- Сабыр байке, бүгүнкү маекти коррупциялык иштер боюнча камакка алууларга бурайын деп турам. Буга чейин коомчулук коорупция менен болгон күрөштөргө ичи чыкпай, “майда-бечек, орто-заарлар камалууда, акулаларга тиш сала албай жатат” дешип жаңы бийликти сындап келгенин билесиз. Эми минтип мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бажынын мурунку жетекчиси Кубанычбек Кулматов, депутат Осмонбек Артыкбаевдер камакка алынса “саясый куугунтук” деп чыккандар болууда. Коомдогу пикирлер тууралуу ой бөлүшсөңүз. Эл эмне деп атат?

 

- Эл оюнан кайткан жок. Уурулукту токтотууну, тазаланууну, жаңыланууну, өнүгүү жолуна түшүүнү талап кылып жатат. Менимче талап кылуу токтобойт, талап кыла беришет. Анткени жогорку кызмат орундарында иштешип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып байып, жоопко тартылбай манчыркап жүргөндөр толтура. Эл аларды көрүп-билип турат. Кыжырданып жатат. Андыктан Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү улантууга, акулаларды “крючокко” илүүгө мажбур. Антпесе элдин мүдөөсүн аткарыш, өзү ачкан –коррупционерлерден кайтарылган акчаларды сала турган- эсепти толтуруш, өнүгүп өсө турган жолго түшүш мүмкүн эмес.

 

Эми саясый куугунтук деп аткандар тууралуу... “Жаштар колдойт, жаштар колдоп атат, саясый куугунтук” деген, ж.б.у.с. сөздөр айтылды. Бир сыйра айтылып токтоп калгансыды. Атайын жалданган адамдар да бир эки сыйра айтып барып тынчып калышты. Анткени алар деле көрүп атышат да, канчалаган суммадагы каражаттар уурдалып, өлкөнүн келечегине балта чабылганын. Азыр соцтармактардагы бир ууч фейктер, анан “итаяк жалап” күн көргөн бирин экин адамды айтпаганда “саясый куугунтук” дегендер деле жокко эсе болуп калды. Ошону байкаган Алмазбек Атамбаев айласы куругандан, акырында өзү колдоп чыгууга мажбур болду го... Бирок элдин маанайы өзгөрө турган түрү жок. Тетирисинче дагы башка үлкөн ууруларды камакка алып кустуруу талаптары күч алууда.  

 

- Атамбаев: “Алар эмес мен жооп берем, алар чечим кабыл алган эмес, мына мен чечим кабыл алгам!”,- деп жар салды. Эми кандай болот? Жоопкерчиликке тартылышы керек да.

 

- Алмазбек Шаршенович Атамбаев (АША) кандай дегенде да чындыгын айтты десек болот. Себеби Сапар Исаков ж.б. эч кандай чечим кабыл ала албаган, колго суу куйуп, ляппай деп жүгүрүп жүргөн бир байкуштар экенин баарыбыз билебиз. Чечимдерди “жеке басар” өзү чеччү да. Албетте, Сапашка сыяктуу самынсыз көчүккө кирип кетчүлөр ар кандай шылуундук демилгелерди сунуштап, экс-президентти азгырып турушкан. Уурдалган акчалар деле түгөл бир чөнтөккө кирип кетпей, бөлүштүрүлгөнү айтылып жатат. Албетте, чечимди кабыл алгандар көбүрөөк, башкалары азыраак алышты да. Сорпосун ичкен да ууру демекчи, челек жалагандары да камалганы айтылууда. Андыктан, эми минтип, АША расмий моюндап, “мен кылгам” деп атса албетте жоопко тартуу керек.

