– Кечээ Президент менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ал жерде талкуу ар кандай темада болуп, алардын ичинде сөз Башмыйзамды өзгөртүү туурасында да жүргөн жана Сооронбай Жээнбеков өз мөөнөтү ичинде Башмыйзамды өзгөртөөрүн билдирген. Сиз ал өзгөртүүлөр кандай багытта жүрөт деп ойлойсуз?

 

– Жарандык коом Башмыйзамды эмне үчүн өзгөртүүнү каалап жатат? Биринчи кезекте, сот системасынын көз карандысыз болуп, демократиялаштыруу жагына карай буруу үчүн. Мындан тышкары, шайлоо системасын да өзгөртүү керек. Карасаңар, азыр бизде парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча жүргүзүлөт. Менимче, учурдагы партиялык тизме менен болуп жаткан шайлоо жакшы жыйынтык бербей жаткандыктан, жарандык коом шайлоонун жоболорунун да өзгөрүшүн каалап турат. Шайлоону өзгөртүп, мажоритардык принципке өткөрүү үчүн Башмыйзамды алмаштыруу керек.

 

Жээнбеков Башмыйзамды өзгөртүүнү жакынкы жылдары болбойт деп жатат. Анткени, жакынкы эки жылда ал үчүн экономикалык көрсөткүчтү жакшыртышы жана бийликте бекемделиши зарыл. Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон башка зарыл иштер бар, а Башмыйзамды реформалоо болсо абдан кылдат мамилени талап кылат. Жакынкы эки жылда бийлигин бекемдеп, кандайдыр бир экономикалык жетишкендиктерди жасай алса, ошондон кийин гана Башмыйзамды өзгөртүүгө барат.

 

Мен Башмыйзамды өзгөртүү президенттик бийликти күчөтүү жагына карай жүрүшүн да четке какпайм. Азыр президенттик бийликти күчөтүү абдан кооптуу, ал [С.Жээнбеков] азыр эч нерсе жасаган жок. Ошондуктан, эгерде жакшы инвестициялык климат түзүлсө, Батыш каражат берсе, демократиялаштыруу процесстери жүрсө, республикада экономикалык өнүгүү башталса, анда эки жылдан кийин мындай экономикалык ийгиликтердин фонунда С.Жээнбеков, албетте, президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө барат. Жээнбеков бийликке жаңы келгенде эле анын президенттик бийликти күчөтүүнүн тарапкери экендиги сезилген. Мен ойлойм, ал баары бир президенттик бийликти күчөтүүгө барат. Азырынча бир нерсе айтыш кыйын, бирок дагы эки жылдан кийин экономикалык өсүштөр болуп, калктын колдоосуна ээ боло алса, анда ал президенттик бийлигин күчөтөт.

 

– Кийинки кездери светтик Кыргызстанда шарият мыйзамдары кеңири жайылып, атургай мамлекеттин укуктук талаасынан да орун-очок алууда. Буга бир катар мыйзамдарга, концепциялык программаларга шарият нормаларынын киргизилиши, шарият эрежелери боюнча иш алып барган мамлекеттик, коомдук структуралардын түзүлүшү сыяктуу мисалдарды тартсак болот. Бул планда алганда Башмыйзамдын кезектеги өзгөртүлүшү мамлекетти ислам динине карай бурууга багытталышы мүмкүнбү?

 

– Ооба, Башмыйзамды өзгөртүүдө Кыргызстан өзүнүн багытын диний тарапка бир топ бурушу мүмкүн. Эрдоганды эли ушун үчүн колдоп жатышпайбы. Түркия Кыргызстанга караганда аябай ар түркүн коом болуп эсептелет, ал жакта гректер, еврейлер, күрддөр жана башка улуттар көп, аралаш жашашат. Ататүрк реисламизациянын үстүнөн канчалаган жылдар иштеди. Баары бир ислам фактору азыр ренессанс доорун баштан кечирип жатат. Жээнбековду динге жакын адам катары бул жол өзүнө тартып турат. Ал ушул багытта иш алып барып, Түркиянын моделин көчүрүүгө аракеттенет жана Конституцияны өзгөртүү да ушул багытта жүрөт. Кыргызстанда шарият мыйзамдарынын жайылып жатышы ушунун башталышы десек болот. Буга чейинки эки революция кландык тирештин негизинде жасалган. Эгерде Жээнбеков азыр Түркия вариантындагы ислам факторун күчөтчү болсо, анда бул ич-ара бөлүнүүнү жоёт. Ошондуктан, Жээнбеков муну ыңгайлуу вариант катары эсептейт. Жээнбековдун ордунда ким болбосун бөлүнүп-жарылууну, ыңкылап коркунучун жоюу үчүн элдерди бириктирүүнүн аракеттерин жасамак. Анткени бул элитанын коопсуздугу, анын өз ордун сактап калышы үчүн зарыл.

 

Саясий жараяндарда диний фактордун өсүшү өлкөнү турукташтырууга багытталат, бирок…

 

– Кыргызстандагы саясий процесттерде диний фактор барган сайын өсүп баратканы байкалат. Мунун себеби эмнеде?

