Редакциядан: Өткөн бийликтин зомбулук, алдамчылыгына, өлкөнү тышкы карыз, олчойгон коррупцияга батырганына көз жумбай, убагында чындыкты айтып чыккан “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин беш мүчөсү камалып, соттолгонуна эки жыл толду. Эске салсак, Б.Талгарбеков жана Т.Колубаев 14 жылдан, М.Султанов 10 жылга кесилишип, ал эми Т.Калматов, А.Гусев 6 жана 5 жылга шарттуу жаза алышкан. Алар учурда Жогорку сотко кайрылганы турушат. Биз коомдук ишмер, экс-министр Бекболот Талгарбековго адвокаты аркылуу суроо узаттык.

 

- Сиздерге “бийликти күч менен басып алышмак” деген күнөө тагылган эле...

 

- Мурдагы бийликтин тушундагы саясий куугунтуктар келечекте Жогорку Кеңеште кеңири талкууланып, олуттуу чечимдер кабыл алынышы зарыл. Президент Алмазбек Атамбаевдин кыйраткыч, былык иштерин ачык айткандарды жалган жалаа менен камап, соттоп жиберүү – конвейер ыкмасына салынганы учурда жалпыга маалым. Бир фильм эсиме түштү. Румыния өлкөсүн басып алышкан немис фашисттери (1942-ж.) бир кафедеги артистти СССРдин шпиону деп шектенип калышат. Бирок, таасын далил болбогондуктан камай алышпайт. Аттиң, ошондо биздин коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев болсочу! Ал үчүн камакка алуу - чемичке чаккандай эле иш болчу. Бизди да бир сексоттун бир ооз жалаа сөзү менен камап, соттоп салышпадыбы. Сегизбаевге салыштырмалуу фашисттерде анча-мынча мыйзам түшүнүгү болгон тура. Атамбаевдин кылмыштуу банда мүчөлөрү мыйзамды тебелеп-тепселеп, ага какырып-түкүрүп көнүп алышкан. Мына, биздин бирикмеде болгону 105 мүчө болгон. Ошолордун ичинен экөөбүз гана (мен жана Т.Колубаев) бийликти күч менен басып алмак экенбиз. Калган 103 мүчө “аңкоолор” имиш. Эч нерсе билбей-сезбей жүрүшүптүр. Экөөбүздө боевиктер тобу, курал-жарак жана башка каражаттар болбосо, анда бийликти кантип басып алабыз? Бул – абсурд да! Дагы бир жагдай. Биз тергөөчү, прокурор, соттордон кызыгып сурадык: “кайсы бийликти басып алмакпыз?”- деп. Өздөрү эч нерсе түшүнүшпөйт, жооптору “күңк-мүңк”. Себеби, КР Конституциясына ылайык, мамлекеттик бийлик үч бутакка бөлүнөт. Алар - аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтери. Анда, Колубаев экөөбүз кайсы бийликти басып алмакпыз? Өкмөттүбү, Жогорку Кеңештиби же Жогорку соттубу? Кайсы бийлик бизден коркуп Сегизбаевге даттанды? Мына, ХХI кылымда, эркин Кыргызстандагы тергөө, прокуратура жана сот тармагындагы бет тырмаарлык, зомбулук, “беспредел”! Айта кетсек, биз ишибизге тиешелүү тергөөчү, сотторго алдын-ала эле ишенген эмеспиз. Алар эбак эле Атамбаев, Сегизбаевдердин “баш кесерлерине” айланышкан. Ошентсе да, балким, көзөмөл органы болуп саналган прокуратура тармагы адилет болоор деген үмүт бар эле. Ал үмүтүбүз таш капты. Прокурорлор да банда мүчөлүгүнө тыкыр тандалыптыр. Адилеттүүлүктүн учкунун да көрбөдүк. Соттук териштирүүдө баштарын катып, перерывда “биз кичине адамдарбыз, өйдө жак чечет” деп ачык эле айтып жатышты. Өкүм чыгаарда “ак” же “көк” деп бир ооз сөз айта алышпады. Сот практикасында мындай жагдай болбоптур. Болгону прокурор ордунан туруп, бешөөбүздү бир сексоттун арызына ылайык 120 жылга соттоону суранды. Ар бирибизге орточо 24 жылдан мөөнөт экен. Бул мөөнөттүн өлүм жазасынан эмне айырмасы бар?! Мына, жаңы баш прокурор Ө.Жамшитовго мурдагы коллегасы И.Жолдубаеванын калтырган “мурасы”.

 

- Атамбаев, Сегизбаевдер сиздерди камоого эмне үчүн кызыкдар болушкан?

 

- Биздин бирикмесинин максаты – өлкөдөгү курч маселелерди көтөрүү болчу. Алгач көп маселелерди талкуулап, өлкөбүздүн өсүп-өнүкпөй, артка кетип жатканынын башка себебин аныктадык. Ал – президент Атамбаевдин элге, мамлекетке карата тоодой кыянатчылык саясаты жана иш-аракети эле. Ал учурда Атамбаев маалымат айдыңында үстөмдүк орнотуп, өзүн ай-күнгө теңете мактатып, элди алдап турган. Анын бийлик учурундагы толгон-токой ыплас иштер (тышкы карыздын эбегейсиз өсүшү, коррупциянын гүлдөшү ж.б.) жаап-жашырылып келген. Келечегин ойлоп санаага баткан президент 2016-жылы жазында “мураскер” планын иш жүзөгө ашырууга киришет. Ал план боюнча кезексиз президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда Сегизбаев жеңип чыкмак. Бирок, биздин Москвадагы генерал досторубуз бул планды алдын-ала билишип, Кремлге “доброго” барган Сегизбаевдин “тарыхый жүрүшүн” үзгүлтүккө учуратышкан. Москвадагы генералдар (мурдагы биздин жарандар) ошондой эле Кыргызстандын бюджетине суук колдорун салышып, ири өлчөмдө акча жеп жатышкан Атамбаевдин достору – Россия бажы кызматынын жетекчиси А.Бельяниновдун, “Русгидро” компаниясынын башчысы Е.Доддун үстүнөн кылмыш иштерин ачтырышкан. Ошентип, эгер “Элдик парламент” бирикмеси ишин уланта берсе, анда өзүнүн чыныгы жүзү ачыкталып жана былык-чылык иштери чубап чыга берээрине көзү жеткен Атамбаев бизди каматып, соттотуп гана жагдайды жөнгө салаарына көзү жетет. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, 2016-жылдын 12-майында эртең менен Атамбаев А.Сегизбаевди коопсуздук кызматынын төрагасы кызматынан бошотуу боюнча жарлыгын чыгарат. Бирок ал дароо жарыяланбай, аппарат кызматкери аркылуу Сегизбаевге көрсөтүлөт. Сегизбаев маселенин төркүнүн терең түшүнүп, “ва банкка” барып, түштөн кийин бешөөбүздү каматат. Ыраазычылык катары жарлык тытылат. Абдил өз креслосун сактап, кийинки саясий камоолорго баш оту менен киришет (Ө.Текебаев, С.Жапаров, К.Исаев ж.б.). Эгер ал жарлык чыкпаган десе, анда сотто өзү жоопкерчиликти алат.

 

- Сиздерди “региондор аралык мамилелерди козутушкан” деген берене боюнча да соттошкон экен...

 

- Бизди камап, соттогон тергөөчү, прокурор, соттордун бул маселедеги иш-аракеттери келечекте (адилеттүүлүк орносо) Жогорку соттун бир пленумунда атайын каралууга тийиш. Бул айып эмнеден келип чыккан? Анткени, эгер “бийликти күч менен басып алуу” жалаасы ишке ашпай калса, анда “запасной вариант” керек болгон. Сегизбаевден тапшырма алган УКМК кызматкерлери алты барактан турган “Элдик парламенттин” кайрылуусун даярдашып, аны өздөрү тандаган эксперттерге табыштап, “регион аралык араздашууга түрткөн шек бар” деген бүтүм чыгарышат. Тапшырманы “сонун аткардык” деп рапорт беришип, прокурорлорго кол чаптырып, сотко өткөрүп салышат. Соттук териштирүүдө шумдук жагдайлар калкып чыгып, тергөөчү, прокурор, соттор шерменде болушту. Айрымдарына токтололу.

 

Биринчи - “Элдик парламенттин” кайрылуу тексти жасалма экени далилденди. Анысы да каталарга жык толгон, УКМК кызматкерлеринин деңгээлин көрсөтүп турат.

 

Экинчиси - эксперттерге менин 2013-жылы “Арена” гезитине берген “Атамбаев – миң жылда бир келчү кырсык” деген маегимди да беришкен экен. Алар: “ал маекте мыйзамсыз эч нерсе жок, баары туура” деп корутунду беришет. Ал эми тергөөчүлөр айып койгон “регион аралык мамилелерди козутушкан” деп “далил” катары алынган цитаталар дал ошол маектен жүз пайыз окшош алынганын байкабай калышат.

 

Үчүнчү - мыйзамга ылайык, адистер “эксперт” деп аталыш үчүн атайын сертификатка ээ болушу зарыл экен. Ал эми “Элдик парламенттин” материалдарына корутунду бергендер “эксперттер” эмес, болгону “адистер” болуп саналаары тастыкталды. Муну “эксперт” деп тандалгандар да моюнуна алышты. Демек, алар “корутунду” эмес, “пикир” гана бере алышат экен.

 

Төртүнчү - өлкөбүздө “соттук-медициналык экспертиза” боюнча гана мыйзам жана ага ылайык атайын Жобо кабыл алынып, иштелип келе жатыптыр. Ал эми “саясий экспертиза” боюнча мыйзам да, Жобо да жок экен. Аны адистер: “он жылдан ашык бул маселени көтөрүп келе жатабыз, бирок чечилбей келе жатат”- дешип, ыйламсырап сотто айтып беришти. Демек, биздин материалдарга жасалган баардык “эксперттик корутундулар” мыйзамсыз экен.

 

Бешинчи - эгер “соттук-медицина экспертиза” мыйзамын карасак, коюлган күнөөлөр “толук такталган же божомол жыйынтык” деп аталып, биринчи жыйынтыкка гана өкүм чыгат экен. Ал эми бизге келген “эксперттер” бир ооздон “регион аралык мамилени козутуу фактысы толук такталган деп айтууга эч негиз жок” деп кесе айтышты. Бирок тергөөчү, соттордун өздүк “божомолдору” мыйзамдан өйдө турат экен.

 

Алтынчы - “регион аралык мамилелерди козутмак” деген биз келтирген цитаталар толугу менен президент А.Атамбаевдин сөздөрү экени сотто фактылар (видео, гезиттер) менен далилденди. Эске салсак, биз Атамбаевдин “Таластын эли эл эмес”, “нарындыктар заараңар менен Нарын дарыясын булгап жатасыңар”, “ысык-көлдүктөр каракчылык кылышат”, “жалал-абаддык баатыр энелер ОБОН мүчөлөрү, катындар”, “Султан Ибраимов менин кадрым Икрамжан Илмияновдой эле шоопур болгон” деген сөздөрдүн сындаганбыз. Мына ошол Атамбаевдин сөздөрүн жазганыбыз үчүн сот М.Термечиков мени, Султанов, Колубаев үчөөбүздү 5 жылдан кесип жатпайбы! Буга байланыштуу сотто илим доктору А.Жусупбеков: “ал сөздөр үчүн булар эмес, Атамбаев соттолушу керек!”- деп агынан жарылды.

 

Жетинчи - “регион аралык мамилелерди козутуу” беренеси боюнча УКМК же Башкы прокуратура бизге кылмыш иш ачкан эмес. Ачылбаган кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан практиканы биздин адвокаттар да, убагында Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп иштеген М.Султанов да өмүрү көрүп - билишпептир. Атамбаевдин банда мүчөлөрү чексиз көпкөндүктөн соттоп салуудан мурда кылмыш ишин ачып коюудан да эринишиптир! Жыйынтыктасак, “Термечиков феномени” деген мыйзамды зордуктап, анан муунтуп өлтүргөн сот практикасы жогорку окуу жайларында сабак темасына киргизилсе - келечектеги сот реформасына чоң салым болоор эле.

 

- Алгач камалганда сиздердин телефондук сүйлөшүүлөр КТРК жана башка ММКлар аркылуу байма-бай берилип, коомчулукта терс пикир жаралган эле...

 

- Тарыхты барактасак, баардык алдамчы, ууру бийликтер маалымат террорун кеңири колдонгонун көрөбүз. Атамбаев бийлиги башынан эле ошондой жолго түшкөнү бүгүн эч кимге сыр эмес. Маалымат террору бизге да кеңири колдонулду. Мисал келтирели. Менин досум менен сүйлөшүүбүздү жаздырып алышкан. Анда мындай маанидеги диалог бар: “Досум: “Москвага барып келипсиң. Биякта сөз жүрүп жатат - “Акаев менен Бакиев жолугуптур” деп. Ошол чын бекен?” – Мен: “Жок”.  Досум: “Эртен жолугалыбы?”, мен: “Ооба”.  Эми ушул диалогдон бийликтин пропаганда машинасы экинчи жана үчүнчү абзацты алып салып, биринчи суроого “ооба” деген жоопту калтырып, “мына Талгарбеков Москвада Акаев жана Бакиев менен жаңы революцияны даярдаган” деген пикирди элге таңуулап жатат.

 

Экинчи мисал – Султановдун бир таанышы менен сүйлөшүүсү. Таанышы мурда берген акчасын сураса, Султанов: “Эки-үч күндө Москвадан акча келет, күтө тур” деп жооп берет. Сегизбаевдин конторасы: “мына жаңы төңкөрүшкө акча келмек” деп коомчулукту дүрбөлөнгө салат. Сотто бул жеке карым-катнаш мамиле экени кынтыксыз далилденди. Үчүнчү мисал. Сегизбаевдин жыйырмадай кызматкерлери биздин артыбызга түшүп, ар түрдүү провокация уюштурган. Алардын бири Колубаевди: “Атамбаевди сындаганды токтотпосоңор тизеңди талкалай атып салабыз” деп коркутат. Колубаев өз таанышы менен сүйлөшүп жатып: “эгер провокациясын токтотпосо, анда Сегизбаевдин өзүнүн тизесин талкалай атам” деп ачууланат. Ошону кайра-кайра айгайлашып, “Колубаев мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салууну пландаган” деп, коомчулуктун үшүн алып жатышты. Сегизбаевдин жүрөгү түшүп калган имиш. КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эгер Колубаев Сегизбаевдин жеке өзүнө телефон чалып, “сени өлтүрөм” деп коркутса, анда анын бул аракетине укуктук баа берилсе жарашмак. Мына ушундай жасалма, бурмаланган майда фактылар менен Атамбаев бийлиги чоң саясат жасап, маалымат террорун кеңири колдонуп, оппоненттерин камап, соттотууга кыныгып алганы бүгүн жалпыга белгилүү.

 

- Сиз учурунда Сооронбай Жээнбеков менен үзөңгүлөш иштеп, жакшы мамиледе жүрдүңүз эле. Ал президент болгондо абактан бошотуу боюнча кайрылдыңызбы? Деги эле анын иш-аракеттерин кандай баалап жатасыз?

 

- Кайрылган жокмун. Жээнбековдун мурдагы предиденттен айырмасы эмнеде? Атамбаев жалпы элге кооз, бал сөздөрдү көп айтчу. Бирок конкреттүү бир адамга келгенде: “ал мени жактайбы же мага каршыбы?” деген принципти туу тутчу. Мактагандарды көтөрмөлөп, сыйлап, ал эми сындагандарды басмырлап, куугунтуктап алчу. Жээнбеков андай адам эмес. Ал бирөөсүн “бошот”, экинчисин “бошотпо” деп буйрук бербейт. Ал эми анын иш-аракеттери, өзгөчө соттордон адилет иштөөсүн талап кылышы, коррупцияга чыныгы күрөш ачышы элдин колдоосуна ээ болууда. Ооба, мурда Акаев, Бакиев бийликтери коррупция алдында чабалдык кылышкан. Ал эми Атамбаев мамлекеттин өзүн башкы коррупционерге айлантып албадыбы. Анын баардык иш-аракеттери, долбоорлору (Бишкек ТЭЦин оңдоо, “Датка-Кемин” ЛЭПти куруу, экинчи “Ош-Бишкек” жолу, бажыдагы, энергетикадагы ири уурдоолор ж.б.)  коррупциянын накта чордону экени далилденип жатат. Атамбаевдин коррупциясыз бүткөрүлгөн бир долбоору барбы? Ким көрсөтүп бере алат?! Атамбаевдин долбоорлору боюнча учурда ондогон аткаминерлер сурак берип, камалышууда. Ал эми экс-президенттин жоопкерчилиги качан каралат, алиге белгисиз. Атамбаевдин кыргыз элине кылган кылымга тете кыянатчылыгы эмнеде? Ал мамлекетти башкы ууруга айлантып гана койбостон, анын башкаруу системасын толук талкалап, өзүнүн арамза, алдамчы, жүзүкара идеологиясын, саясатын баардык деңгээлге терең сиңирип кетти. Атамбаев кыргыз мамлекетинин дөңгөлөгүн алты жыл катары тынымсыз тескери айлантып келди. Жээнбеков болсо ал дөңгөлөктү токтотконго саясий эрки, күчү жетти. Эми аны алдыга тегерете алабы, кандай арышта тегерете алат – булар жалпы эл көптөн күткөн суроо-үмүттөр.

