Парламент жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо тууралуу оюн билдирди. 

 

"Парламенттик шайлоону таза өткөрүү керек. Үгүт учурунда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү зарыл.  Добуш сатуу жана сатып алууга тыюу салуу керек. Буга мамлекеттик органдар өтө кылдат мамиле кылууга тийиш», — деди мамлекет башчы. 

 

Ошондой эле, ал шайлоого катышкан  партиялар ортосунда ачык-айкын атаандаштыктын болуусу зарылдыгын белгиледи.

 

"Партиядагы талапкерлердин тизмеси жакшырып, эл партиянын лидерлерине эмес, тизмедеги талапкерлерге добуш бергидей болсун. Жеңген партияларга мандат да тизме боюнча мыйзам чегинде берилсин. Кыргызстан парламенттик-демократиялык жолдон тайбайт. Анткени, бул башкаруу формасы биздин өлкө үчүн эң ыңгайлуу", - деди.