- Жантөрө Сатыбалдиевдин, Кулматовдун, Исаков, Артыкбаевдин камакка алынышы коррупция менен күрөш чындап жүрүп жатканынан кабар береби же Атамбаевге тузак салуу аракетиби?

 

 

- Кыргыз Мамлекети кичине мамлекеттердин бири, бирок жаратылыш байлыктарга бай мамлекет. Суусу, жаратылыш ресурстары жок мамлекеттер деле өнүгүп жатышат. Мисалы, Түштүк Корея мамлекети бизге караганда жаратылыш байлыгы жок, а бирок карасаңар өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Анткени, аларда жеп ичкендерди катуу жазалайт, коррупцияга жол жок. Бир кезде алар да бизге окшоп 1950-60-жылдары артта калган өлкө болчу, аскердик тартиптеги президент келип, жеп ичкен чиновниктерди аттырган экен, эли алтындарын, акчаларын чогултушуп, Германияга барып иштеп, иштеген маянасынын көпчүлүгүн бюджетке которушуп экономикасын көтөрүшкөн экен. Биздикилер тапкан ташыганын казынага салбаса да,  камалган экс-чиновниктер жеп ичкени тастыкталса сөзсүз жооп бериши керек! 4 миллиард карызыбыз кайда кетти?! Эгерде ошол акчалар мамлекетти өнүктүрүүгө багытталса, элибиз тентип чет өлкөдө жүрбөйт эле! Ошон үчүн коррупция менен күрөштү Атамбаевге карата өч алуу деп  эсептебейм жана ага карата жасалып жаткан тузак деп да ойлобойм. 2010-жылы элдик революцияда канкор Бакиевдин бийлигинде атылган балдардын көрүстөнүндө А.Атамбаев “коррупцияга каршы күрөшөм, тууган, ДОС экенине карабайм, ичип жесе жоопко тартам”- деген! Эми жооп берсин да!

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити