Башмыйзамыбызга ылайык, биздин экс-президенттер кандай иштегендигине карабай, эл менен мамлекетке пайдалуу иш жасадыбы же тескерисинче экономиканы алсыратып, элди жакырчылыктын сазына батырып койгондугуна карабай, кол тийбестик укугуна ээ.  Бул деген өмүр боюу мамлекеттин эсебинен үй-бүлөсү менен кошо каржыланып, жансакчылар кайтарып, мурда-кийин жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылбайт дегендик. Бирок сыягы, экс-президент А.Атамбаевдин кол тийбестик укугу алынат окшойт. Анткени өткөн жумада парламенттеги Бишкек ЖЭБин модернизациялоо маселесине байланыштуу токтомуна экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу сунуш да кирип, колдоого ээ болду. Бул сунуштун демилгечиси, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев болуп саналат. Ал: “Кыргызстандын экс-президенти” деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек”- деген пикирин буга чейин эки жолу билдирген. 10-майда парламентте сүйлөп жатып ал ЖЭБди модернизациялоого экс-президент А. Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган болчу. Ошентип А.Атамбаевдин кол тийбестик укугу алынса, анда мамлекетти башкарган алты жылдын аралыгында жасаган кылмыштары үчүн жоопко тартылмакчы. Ага эң алгачкы “сюрприз” ушул эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоого деп Кытайдан алган 386 млн. доллар жана бул акчанын кайда жумшалгандыгына жооп берүүгө туура келет. Алыда “Датка-Кемин” электр чубалгылары, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу да бар.

 

 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити