Жогорку Кеңештин жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

 

"Кыргызстанда тынчтык жана саясий туруктуулук түзүлдү. Эл аралык маанидеги стратегиялык жол куруу иштери уланууда. Акыйкатты орнотуу аракеттери да башталды. Бирок, булардын баарына карабай, тезинен чечүү зарылдыгы бар маселелер да толтура", - деди президент. 

 

Ошондой эле президенттин пикиринде, аймактар жана тармактар ортосунда тыгыз экономикалык байланышты түзүү керек. Андан тышкары инвестиция тартууга жетиштүү шарттар түзүлдү, эми аны аткаруу керек. 

 

"Мыйзам базабыз да, укуктук нормалар да инвестиция тартууга жакшы таасирин бере турган шартта түзүлдү. Бирок, буга карабай, өлкөнүн жагымдуулугун жетиштүү деңгээлге көтөрө албай жатабыз. Коррупциянын айынан бизге келчү инвестиция башка өлкөлөргө кетип жатканын моюнубузга алуубуз керек", - деди мамлекет башчысы.