок, аны мамкаттоодон өткөзүү үчүн 100 сомдон төлөөгө аргасыз болобузбу?

 

- Рахмат, учурда эл ичинде айтылып жаткан көптөгөн божомолдордун бири да туура эмес. Атайылап калктын башын айландырып жатышат. Мен башынан айтып өтөйүн, мобилдик каражаттарды каттоодон өткөзүү “Электр жана почталык байланыш жөнүндө” Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын талабы. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү учурда уюлдук каражаттарды катоодон өткөзүү эрежелеринин долбоорун жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык демилгелеп чыкты. Баса белгилеп кетем, бул азырынча болгону эле кеңири коомчулуктун назарына коюлган долбоор жүзүндөгү сунуш. Бул маселе боюнча эч кандай чечим кабыл алына элек. Долбоор талкуудан өткөндөн кийин, атайын жумушчу топ түзүлүп, алар сиздер тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен гана бир бүтүмгө келген сунуштаманы алып чыгышат.

 

Экинчиден, учурда контрабанда, контрафакт жана мобилдик каражаттарды уурдап, кайра сатууга каныккан топтор атайылап коомчулуктун башын адаштырып, уюлдук телефондун ар бир ээси аны каттоо үчүн 100 сомдон төлөшү керектиги тууралуу жалган маалымат таркатышууда. Бул карандай калп! Уюлдук каражаттарды каттоо автоматтык түрдө бепбекер жүргүзүлөт жана карапайым адамдар эч жакка барышы керек эмес. Эмнеге? Мыйзам талабына ылайык, мобилдик каражаттарды Кыргыз Республикасына алып кирген импортерлер аларды өлкө аймагына алып кирүүдө мамлекеттик каттоодон өткөзүшү зарыл. Мобилдик каражаттарды каттоо эрежелеринин сунуштамасында импотерлер аларды алып кирүүдө мамлекеттик каттоодон өткөзүү үчүн 100 сомдон төлөшү керектиги айтылган. Мыйзам талабына ылайык, бул мыйзамдаштырылган мамлекеттик кызмат. Дал ошондуктан, элдин башын айландырып, калп маалымат таркатуунун артында жеңил оокатка көнүп калышкан контрабандисттер тургандыгын дагы бир жолу белгилеп айтам!

 

Аталган демилгенин максаты - өлкөгө ташылып келген ар бир телефонго IMEI-код коюлуп, ал каттоого алынат. Жөнөкөй жарандардын буга эч кандай тийешеси жок. Башкача айтканда, чөнтөк телефондорду каттоодон аны бизге ташыган фирмалар өткөзүп, каттоого алышы кажет. Эл үчүн да уурдалбаган, таза телефон кармап жүрүү пайдалуу. IMEI-код турганда, чөнтөк телефондорду уурдагандардын да күнү бүтөт, анткени, аппаратты ал аркылуу оңой эле таап алууга шарт түзүлөт. Уурулар аны кайра бирөөгө да сата алышпайт. Ал эми мамлекет акыр аягы ондогон жылдардан бери тыйылбай келе жаткан телефон контрабандасына чекит коёт.

 

Ал эми буга чейин сатылып алынып, колдонууда жүргөн чөнтөк телефондор уюлдук операторлор аркылуу бекер каттоого алынат. Каттоодон өз алдынча интернет аркылуу да өтсө болот. Бул багытта атайын программа иштелүүдө.

 

Мен ошентсе да дагы бир жолу белгилеп кетким келет – жогорудагы айтылган сөздүн баары сунуш түрүндөгү эле маалымат. Азыр коомдук талкууга коюлду. Ар жактан түрдүү сунуштар айтылып жатпайбы. Алар да өз сунушун киргизсин. Анын баары топтоштурулган соң гана өкмөт чечим кабыл алат. Так кесе айта алам - карапайым адамдардын турмушуна терс таасир тийгизген чечим эч качан кабыл алынбайт.

 

- Көптөн бери коомчулукта ызы-чуусу бүтпөгөн “Коопсуз шаар” долбоорунун келечеги кандай болот? Өкмөттө бир ай мурда талкуулап, ошондон бери дымы чыкпай калды?

 

- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги астында да бул маселени талкууга алганбыз. Учурда долбоордун техникалык тапшырмасы жана техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болуп, жакында бул долбоорду жүзөгө ашыра турган компанияны тандоо максатында конкурс жарыяланды. Баары ачык, калыс жүргүзүлөт. Жол инфраструктурасы, жол эрежелерин бузууну каттаган камераларды орнотууну, баарын ошол компания ишке ашырышы зарыл. “Коопсуз шаардын” автоматташтырылган платформасын биздин эле мамлекеттик “Инфоком” компаниясы түзгөн. Долбоорду жүзөгө ашыруунун биринчи баскычында шаардын 38 жол кесилиштерине, 52 көчөсүнө камераларды орнотуу каралган. Андан тышкары, 20 жылып жүрүүчү комплекс пайда болот. Мунун жыйынтыгында биз жол кырсыктарын азайтууну максат кылып жатабыз. “Коопсуз шаар” – мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылуучу “Акылдуу шаар”  долбоорунун бир компоненти. Ошондуктан, башка тармактар боюнча да атайын компоненттер ишке ашса, кыйла эл турмушу онолмок.

 

- Сиз жетектеген комитеттин түзүлгөнүнө болгону бир нече жыл болуптур. Аны түзүүнүн зарылчылыгы бар беле? Комитет пайда болгону эмне өзгөрүү болду...

 

- Бул аргасыздыктан келип чыккан чечим эле. Анткени, маалыматтык технологиялар улам алдыга жылып бараткан заманда, эски ыкмада иштөө – өзүбүздү өзүбүз дүйнөлүк тенденциядан четтетүү экенин түшүндүк. Бул багытта иштеген мекеме-уюмдар чачкын иштеп, бирдиктүү аракет жок болчу. Анын баарын бир муштумга бириктиргенде гана жыйынтык пайда болот. Заманбап маалыматтык технологияларды кеңири колдонуу менен мамкызматтардын сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик структуралардын эл алдындагы ачыктыгын камсыздоого болот. Биз иштеп жаткандан берки эң чоң жетишкендигибиз – көз карашты өзгөрттүк. Эгерде мурда баары чиновниктердин жыргалчылыгы үчүн болуп келсе, эми бардык шарт карапайым адамдар үчүн гана түзүлө баштады. 20дан ашуун мамлекеттик кызматты электрондук форматка өткөздүк. Бирдиктүү портал түзүлдү. Ал тесттик режимде, бирок, жакын арада мамлекеттик кызматтан үйдөн чыкпай туруп колдоно алсаңыз болот. Мунун баары мамлекеттин кызматын бат жана арзан колдонууга жол ачат. Мына, цифралык телекөрсөтүүгө өттүк, анын даамын карапайым калк иш жүзүндө татып жатат. Келечек пландарыбыз дагы көп. Иштей берели, пайдасын эл көрсүн...

 

Маектешкен

Аэлита Сатындиева

 

Булак: “Майдан.kg” гезити