 

– Борбор Азиянын, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу туруксуз республиканын элитасы идеологиялык вакуум шартында коомду жуурулуштурган кандайдыр бир идеологияны түзүшү керек. Кыргыздарды бириктирип келген уруулук мамилелер акырындап урап, бузулуп барат. А ислам идеясы, ислам иденттүүлүгү болсо туруктуулук факторун түзө алат. Мен Кыргызстанда ислам фактору өсөт деп ойлойм, анткени биздин элитага (саясий, финансылык) жарылуулар, ыңкылаптык кырдаалдар керек эмес. А ислам жаштардын ишмердикке болгон ээлигүүсүн турукташтырып, демин басып турууга багытталган. Ошол эле учурда жаштарды алкоголдон, ар кандай кылмыштулуктан алаксытып, адилдикке тарткан жай турмушка багыттаган идеологияны жаратат. Ошого катар эле ислам коомду тизгиндеп, саясий элитанын коомду кармап турушуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берет.

Бирок, бул жерде карама-каршылыктар да бар экенин унутпашыбыз керек. Анткени, бир жагынан Сауд Аравиянын ваххабизм багытындагы исламы болсо, экинчи жагынан Түркиянын же татар вариантындагы бир топ модернизацияланган исламы бар. Падышалык бийлик учурунда Орусия Бухара менен Хиванын ортодоксалдык исламына каршы Борбор Азияда модернизацияланган исламды жайылтууга аракет кылган. Ошондуктан, массаны кармап турууга жана жиктешүүлөр болбошу үчүн ислам иденттүүлүгүн колдонушат. Учурдагы саясий элита үчүн бул туруктуулуктун кепилдиги болмокчу. Анткени, жаштар исламга карай бурулат, эгер кандайдыр бир курч карама-каршылыктар эле болуп кетпесе, ислам коомду турукташтырат. Ошондуктан, азыркы бийликтин негизги багыты Түркия тарапка багытталат. Керек болсо Европа менен Азиянын кесилишинде турган Түркияда Эрдоган ушундай жол менен чон электоратты кармап, исламга каршы уюшулган, вестернизациялоого аракет кылган төңкөрүштү баса алды. Мен ойлойм, бул Борбор Азия мамлекеттери үчүн сабак болду, С.Жээнбеков эле эмес, Борбор Азиянын башка лидерлери да исламдын ушундай формасын кубатташат. Ошондуктан, мен бул Кыргызстандагы кырдаалды турукташтыруу, түндүк-түштүккө бөлүнүү факторун, кандайдыр бир кландык карама-каршылыктарды жууп салуу жана ислам иденттүүлүгүн түзүү үчүн колдонулат деп ойлойм. Бул С.Жээнбековдун бийликти кармап калышына мүмкүнчүлүк түзүп берет.

 

Мен азыр объективдүү картинаны айттым. Бирок, мында коркунуч да бар экенин унутпашыбыз керек. Исламды саясий элитаны бузуп-жаруу үчүн курал катары колдонгон тышкы күчтөр да бар. Анткени, Кыргызстандын саясий элитасы иш жүзүндө негизинен партиялык, чарбалык номенклатурадан турган постсоветтик элита. Азыр Орусияга кетип жаткан жаштар көп, алар көбүнчөсү түштүктөн, он класс окуп эле иштеп жатышат. Алар кызылдай радикал болуп кайтышууда, анткени ал жакта Орусиядагы ваххабиттик багытты көзөмөлдөгөн чечендердин жана башка кавказ мечиттеринин таасирине кабылышат. Албетте, алар саясий күрөштө колдонууга, азыркы саясий элитаны кетирип, өзүнүн элитасын жайгаштыруу үчүн мобилизацияланышы мүмкүн. Бул пландан алганда, Кыргызстанды исламга карай буруу кооптуулукту жаратат, тышкы күчтөр бул факторду колдонушат.

 

Ислам фактору барган сайын өсүп барат, мунун үстүнөн иштеш керек. Илсамдын ваххабисттик, радикалдык багытын эмес, ханафий мазхабын өстүрүү керек. Мен башка жолду көрбөй турам, анткени бул объективдүү процесс өсүп келатат. Карама-каршы коюуга азыр эч нерсе жок, идеология жок, светтик бийликтин бедели төмөн, эл арасында алкоголизм, сойкулук сыяктуу көрүнүштөр күчөп барат. Мындай шартта айыл калкы акыйкаттыкты издеп, аны исламдан таап келет. Ошондуктан, жалгыз мүмкүнчүлүк – ваххабисттик исламды кесип салып, сунниттик багытты күчөтүү керек. Муну Туркиянын жардамы менен жасаса болот, Түркияда, Казанда диний билим алууларды уюштуруу зарыл.

 

Кыргызстанда исламдаштыруу процесси абдан тездик менен жүрүп жатат. Ошол эле учурда Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда, Казакстанда мамлекет динди ооздуктап турат. Бул жааттан алганда Кыргызстан Борбор Азиядагы диний экстремизмдин тутанышы, кагылышы мүмкүн болгон жалгыз өлкө. Анткени, бизде эч ким муну менен алектенбейт. Маалыматтар боюнча, Казакстанда Актөбөдөгү окуялардан кийин ири каражаттары бар диний ишмерлер бул жакка агылып кирип келишип, легалдашып алышкан.

 

Маектешкен

Кубатбек Айбашов