- Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

 

 

- Ж.Сатыбалдиевдин, К.Кулматовдун, С.Исаков, О.Артыкбаев жана башкалардын  тергөө маалында камакка алынышы учурда коррупция менен күрөштүн чордонундагы фигуралар деп айтсам жаңылышпайм. Кышкы окуядан кийин, борборубуздагы ЖЭБке (ТЭЦ) байланыштуу чоң, ири суммадагы, Максим Бакиевдин дагы түшүнө да кирбеген схемалардан кийин, ага тиешеси бар шектүү  чиновниктерди коомчулук бийликтен адилеттүү жоопкерчиликке тартылуусун күтүп жаткан. Президенттин Коопсуздук кеңешиндеги айткан сөзүнөн кийин, бул күтүүлөр курчуй түшкөн. Коомчулук, соңку мезгилдерде түздөн-түз бул маселени кабыргасынан коё баштаган: “качан майда эмес, чоң коррупционерлер жоопко тартылат”,- деп. Менимче, президент, карапайым калктын, интеллигенциянын, катардагы эмгекчилердин, жаштардын, кыскасы коомчулуктун активдүү бөлүгүнүн үнүн, мүдөөсүн угуп, элге, мыйзамдуулукка, мезгилдин талабына карай кадам жасап, чыныгы коррупция менен күрөштү баштады. Жогоруда айтылган нерселерди эске алып, мен, бул, А.Атамбаевге карата тузак салууга аракеттен кабар берет дегенге кошула албайм. Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө, мурунку жегич жетекчилерди коомчулук, алардан кийинки келген бийликтен коррупционерлер боюнча маселе коюшат. Биздин, коомчулукту, деги эле учурда жүрүп жаткан коррупция менен күрөшкө көңүл буруп жаткан мекендештерге кыскача маалымат катары ошол эл аралык тажрыйбадан мисалдарды келтире кетким келет. Ошол багытта, эң алдыда болгон Түштүк Кореяны карап көргүлө, ал жерден ар бир экинчи мамлекеттик жетекчи жеген үчүн жоопко тартылган, камалган. Же, ошол эле Израиль мамлекетти, анын мурунку премьер-министрин Эхуд Ольмертти 70 жашына карабай, курулуш тармагында пара алган деген күнөө менен эле соттоп, түрмөгө отургузушкан. Алыска барбайлы, маселен ошол эле коңшу Казакстан, ал жерде коррупциялык кылмыштар үчүн 2 премьер-министрди соттоп, эркинен ажыратышкан, алар - Серик Ахметов жана Акежан Кажегельди. Казакстандын мурунку премьери Серик Ахметов мамлекетке 8 миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген деген күнөө менен 10 жылга кесилип олтурат. Ал эми биздечи, бир эле обьекттен, ошол эле Бишкек ЖЭБден жүздөгөн миллион долларлар уурдалып, сол жакка кетип жатат, башкаларды айтпай эле коёлу. Анан ошого тиешеси барлар, Ж.Сатыбалдиевдин, К.Кулматовдун, С.Исаков, О.Артыкбаев, А.Калиев, жана ким болбосун мыйзамдуу жана адилеттүү жоопкерчиликке тартылбай жүрө беришсинби?! Алар зыян келтиришсе албетте жооп бериш керек. Жооп берүүдөн тышкары, алар жеген акчасын ордуна коюп бериши керек. Жок, андай эмес, алар суудай таза, айлыктан айлыкка эле жашашчу деген, аларга болушкан, жан тарткандарга айтат элем - жолуңар болсун деп.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити