Н.Түлеевдин пикири боюнча, ушунун өзүнөн эле Жогорку соттун курамын толугу менен өзгөртмөйүн, баары эскиче кала берерин түшүнсө болот. “Чын, Саляновага карата кечээ чыгарылган чечим уят иш. Тергөөчү тизесине коюп алып жазып чыккан иш тергөө маалында эле талкаланып жок болушу керек эле. Мен муну эки эсе уят дээр эле, анткени, Салянованы соттоо үчүн башка реалдуу бир топ себептер бар болчу. Азыр жуз берип жаткан көрүнүштүн башында Салянова өзү тургандыгын унутпайлы. Анын түздөн-түз демилгеси менен ондогон иштер козголгон, кылмыш иши ачыла электе эле соттордун чечими даяр болгон. Мына ушинтип жүрүп ал Атамбаевдеги ажыдаарды ойготууга түрткү болду. Ал мыйзамды жана сотторду каалагандай калчап, иштерди жасалмалоого болорун үйрөттү. Менин терең ишенимимде, Атамбаевге жакпаган адамдарга карата козголуп, бирок, көп өтпөй талкаланган кылмыш иштери боюнча алдын-ала макулдашуулар болгон. Менден опузалап бирдеңке өндүрүүлөр биринчи күндөн башталганын айткам. Мен буга барган жокмун, а башкаларчы?”- дейт экс-мэр.
Нариман Түлеевге башында кылмыш иши козголгондо Салянова менан Атаханов парламентте кыйкырып чыккан жайгдайлар боюнча тергөө эч далил таба албагандыктан, таптакыр башка жаатта ишти жасалмалашкан. “Жогорку сот мени камактан бошотуу чечимин кабыл алганда Салянова бошотуп, кайра башка иш менен кармаганын айткан. Андай болгон эмес. Бизди бошотпой эле СИЗОдо кармап олтурушкан. Салянованын далай калптары жаңырды го депутаттардын алдында. Мына ошол “чындык үчүн күйгөн” Салянованын кадры, тергөөчү Салиев мыйзамдарды жана Конституцияны бузуу менен мүлктөрдү рейдерлик басып алууларга жол ачты. Мурда соттолгон каракчы кантип Башкы прокуратуранын башкармалык башчысы жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп алган? Эмнеге бул жагдай аликүнчө иликтенген жок? Мына дагы бир мисал, 2012-жылдын октябрында Маммүлк фондусунун төрагасы Турсун Турдумамбетов эки айга камакка алынган болчу. 31-декабрда кечки 9дар чамасында, Бишкек шаардык соту Турдумамбетовдун баш коргоо чарасын өзгөртпөсө да, убактылуу кармоочу жайдан аны прокуратуранын кызматкерлери чыгарып кетишкен. Абакта ошол замат бул кишини жарым миллион долларга бошотушканы тууралуу ушак желдей аралады. Мен тергөөчү эмесмин, укканымды айтып жатам, бирок, Турдумамбетовдун кандай тартипте бошотулганына компетенттүү органдыр кызыгып койсо болот да”,- деп сөзүн улантты Түлеев.
“Ушул күнгө чейин Азиз Батукаевдин камактан кимдердин көмөгү менен бошотулганы толук айтылбады. Бирок, Салянова паралментке келип, прокурордун аны бошотуу чечимин коргоп, калкалаганын билебиз. Бандиттер, террористтер жөнүндө сөз болуп калды, анда кантип өмүр бою абакка кесилген Итибаевдин ҮЧ ирет аминистияга тушугуп калганын эстебейли! Прокуратура эмнеге мунун баарын көзөмөлгө алган эмес? Кызыкчылык болбосо, мындай нерселер жөн эле көз жаздымдан чыгып кетиши мүмкүн эмес. Башкы прокуратуранын ал кездеги кадр саясаты, сатып алуулары жаатында да суроолор көп болчу, жообу азыр да жок. Бирок, Салянова өмүр бою таксист болуп иштеген атамын “Эмгек сиңирген мелиоратор” наамына жеткизип, персоналдуу пенсионер кылып койду. Кызматтык унаасы люкс-класста, ала да туугандарынан сатып алынган. Аида Салянова башпрокуратураны Нарымбаев, Салиев, туугандары менен биригип жеке күркөгө айлантып алган болчу. Мунун баары акыры күйөөсүнө кылмыш ишинин козголушу менен жыйынтыкталды. Мунун баары коомчулукка кеңири белгилүү иштер. Дал ушул мыйзамсыздыктар боюнча эле Салянованы соттошсо болмок. Бирок, андай болгон күндө Атамбаевге да кара так түшүп каларын сезишип, аны азыр соттоп жаткан ишти ойлоп табышкан. Мен ишенем, Салянова кылгандарына эртедир-кеч жооп берет. Эркиндикте жүрүп алып, куугунтук тууралуу сүйлөбөй эле койсун. Спецназ менен үйлөргө кирип барып, саясатчыларды, депутаттарды кантип камакка алышканын, кичинекей балдардын үрөйүн учурганын унутуп калса керек?! Жогорку соттун чечими абсурд, бирок, мунун баары Салянова түптөгөн система. Ошол система эми өзүн жеп жатат. Негизи, мындай болбошу керек, адам баласы реалдуу күнөөсү үчүн жоопкерчиликке тартылышы шарт”,- деп жыйынтады Түлеев.