- Сиздин көз карашыңызда, бардык деңгээлдердеги шайлоодо эмне маанилүү: стратегиябы, шайлоо алдындагы платформабы же талапкердин өздүгүбү?


- Белгилүү болгондой, канча адам болсо – ошончо пикир бар, ошондуктан, кимдир бирөө тескерисинче эсептеши мүмкүн. Чынында жергиликтүү кеңештерден тартып мамлекет башчысын шайлоого чейинки бардык кампанияларда теория жана шайлоо алдындагы программа эмес, талапкердин өздүгү керек. Түзүлгөн имиджге эмес, көп сандаган жарнамалык көрнөктөргө жана баннерлерге эмес, анын реалдуу жасаган иштерине кароо керек.

 

 

- Бирок ошентсе дагы шайлоого “саясый оор салмактуулар” катышат, алар менен атаандашуу кыйла кыйын эмеспи?

 

- Бир жагынан сиздики туура. Бирок шайлоодо кырдаалды алдын ала айтуу кыйын жана “күтүүсүздөн күчтүү чыккан талапкер” кайсы гана болбосун саясый оор салмактууга татыктуу сокку бериши мүмкүн. Жарандар, башкача айтканда шайлоочулардын өздөрү гана (БШКнын кийлигишүүсү жок) депутаттарды дагы, өлкөнүн президентин дагы шайлай ала тургандай шайлоо жөнүндө мыйзамга сапаттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. 

 

- Бизде жаман, ал гана эмес кайгылуу салт тамырланып кетти. Шайлоо алдында көпчүлүк талапкерлер өзүнүн шайлоочуларына тоону томкором деп убада кылышат. Бирок бийликке келээри менен өзүнүн убадаларын унутуп калышат… 

 

- Бул тууралуу биз көз карандысыздыкты алган күндөн бери дээрлик бардык ММКда айтууну жана жазууну токтоткон жокпуз. «Мандатты алаары менен адамды алмаштырып койгондой өзгөрүшөт, шайлоо алдындагы жарыш убагында өзүнүн шайлоочуларына убада кылгандарын унутуп калышат» деп айтып келебиз. Жыйынтыгында сөзү менен иши эки башка болуп чыгат жана адам өзүнүн шайлоочуларынын көз алдында “төмөн түшөт”. Бул маселени Экклезиасттен алынган сөздөр менен жыйынтыктагым келет: «Убада кылып жана аткарбай койгондон көрө, убада кылбай кой». 

 

- Сиздин оюңузча, жаңы мамлекет башчысын шайлагандан кийин өлкөнү эмне күтүп турат?

 

- Жаңы мамлекет башчысы өзүнүн саясатын кантип жүргүзө турганын көрүү үчүн бир аз убакыт керек. Кадрдык орун алмаштыруулар жана отставкалар болоору жашыруун эмес, бирок алар өлкөдө аба-ырайын өзгөртө алышпайт. Бул жаатта орус элинде накыл кеп бар: «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат». Негизги жана биринчи деңгээлдеги милдет – КР миллиондогон калкынын курулай эмес, реалдуу ишенимине ээ болуу керек. Өзүнөн мурдагылар баскан жолго түшпөш үчүн, алардын катасын кайталабоо үчүн, шайланган президент биринчи кезекте ал өзүнүн шайлоо алдындагы платформасында камера жана ТК экранынын алдында берген бардык убадаларын аткарышы керек, болбосо анын платформасынын баасы бир тыйынга татыбайт...

 

- Мамлекет башчысынын кызматына талапкерлердин бири катары өлкөнүн президенти кандай сапаттарга ээ болушу керек деген пикириңизди бөлүшө кетсеңиз?

 

- Ал биринчи кезекте чынчыл болушу керек, тагыраак айтканда такыба болуус эң маанилүү. Эгерде Призеденттин андай сапаттары жок болсо, анын падышалыгынан элге турсун, өзүнүн керт башына бир тыйынча пайдасы жок. Мында ал элдердин жана улуттардын биримдигинин жана мамлекетте бир партиянын гана болуусунун маанилүүлүгүн так жана даана түшүнүшү керек. Өлкө башчысы кайсы улуттан болбосун, жада калса майыптар арабасында отургандыгы да таптакыр маанилүү эмес, эң башкысы ал өз элинен акылдуумун деген ойдо болбошу керектигин өзгөчө баса белгилеп кетким келет.

 

- Сиздин конструктивдүү сунуштарыңызга жана “Жаңы курс” стратегиялык программаңызга арналган материалдар басылмаларда жарык көрүп келе жатат. Аларды жалпы элдик талкууга чыгарасызбы?

 

- Конструктивдүү сунуштар жана “Жаңы курс” стратегиялык программасы – менин максатым. Аларды жалпы элдик добуш берүү – референдум аркылуу андан ары КР Конституциясына киргизүү үчүн коомчулуктун сынына коюу үчүн көз карандысыздыкты алган күндөн тартып кезеги менен мурдагы төрт президентке сунуштагам. Дээрлик чейрек кылымдан бери бул программаны өзүмдүн мекендештериме сунуштап келем (ооздон оозго, көздөн көзгө). Жашоо көрсөткөндөй, өлкөнүн бардык региондорундагы жарандар тегинен, улутунан жана дининен көз карандысыз менин сунуштарымды колдоого даяр. Катардагы жарандардын гана эмес, коомдук ишмерлердин жана жогорку кызматтагы чиновниктердин пикиринде, “алар башка талапкерлердин шайлоо алдындагы платформалары менен татыктуу атаандаша алат”. Бул конструктивдүү сунуштар жана мен сунуштап жаткан “Жаңы курс” стратегиялык программасы 70 жылдан ашык убакыт аралыгында Советтер Союзунун бир миллиард элдин төрттөн бири түзгөн калк тарабынан бекемдикке карата сыноодон өткөн жана текшерилген. Биздин ата-энелерибиздин жалгыз бир партиясы жана Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиев жетектеген алардын туура стратегиясы тегинен көз карандысыз көп миллиондогон жана көп улуттуу элдин ишенимдүү биримдигин камсыздап келген… Жалгыз партиянын жетекчилиги астында колхоздор, совхоздор түзүлгөн, жалаң эле койдун саны 12 миллиндон ашкан, андан тышкары көп сандагы бодо мал, жылкы, эчки, анын ичинде асыл тукумдуу породалар өстүрүлгөн, заводдор, фабрикалар, театрлар, жолдор, электр станциялары, региондордо калктын категориясын жана катмарын эске алуу менен турак үйлөр курулган, бүтүндөй инфраструктура курулган. Өлкө квалификациялуу адистердин, жумушчулардын, айылдык эмгекчилердин туруктуу тартыштыгын сезсе дагы ийгиликтүү өнүгүп келген.

 

Мен толук ишенем, биздин аталарыбыз жана апаларыбыз өздөрүнүн башчылары менен акылы бизден кем болгон эмес. Тилекке каршы, 1991-жылдан тартып 2018-жылга чейинки 27 жыл аралыгында өзүбүзгө, өз балдарыбыздын жана неберелерибиздин тагдырына карата эч ким текшерип көрбөгөн, эч жерде акталбаган, бүгүнкү күнгө чейин ким тарабынан сыналганы белгисиз миллиондогон калкты башкаруу үчүн көп партиялуу системаны колдонуп жатабыз. Муну менен өзүбүздү-өзүбүзгө карама-каршы койдук, биздин мурдагы биримдикти ажыраттык жана кыйраттык. Биз көз карандысыздыкты алган мезгилде мен ким менен аңгемелешсем дагы, эч кимиси эң жөнөкөй суроолорго жооп бере алган жок: «Кайсы кыргыз лидеринин партиясы же парламенттеги алты партиянын кайсынысы коомдун жетектөөчү жана багыттоочу күчү болуп саналат? Көз карандысыздык жылдары кайсы партия өлкөдөгү бүтүндөй саясый системанын өзөгү боло алды?». 

 

27 жылдан бери Кыргыз Республикасында элдерди жана улуттарды бөлүп-жарбай, алардын биримдигин камсыздоого жөндөмдүү жетектөөчү жана багыттоочу күч жок.

 

- Сиз дагы кандай олуттуу артыкчылыктар боюнча мамлекеттик башкаруунун бир партиялуу системасына артыкчылык бересиз?


- Бүтүндөй планетада бизде болгондой мыкты системанын аналогун табууга болбойт. Биринчиден, бул мейкиндикте жана убакытта бардык адамдар (категориялар жана катмарлар) үчүн реалдуу диктатураны жана мыйзамдын үстөмдүгүн бирдей деңгээлде камсыздоого жөндөмдүү дүйнө өлкөлөрүнүн арасындагы эң мыкты мамлекет. Экинчиден, кепилденген жумушчу орундары жана эмгек акы, пенсиялык камсыздоо (эптен күн көрүү үчүн эмес, нормалдуу жашоо үчүн), күчтүү кесиптик кошуун уюмдары. Үчүнчүдөн, адилеттүү баа саясаты жана жарандардын бардык аманаттарынын сакталышы. Төртүнчүдөн, мамлекеттин бардык субъекттери анын камкордугу алдында турат. Бешинчиден, оппозициялык чөйрө үчүн негиз жок болгон дүйнөдөгү жападан-жалгыз башкаруу системасы. Алтынчыдан, азыркы жана келечектеги муундардын кызыкчылыгында коопсуз жашоону жана ишенимдүү тартипти камсыздоого жөндөмдүү өлкө. Жетинчиден, тегинен жана дин ишениминен көз карандысыз, өлкөнүн бүтүндөй калкынын кызыкчылыктарына шайкеш келет.

