- Жолугушууну “мен каалагандай алып бара берейин, президент эмесминби” деп отура калып баштап жиберген жок. “Кандай кылып алып барсак, мен жооп берейинби суроолорго, аягында сүйлөйүнбү же 5 киши сүйлөп бүткөн соң оюмду айтып турайынбы, мен көп сүйлөп атат окшойм, баарыңарга убакыт жетсин, кыскараак сүйлөйүн”- деп катышуучулар менен кеңешкени көпчүлүккө жакканын байкадым. Мага да жакты. Мурда көп жыл депутат болуп, депутаттардын маселени добушка коюу, көпчүлүк менен кеңешүү тажрыйбасы сиңип калса керек. Жолугуу учурунда көп суроолор, сунуштар жана комментарийлер болду. Президенттин билгенин билем, билбегенин билбейт экем, кат менен жооп берели, чече албаган маселелерин, мен чече албайм бул маселени дегени реалдуулука жакын экенин көргөздү. Жөнөкөйлүк кыргыз президенти үчүн менин көз карашымча, керектуу сапаттардын бири.

 

Жолугуунун учурунда, менин көз карашымча эки катуу, кандайдыр бир денгээлде ачуу сөздор айтылды. Нурбек Токтакунов президенттин кайрадан монстрга айланып, укук коргоо органдары, мурдагыдай эле, анын гана көзүн карап калганын, ал эми Токтайым эже президентке 10-15 тей поручение берип, кээ бир мамлекеттик кызматчыларды кызматтан алуусун, кээ бир чечимдерди жокко чыгарышын, кээ биз чечимдерди кабыл алышын бир аз орой деңгээлде талап кылды. Президенттин өңүнөн бир аз териккенин көрдүм бирок билгизбей, күлүп, катуу сөздөрдү көтөрүп, алар менен дагы чогуу иштешүүгө макул экенин билдирди. Акырында Нурбеке дагы, Токтайым эжеге дагы көңүл бөлүп, дагы бир нерселерди сүйлөшүп жаткандарын байкадым. Сабырдуулук президент үчүн эң керек сапат.

 

Сөзүмдүн акырында, презизиденттин кичинекей командасы жөнүндө. Досаалы – администрация жетекчисинин орун басары, Толгонай – пресс катчысы, Данияр – тышкы саясат бөлүм башчысы, Эрнст – президенттин жардамчысы баарыбызга өздөрүнүн, коммуникациялуулугу, ачыктыгы жана жөнөкөйлүгү менен жакшы элес калтырышты.

Кыскасы, президент Сооронбай Жээнбековдо экс-президент Атамбаевдей көпкөндүк, жалганчылык, анан да сүйлөп жаткан адамды баса калмай адаттар жок экен.

 

 

Булак: “Майдан. kg”  гезити