Жээнбеков жана революция: экөө эки башка командабы?
- Президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом менен жолугушуусунда айтылган сөздөр ишке ашабы?
- Ал жерде көп маселелер көтөрүлдү. Экология, религия, балдардын, аялдардын, жалпы адам укуктары, коррупция менен күрөш, жер коррупциясы жана негизги тема катары соттук-укуктук реформа. Президент жана анын жардамчылары баарын жазып алышты. Кээ бир маселелерди чечебиз десе, кээ бирлерин “чече албайбыз” деп президент ачык айтты. Экология, дин жана балдардын маселелери боюнча маселе көтөргөн адамдарды кабыл алаарын, кененирээк сүйлөшөөрүн билдирди. Ал эми соттук-укуктук маселелер боюнча реформа жасаарын кайра кайра басып айтты. Тамерлан Ибраимовду, мени реформаларга жардам берүүгө чакырды. Бардык маселелер чечилет, ишке ашат деп айта албайм. Себеби ар кандай кыйынчылыктар бар. Бирок биз маселени, менимче баарыбыз талап кылышыбыз керек. Ал сот-укуктук реформасы. Бул реформалар элдин турмушуна мультипликативдуу позитивдүү эффект бере турган негизги реформалар болуп эсептелет. Күтө туралы. Бир аз убакыт берели.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg гезити”