 

Мен сунуштаган программа бардык позициялар боюнча мыкты болуп саналат, анткени жарандардын кызыкчылыктарына гана эмес, бардык Кудайдын жазмаларына (Тора, Эски, Жаңы Осуяттар (Библия) жана Куран) жана Кудайдын бардык пайгамбарларынын, биздин ата-бабаларыбыз Адам, Ной, Авраам, Моисейден баштап жана Мухаммад с.а.в. миссиясына толук шайкеш келет. Алардын баары, биздин ата-энелерибиз сыяктуу эле өздөрүнүн ден соолугун жана жашоосун курмандыкка чалып, элдердин жана улуттардын биримдиги үчүн күрөшүшкөн, Кудай айткан: «КҮЧ БИРДИКТЕ».

 

Биздин аталарыбыз жана энелерибиз өзүнүн каармандык жеңиштери менен биз үчүн мааниси боюнча «Тойота», «Мерседес», «Адидас» сыяктуу белгилүү бренддерден миллион эмес, миллиард эсе жогору турган анык БРЕНДДИ түзүшкөн. Сөз өзүнүн продукциясынын аркасында брендге айланган компания жөнүндө эмес, күндүн жана түндүн каалаган убагында каалаган агрессорго сокку берүүгө жөндөмдүү жана ошол эле убакта өзүнүн жарандарынын кызыкчылыгында бардык багыттар жана позициялар боюнча азыркы жана келечектеги муундар үчүн бирдей деңгээлде мыйзамдын үстөмдүгүн толук камсыздай ала турган мамлекет жөнүндө болуп жатат.

 

- Демек, өлкөдө көп сандагы партиялардын болушуна карата сиздин пикириңиз негативдүүбү? 

 

- Өлкөдө бирден көп партиянын болушу Кудайдын Мыйзамына, Анын бардык пайгамбарларынын миссиясына жана элдерди жана улуттарды бөлүп-жарып жана майдалоо менен алардын биримдигине карама-каршы келет. Өлкөдө саясый партиялар көп болгондо армия, күч түзүмдөрү, элдин байлыгы убактылуу лидерлик кылган позицияда болгон алардын биринин тескөөсүндө болбошу керек.  Мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлери жана армия – бөлүнбөс калктын өкүлдөрү. Ошондуктан 2005-жылдагы жана 2020-жылдагы эки революция убагында алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына карата тилектештигин көрсөтүштү, ал эми элдик кошуундар жарандардын коопсуздугун жана алардын мүлкүнүн сакталышын камсыздоо менен коррупционерлерден, мародерлордон жана алардын шыкакчыларынан шаарды коргошкон.

 

Элестетсеңиз, биздин аталарыбыздын коомдук жана саясый лидерлери 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин “талаштан чындык жаралат” деп, саясый же башка ойдон улам “өзүнүн тегерегине” өз адам катары “негизги оппонентти жана атаандашы” меньшевиктердин партиясын калтырса эмне болмок. Чынында көз карандысыздыкты алган 27 жылдан бери биз  кудайдын куттуу күнү талаштан “чындык эмес” эмес, бийликти конституциялык эмес кулатууга чейин жеткен реалдуу жаңжал жарала турганын көрүп жатабыз. Мамлекетте жок дегенге эки партиянын болушу бизди эки элдешкис лагерге бөлөт. Өлкөнү саясый интригалар каптайт, “компроматтар согушу” менен ички гана эмес, тышкы дагы “чектер” “алсырайт”, анткени мамлекеттин каалаган саясый партиясы үчүн негизги максат бийликти басып алуу болуп саналат. Кандай жол менен – бул башка маселе. Ошондуктан алардын ортосунда калктын кызыкчылыгын эске алуусуз, жашоо үчүн эмес, өлүм үчүн туруктуу жана катуу күрөш жүрөт. Ошондуктан биздин улуу муун, биринчи кезекте, калктын айрым топторунун эмес, көп улуттуу элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен, 70 жыл аралыгында өлкөдө партиялардын көбөйүшүнө жол бербей, ал гана эмес бирден көп партиянын болушуна тыюу салып келишкен. Биздин ата-энелерибиз акылы жагынан өзүнүн балдарынан жана неберелеринен эч качан  кем болгон эмес.

 

- Алсак, референдумда бир партиялуу системаны Конституцияда бекиттиңиз дейли. Бул Кыргызстанга кандай перспективаларды берет? 


- Бул оппозициялык чөйрө үчүн негиз дагы калтырбай, мамлекеттин ишмердигинин бардык багыттары жана чөйрөлөрү боюнча кыска мөөнөттө коррупцияны толук жок кылуу үчүн негизди жана реалдуу шарттарды түзөт. Бир партиялуу коом – бул ашыкча же жетпеген “орган” эмес, тескерисинче чыныгы «тирүү организм».  Бул жогорку натыйжалуу системанын үстүнөн 70 жылдан ашык убакыт аралыгында 250 миллиондон ашык  калктын акылмандары күнүн-түнү иштешкен. 

 

Оксана МОСКВИНА