 

“Мен чечкем” деген эмне деген сөз? “Мен кылгам, мен жегем” деп эле угулуп атпайбы. Чечкен адам жебегенде ким жейт? Же, желбесе ошончо жүздөгөн милиондогон долларлар кайда? Жер жуттубу? Сооронбай Жээнбеков - “ошону табам, ордуна койдурам, жоопко тартам” деп аракеттенип атпайбы. Ошон үчүн эл аны колдоп жатат. Бирок эми, экс-президентти жоопко тартыш оңой эмес, имунитети бар. Ал үчүн мыйзамды тууралап, өзгөртүү киргизилиши керек. Элибиз, депутаттардын басымдуу бөлүгү да Искак Масалиев менен Курманкул Зулушевдин экс-президенттен кол тийбестикти алуу сунушун жактырып жатат. Биз да бул демилгени колдоого алышыбыз керек деп эсептейм.

 

- Эми КСДПнын келечеги тууралуу маселеге кайрылалы деп турам. Чүй облусунун мурдагы губернатору, КСДПнын ветеран мүчөлөрүнүн бири Сагынбек Абдырахманов партиянын сьездин чакырып Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан кетирүү демилгеси менен чыкты. Бул демилге эмнеден улам чыгып жатат? Ишке ашышы канчалык реалдуу?

 

- КСДП партиясы 20 жылдан ашык тарыхы бар, элибиз менен бирге ысык-суукту бирге тартып келе жаткан партиялардын бири. Бул партия, негизинен ар-дайым эл тарабында болуп, чындыкты сүйлөп, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келген партия. 2010-жылдан бери бийлик партиясы аталып, Кыргызстанды башкарып келди. Азыр деле бийликте турат десек болот. Анткени ал партиянын талапкери президент болуп шайланды, КСДП фракциясы башкаруучу коалицияда турат. Бирок, партия бөлүнүп-жарылып Акаевдин, Бакиевдин тушундагы бийлик партияларынын, “Алга Кыргызстан” партиясы менен “Ак Жол” партияларынын кейпин кийгени турат. Партия ичиндеги карама-каршылыктар чектен ашып, ушундай кырдаалга кептелишине биринчиден Алмазбек Атамбаевдин амбициясы жана КСДП бийликте турган мезгилде мурдагы бийликтерди ириткен ууру-кескилердин партияга толуп алышынан болду деп эсептейм.

 

Сагынбек Абдырахманов сыяктуу, ондогон жылдар боюу партияга кызмат кылып келген ардагер соц-демократтардын ушу кырдаалга жаны кашайып, КСДПнын тарыхтын свалкасына кетишине мойун суңгулары келбей, сактап калуу аракеттерин көрүп жатат. Эгерде партия тазаланбай, Алмазбек Атамбаев саясый кеңешке жыйнап алган ууру-кески, жагымпоздор менен кала берсе, партиядан шайланган депутаттар, активдүү таза мүчөлөрү өзүнчө башка желек алдына кетип калса, бир ууч тобу менен калган Атамбаев “Ак Жол” партиясынын кейпин кийееринде шек жок. Бирок АШАлар ыпылас технологияларга, акчага таянып саясый аренада кала беребиз деп көгөрүп жатышат. Алар партияны кара-жандарын калкалоочу калкан катары колдонууну, кайрадан ушу партия аркылуу бийликке келүүнү, келип алып, коррупцияны кайрадан гүлдөтүп, жыргал турмуштарын улантууну көздөп аракеттенишүүдө. Бирок андай болбойт. Мына азыр эле бул партияда эч ким калган жок. Коррупционер шакирттерин колдоп чыга койом деген АША элди ого бетер жийиркентип алды. Элдин казынасынан уурдалган акчаны элге чачып, сатып алабыз деген аракет ишке ашпайт. Элдин кыжыры келип, тескери кылып таштайт.

 

Ал эми эски партиецтердин аракетин АШАдан түңүлгөн фракциядагы депутаттар колдоого алса партияны акыр-чикирден тазалап, сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Биринчиден бул кыргызстандын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет. Партиялардын “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” сыяктуу кожоюндары менен “кошо өлүү” процеси, эртең менен тура калып эле жаңы партия кура калмай адаттарыбыз токтоп, партиялык курулушта жаңы салт башталат. Экинчиден партиядагылар көрүнгөн эшикти сагалап, “жаңы тизме түзөт элек” деп бириндеп, мандат соодалоо процесстери ириңдеп, күчөбөйт.

 

Партияда көптөгөн жылдар бою биргелешип, ымалалашып иш жүргүзүп калган саясый коллективдин сакталышынын өзү эле чон жеңиш десек болот да. Андыктан КСДП фракциясы, партиянын белдүү мүчөлөрү, керек болсо ушу партиядан агарып-көгөрүп аткан Сооронбай Жээнбеков да бул маселеге кайдыгер карабай ойлонушу, аракеттенүүлөрү керек деп ойлойм.

 

Негизи, Сагынбек Абдырахманов колдоого татырлык демилгени көтөрүп жатат. Жаңы салт баштап, эгемендик жылдарынын башынан бери келаткан партияны сактап калуу өтө зарыл, өтө маанилүү иш десем жаңылышпасам керек. Антпесе “крышасы жылып” аткан АША кашында калган бир эки жардамчысы менен шайлоодо ит болот, партияны “свалкага” ала кетет.

 

Мына, 2020-жылкы парламенттик шайлоого бир жылдан ашык эле убакыт калды. Самсаалап талаада калышаары айкын болгонун көрүп-билип туруп аракеттенбеген КСДП фракциясынын жетекчиси, партиянын ветераны Иса Өмүркуловдун көз карашы түшүнүксүз болуп атат. АШАнын акыркы чакыруусунан баш тартып, ат куйругун чорт кескен Иса Шейшенкуловичти КСДПнын тагдырына кайдыгер деп кантип айта алабыз.

 

- КСДПнын борбордук штабы экс-губернатордун эбак партиядан чыгарылганын, ошондой эле сьезд чакыруу укугу партиянын саясый кенешинин прерогативасы экендигин айттып жатат. Сиз кандай дейсиз?

 

- Партия деген элдик кыймыл. Бул частный кооператив же акционердик коом, АШАнын жеке фирмасы эмес. Уурулар саясый кеңешке толуп алып, уставга оюна келгенди жазып, катардагы партиецтерди адам катарынан чыгарып, аларды чогулууга, сүйлөшүүгө, чечим кабыл алууга тыюу салганды уставына жазып алышса эле алар айткандай боло бербейт. Мыйзам бар, Минюст бар. Керек болсо конституцияны кайра-кайра жазган кыргыздарга ошо кеп бекен. Ал АШАны тегерегине чогулган уурулардын кылганы. Алар өз кызыкчылыктарына партияны каалашынча колдонуу үчүн, ошол учурда катардагы партиялаштар тоскоол болбошу үчүн уставга ошондой өзгөртүүлөрдү киргизип атышпайбы. Мурдагы уставда андай чектөөлөр жок болчу.

 

Анүстүнө КСДПнын сьезди да, керек болсо АШАнын кайра шайланышы да легитимсиз болуп калды. Жер-жерлерден шайланган делегаттарга сөз бербей, сьездге киргизбей, тизмеден чийип, керектүүлөрдү тизмеге каалагандай кошуп алып өткөргөн сьезд легитимдүү болмок беле?

 

Социалдык теңдик менен демократия деген сөздөр партиянын аталышына жазылган партиянын кылганы атына шайкеш келиш керек да. Андыктан жер-жерлерде конференцияларды өткөрүп, делегаттарды шайлап, оппозиция жыйылчу гостиницага  тыгылбай, опера-балет театрына партияны негиздегендерди, Кыргызстандын коомчулугунан кеңири меймандарды чакырып сьезд өткөрүп, маселени кабыргасынан коюп, АШАнын отчетун угуп, устав менен башкаруу структурасына анык демократиялык нормаларды киргизип партиянын жаңы программасын кабыл алып, КСДПны сактап калуу керек. Анан ошо жерден болгон былыгы менен кылыгын бетине айтып туруп төрагалыктан кетирүү керек. Элге бети күйгөн АША сьездге келе деле албайт болуш керек. Ошондой чындыкка тике карай алышса, тазалануу жүрсө партияны негиздегендер, кетип калгандар кайта келишет, партиянын катары да, кадыр баркы да өсөт.

 

 

Маектешкен Нургазы Анаркулов «Майдан.kg» гезити