- Камактагыларды чыгаргыла дейсиңер, аны мен жасай албайм, аны сот жасаш керек. Азыр соттордун артында турган Манас Арабаевди жок кылдык, эми сотторду жарандык коом көзөмөлдөш керек, чоогу көзөмөлдөйлү. Сот бирөөнү актап абактан чыгарса сот жакшы, Жээнбеков жакшы дешет, сот бирөөнү актабай, абактан чыгарбай койсо сот жаман, Жээнбеков жаман дешет, биз мындай адаттан арылышыбыз керек. Жарандык коом көзөмөлдөшү зарыл.
Кыргызстанда жарандык коом чоң күч. Азыр мага айтышты бизде 30 миңдей бейөкмөттүк уюмдар бар экен, анын 11 миңи каттоодон өтүптүр, алардын ичинен 3 миңи активдүү иштешет экен. Жарандык коом коомчулукка таасир бере ала турган күчкө айланды.
Булак: “Майдан. kg” гезити