Азимбек Бекназаров президенттин айланасында эки саясий топ пайда болуп, бийликти ич ара бөлүштүрө баштаганын билдирди. 

 

"Учурда Жээнбековдун айланасында бийлик бөлүштүргөн эки саясий топ бар", - деди саясатчы Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында. 

 

Ал президент резонанс жараткан кылмыш иштерин иликтөөнү соңуна чыгаруу керектигин белгиледи. 

 

"Коомчулук мамлекет башчысынын коомчулук маанилүү кылмыш иштери жана окуялар боюнча реакциясын күтүп жатат. Мен Сооронбай Жээнбековго 2010-жылдын 7-апрелинен кийин улутташтырылган обьектер, "Кумтөр" жана Дача-Судагы окуя боюнча иликтөөлөрдү соңуна чыгаруусун сурап, кайрылгам. Бийлик алмашканда акыры Батукаевди ким чыгарганын билебиз го деген үмүт пайда болгон эле. Бирок, ал ачыкталбай эле Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши токтотулду", - деди саясатчы. 

 

Айтымында, Конгантиевдин кылмыш ишин токтотуунун ордуна Текебаев менен Канатбек Исаевдин кылмыш ишин кайра каратуу туура болмок.