 

- Алдыдагы кадамдарыңыз кандай болот?

 

- Биз Жогорку сотко аппеляциялык арыз менен кайрылууга даярданып жатабыз. Андагы соттор учурда заман өзгөрүп жатканын туюп-сезип, кылмыштуу иштер эртели кеч ачыкка чыгаарын билишет деген үмүттө турабыз. Биз толук акталып чыгаарыбызга ишенебиз. Эркиндикке чыккан соң эки жыл мурда токтотулган иштерди кайра жандантабыз. Алардын бири – каргашалуу июнь (2010-ж.) окуяларын терең териштирип, саясий-укуктук баа берүү болчу. Ал кезде “Элдик парламенттин” активдүү мүчөсү, белгилүү тарыхчы жана жазуучу, профессор Токтобай Мүлкүбатов бул маселени демилгелеп, көтөрүп чыккан эле. Бирикме атайын комиссия түзүп, тең-төрагалыкка ал жана Россияда жашап-иштеп жүргөн жердешибиз, генерал Бахтияр Алиев бекитилген. Токтобай агайыбызда июнь окуялары боюнча олуттуу маериалдар болгон. Мисалы, эр жүрөк журналист Ырысбек Өмүрзаков терең изилдеген китебинде каргашалуу июнь окуялары агездеги убактылуу өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри А.Атамбаев жана өзбек сепаратисттери (К.Батыров ж.б.) тарабынан биргеликте алдын-ала даярдалып, ал жаңжалды “беш-алты кыргыз идиоттору өлсө эч нерсе болбойт, жардам көрсөтүп туугандарынын ооздорун жабабыз” деп Атамбаев өзү баштатканын айныксыз далилдеген фактылар бар. Бул боюнча Өмүрзаковду журналисттерди куугунтуктаганга маш болуп бүтүшкөн агездеги президент А.Атамбаев да, анын жасоолу, башкы прокурор И.Жолдубаева да сотко даап бере алышкан эмес. Россияда Б.Алиев да бир нече генералдарды (Кыргызстандык мурдагы жарандарын) ишке тартып, алар да фактыларды чогултуп жатышкан. Мисалы, ал ишке көмөктөшүүгө космонавт Салижан Шарипов да макулдугун берген. Мүлкүбатов-Алиев комиссиясы такталган, жыйналган фактылардын негизинде А.Атамбаевге жана өзбек сепаратисттерине “адамзатка каршы тукум курутуучулук (геноцид)” айыбын коюп, кылмыш ишти Гаага шаарындагы (Голландия) эл аралык сотко өткөрүүнү пландап жаткан. Агезде Атамбаевдин жүрөгү түшүп, бул маселе анын бизди каматуу чечимин ылдамдаткан. Өткөн жылы болсо, биз камакта жатканда, 68 жаштагы Т.Мүлкүбатов дүйнөдөн кетти. Ал бир аз мурда эле биздин сотто көрсөтмө берип кеткен, ден-соолугу жакшы болчу. Биз анын табышмактуу өлүмүн сөзсүз иликтейбиз. Ошондой эле, каргашалуу июнь окуяларын иликтөө комиссиясынын ишин жаңы дем менен улантып, жыйналган, такталган материялдарды Гаагадагы эл аралык сотко өткөрүүгө баардык арактеттерди көрөбүз.

  •  

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg”